Рахат АМАНОВА: “АДИШ БАКШЫ”
Боз үйдүн ичи очоктогу оттун жалынынан кызыл-күрөң түстө кубулуп, сол капшытта жерге салынган төшөктө өлүк-солук жаткан келиндин купкуу жүзүнө кызыл жүгүрүп калгандай көрүнөт. Коюу түндүн кучагындагы айыл ээн. Боз үйдүн түндүгүнөн чыккан оттун жарыгы бийик тоолордун койнунда жалгыз өзү жылтылдайт. Ортодогу жөлөңгүчтүү чоң жыгач күрсүдө олтурган бакшы тизесиндеги тестиердин бешенесинен жыттап ойлуу. Эшиктен келиндин күйөөсү кирди.
— Аке, сиз айткандай отузга чамалап калгандарынан тартып, эр ортонуна таяп калган эркектерди тандап чакырттым. Он сегиз суудан бүт келишти.
— Айтылгандардын баары келдиби?
— Ооба, аке. Өзүбүздүн Күң-Электен баштап, Ак-Чий, Жерге-Тал, Көлдүк, Чий-Талаа, Кайыңды, Терек менен Калтатайдан, нары жактагы Сары-Таш, Нура, Ак-Босого менен Кичи-Каракол, Чоң-Караколдон бери жакта Таргалак, Аскалы, Согонду, Мурдаш менен Бүлөлүдөн айттырган жигиттердин баары келди.
— Атаңгөрүү, согуш болбосо, ушул турган Күң-Элек менен эле Акчий, Калтатайдын көкчөлөрү чогулса бир ордо болуп калат эле. Албан-субандай жигиттер набыт болуп кетпедиби.
— Ошону айтсаңыз, аке.
— Жакшы. Улуураактарынан он чактысы кирсин. Айтып кой.
— Азыр.
Эшиктен он чакты киши кирип, амандашып, төр жакка өтүп, уй мүйүз тартып отурду. Курч көздөрү панардай жанган, олбурлуу денеси окторулуп турган Адиш бакшынын бүркүт кабагы алдемедей эле. Киргендерди бир сыйра тигиле карап алып сөз баштады:
— Балдар, төшөктөгү келиним же нарыда жок, же бериде жок өлүк-солук жатат. Мынабу уулу бизден үмүт этип олтурат. Бүгүн ушул балам үчүн бир жакшылык кылалы эми. Аркы жакка моюн сунуп калган кишини алып келиш оңой болбойт. Коркуп-нетип, чочуп калбайын дегениңерди кармабайм. Эгер баарыңар макул болсоңор баштайлы.
— Адиш аке, чабарман жигит түшүндүрүп айтты. Биз да бир чечимге келип макулдашып келдик. Эч ким кетпейт, аке. Айта бериңиз, кулак сизде, – деди эр ортонунан өтүп калган балбан киши.
— Анда мындай кылабыз, балдар. Атасы менен баласы келиндин жанында, үйдө болушат. Силер чыгып үч катар ийиндешип, боз үйдү курчап турасыңар. Анан мен баштайм.
— Аба, айылда бала-бакыранын тентектери бекинип калган жокпу? Бала да, жайлоодон кызыгып качып келбейби? – деп отуздан эми өткөн ак саргыл, көздөрү тик караган жигит сурап калды.
— Жок, калган жок. Катын-калачтын баары бала-бакыраны алып жайлоодо. Аксакалдар ал жакты көзөмөлгө алат. Байбичелер бар. Күң-Элекке бүгүнчө эч ким келбейт. Эки жакка көз салган мергенчи жигиттер бар.
— Макул, аба. Түшүндүм.
— Балдар, анан жин атмай келгенде боз үй ордунан көтөрүлөт. Үзүк-туурдуктар сыйрылат. Түрдүү үн угулат. Кыйкырык, ызы-чуу чыгат. Кызыл керегеден айланып учкан мен көрүнөм. Дүйнө аңтар-теңтер болгондой, асман кайсы, жер кайсы билинбей кызы-ала туман басат. Аягыңардан жер көчөт. Коркпогула! Ийиндешип, үнүңөрдү катуу чыгарып келме келтирип тургула. Баладан көзүңөрдү албай карап турасыңар. Силердин үнүңөрдү ээрчип балам барган жагынан кайтып келет. Энесин ээрчитип келет. Асти бирди-жарымың чочуп же ашыкча үн чыгара көрбөгүлө. Анда мээнетибиз текке кетет. Балам ошол жакта энеси менен калып кетпесин.
— Жок, Кудай сактасын, аке. Балдар болуп өзүбүзчө да сүйлөштүк. Бул жерге келгендер эмнеге келгенибизди билип келбедикпи. Бейгам болуңуз, аке, – деди узун бойлуу, кара тору жигит.
— Бала коркуп калбайбы, аке? – Балбан киши суроолуу тиктеди.
— Жок. Коркпойт. Силерди тандап эмнеге топтоду дейсиң? Жигиттердин деми балага эш болот. Атасына да эш болот. Ушул бала гана энесин аркы жактан алып келет. Башка эч кимдин чакырыгына бечара келин кулак салбайт. Айла жоктун иши бул. Мен жол гана көрсөтөм.
— Макул, аке. Түшүндүм.
— Балдар, анан мен ылдыйлап, асаба таяк менен керегени чапкылаганда ушуларың кирип, ийиндешип келме келтирип турасыңар, мен ылдыйлап ортоңорго олтурам. Ошондо эки балбан ийинимден бекем кармап отургузгула. Болбосо келгендерге кошулуп көздөн кайым болуп кетпейин?
— Түшүндүк, аке. Айтканыңызды аткарабыз, – дагы баягы балбан киши жооп берди.
— Анан дагы бир сөз, балдар. Көргөнүңөр ушул жерде калат. Укканыңар ушул жерде калат. Аркы дүйнө менен берки дүйнөнүн ортосуна көпүрө болгону жатасыңар. Мен жол көрсөтүп, жол ачып гана берем. О дүйнө, бу дүйнөнүн ортосуна көпүрө болгондун милдети оор. Көргөн-билгениңердин баары ушул жерде калыш керек. Кабат-кабат дүйнөнүн катмарынан бүгүн келе тургандар да жөн келбейт, суроо-сопкуту менен келет, айткан-дегенине көнсөк келет.
— Адиш аке, сиз эмне десеңиз аткарабыз. Көргөн-билгенибиз ушул жерде калат. Сөз бир. Убадага турабыз, – деди балбан киши.
— Анда баштадык, балдар. Сөз бүттү. Бата кылалы, – деди бакшы.
Эркектер жүзүнө бата тартып эшикке чыгып кетишти. Атасы келип келиндин жуурканын алып койду. Энесинин эки өрүм узун чачы тыкан өрүлүп, ак сурп көйнөгүнүн үстүндө тизесине чейин чубалжып көрүнөт. Кызыл ашыгына чейин жапкан көйнөгүнүн этегинен жылаңач буттары көрүнгөн келин эч нерсе сезбей да, укпай да уктап калгандай жатат. Бакшы абасы балага дагы бир сыйра кайталап, эмне болорун түшүндүрүп берди. Айтып атып улам бооруна кысып: «Эрбейген садага болоюнум. Эне керек да балага, эне керек. Энең бечаранын көңүлү бул дүйнөдөн кайт болду эле. Кайра кайтып келээр бекен?.. Сен деп келээр бекен?..» – деп бешенесинен жыттап алды да, энесинин оң жагына отургузуп, анын жансыз, алсыз, нымдуу муздак колун баланын колуна карматып, эскертип айтты:
— Колуңду апаңдын колунан чыгарба, балам. Бекем кармап отур. Энең сени таппай калбасын. Энең келсе сени гана ээрчип келет, садага болоюн. Атаң сага: «Балам, апаңды чакыр!» – деп кыйкырат. Ошондо апаңды чакырасың. Коркпо! Уктуңбу?
— Уктум, аба. Колумду албайм. Коркпойм, – деген акылы тетик алты жашар бала атасын карады. От калаган атасы ойлуу эле.
***
Бакшы добулбасын таягы менен ургулап оюн салып кирди. Алгач отту айланып, анан келинди айланып чуркай баштады. Баланын атасы арча отунду очокко улуулатып жагып, чокко айланганда отту калап кепкир менен темир сап шамшар бычакты таштап койду. Бакшы түрдүү добуш чыгарып, тегеренгени тездеп, анан боз үйдүн ичин айланып уча баштаганда үзүк-туурдуктар сыйрылып түштү. Анан кайра тегеренгени акырындап, дабышсыз басып келип кепкир менен бычак ширидей кыпкызыл болуп калганда барскандай жылаңач колу менен чоктон кепкирди алып, келинди айлана чуркап ар жерине чапкылап, кайра өзүн чапкылап кирди. Андан кийин ширидей кыпкызыл шамшар бычакты чоктон алып, алгач өзүнүн ичине матыра сайып, келиндин денесин көзү менен көзөп өтчүдөй чакчая мелжеп карап турду да, талуу жерине сабына чейин матыра сайып сууруп алды. Өзүнүн да, келиндин да бычак сайылган жерлеринен кан чыкпай эле шамшар бычак сууга киргендей кирип, суудан чыккандай изи жок чыгып атты. Улам келинди кепкир менен чапкылап, бычак менен денесинин ар жерине матырып алган сайын арасында тили менен кыпкызыл шамшарды жалаганда «шырр» деген үн чыгат. Бакшы ушинтип келинди он чакты жолу айланып бүтүп, керегеде жөлөнүү турган асаба таягын алып, кайра тегеренип кирди. Тегеренгени күчөгөн сайын баскан-турганы көзгө илешип-илешпей калганда, адам кебетесине окшогон элес түндүктөн күүгүмдөгү жарганаттай калдаң этип кирип келди да, экөө чогуу боз үйдүн ичинде чимирилип уча баштады.
Бир аздан кийин адамзааданын тилине үндөшүп-үндөшпөй угулган үндөр чыгып, алар көбөйүп олтуруп, кызыл-тазыл кийинген, дене-бою көзгө көрүнүп-көрүнбөгөн сөлөкөт жиндер кайдан-жайдан пайда болду. Жиндер адам көзүнө так илешпей, пайда болор замат ызы-чуу үндөрү кулак-мээни жарып, бакшы менен кошо кызыл керегенин ичи-сыртында уча башташты. Бала баятан алардын учканына таң калып карап, кызыл керегенин сыртында үч катар ийиндешип, «ляиляхауиллаху, иляхауиллаху» деген эркектердин өзүнөн көз албай тиктеп турганын көрдү. Алардын сүрдүү, бирок мээримдүү көздөрүнөн: «Балам, коркпо! Биз жаныңдабыз! Коркпо, балам!» дегенди түшүнгөн бала бардыгын бир сыйра тегеретип карады. Эркектердин ар бири дөөдөй көрүндү. Бара-бара айлананы кызыл-күрөң туман басып, кулак-мээни жарган үндөр катуулап отуруп бакшы абасы менен атасы көрүнбөй калды. Дөөдөй эркектер менен алардын от чачыраган көздөрү гана көрүнүп, күркүрөгөн үндөрү угулат. Түрдүү ызы-чуудан баланын башы айланып, эсин жогото баштаганда апасынын муздак, нымдуу колу сергитип турду. Алсыз, бирок жүрөгүнө жакын колду бекем кыса кармаган баланын көзүнө апасынан башка эч ким көрүнбөй калганда атасынын кыйкырыгы угулду:
— Балам, апаңды чакы-ыр! Апаңды чакы-ыр, балам!
Атасынын үнү чыкканда «Апа-а-аа!» деп бала кыйкырганда жанагы ызы-чуулуу тири шумдук кызыл-тазыл туман каптаган дүйнө алеки заматта көздөн кайым болуп, мемиреген аппак эгин талаада турганын көрдү. Анан атасынын: «Апаңды чакы-ыыр, балам! Апаңды чакы-ыр!» – дегенин эстеп апасын издеп чуркап жөнөдү. «Бул жактын эгини ак түстө болот экен ээ?» деген бала апакай эгин талааны тең экиге бөлгөн төтө жол менен жүгүрүп баратты. Апакай талаанын тээ баш жагынан караан көрүндү. «Апам окшойт» деген бала «апалап» ошол караандын аркасынан кыйкырып жөнөдү. Караан алыстай берди. Караан алыстаган сайын апасы экенин жүрөгү сезген бала эми үнүнүн болушунча кыйкырып, эчкирип ыйлап ээрчип чуркады.
— Апа-а-аа! Апа-аа дейм, апа!.. Апа-ааа!.. Токтоңуз, апа-а!
Караан кулак төшөп токтоп калды да, таң калгансып аркасын карады.
***
Келин жаны жай алып, ак буладай талааны аралап, мындан алты ай мурун күнөөсүз учуп кеткен, өзү үчүн курмандыкка чалынган кызынын үнү чыккан жакты карай ээрчип бараткан эле. Баласынын үнүн угуп аркасына кылчайды. Жалгызы өзүн көздөй «апалап» ыйлап келатыптыр. Таң калып карап калды. Кызынын ыңаалаган үнү эле чыгып атпады беле? Уулу кайдан келип калды? Саамга токтой калды.
— Апа-а-а!.. Апа дейм! Токтоңузчу, апа-ааа!.. – деп ыйлап келаткан баласы этегинен кармап кучактаганда кандайдыр тааныш жылуу толкун серпип өткөндөй болду. «Апа-а-а, кеттик! Апа дейм, апа-а!.. Апа-аа, бас, кетеличи!..» – деген баласынын асман-жерди бузган аянычтуу үнү жүрөгүн тепчип алды. Бейкүнөө учуп кеткен кызынын ыңаалап ыйлаган үнү жакты бир карап, анан этегинен тартып безеленип ыйлаган баласын бир карап, ылдый олтуруп, ботосунун көзүнө таңыркай тиктеди. Апасынын жүзү балага муздак да, кайдыгер да көрүндү.
Бала апасынын муздак жүзүнөн коркуп, мелтейгенин көрүп, апакай талааны аралап качкысы келди. Колун апасынын колунан сууруп алып качмак болгондо келин уйкудан ойгонгон сыңары «селт» этип алды. Кайдыгер болгону менен белгисиз бир күч баласынын колун коё бердирбей турду. Ыза болгон уулунун колун бекем кармаган тейде акырын бооруна тартып, жүзүнөн сүйгөндө кандайдыр бир жылуулук жүрөгүн аралады. Жүрөгүндө жылуулук жок эмес беле? Эми уулунун колдорун бекем кармап, көздөрүнө тигилди. Баятан этегинен тартып жетелеген кичинекей алакандарды жүзүнө алып келип жыттады. Кичинекей, алсыз, жылуу алакандардын жытынан негедир көзүнө жаш тегеренди. Ботосуна тигиле карап, өзүнүн мээримине зар болгон муңдуу, кусалуу, жаштуу, жалгызсырап элейип корккон эбелектей уулун көрдү. Балапандай чырылдаган баласынын алсыз чыңырыгынан, ыйынан жүрөгүнө мээрим аралаган келин эми өзү да куса болуп, баласын сагынганын туйду. Ботосун боздотуп аппак ээн талаага таштап кеткиси келбеди. Уулу жетелеген жакка кеткиси келди.
Келин ыңаалаган кызынын үнү чыккан жакты бир карап, жалгызын бекем кучактап жыттап алды да, колунан жетелеп баласы келген жолго түштү.
***
Алты ай мурда, күздүн акыркы айында кыз төрөгөн эле. Уулунан кийин төрөбөй жүрүп төрөдү, зарлап тилеп жүрүп наристелүү болду. Он экини тууп, тогузун аман-эсен эрезеге жеткирген өз энеси төрөтөм деп, башка катын-калачты жолоткон жок.
Бир гана нерсеге зирек келин маани бербей калыптыр. Энеси «сен төрөсөң кокус керек болуп калса айылга жакын, эми-домчу бар» деп, күйөө баласынан уруксат сурап, ай-күнүнө жетип калган кызын жайлоонун этегине алдырып алды. Кексе кемпир эски журтту тандап, аркырап аккан чоң дайрага жакын жерге, жардын ылдыйыш жагына үй тиктирди.
Таңга маал оңой эле төрөп алды. Кызын колуна алып эмизип, жүзүнөн сүйүп, жыттап бактысына балкып отурган. Анан эле кечке маал эти от менен жалын болуп чыкты. Эртеси тилден калып, эси кирди-чыкты болуп жатканда өз энесинин жанына жакын келгенин туйду.
Он экини төрөгөнү менен ээлерине берип атып, уулдарын согуш жалмап, анан согуш маалындагы ачарчылык менен оору-сыркоо кыздарын, неберелерин жалмап атып азыр болгону бир уул небереси, үч кызы менен калган эле. Уул-кыздарынын тогузунан тирүүлөй ажыраган байбиче очоктун боюнда унчукпай узакка олтуруп ойго тунду. Элүү жылдан бери эл тынч эмес, көктөйүнөн көп нерсени көрдү. Анакей, ак орус мандикер урушка айдады, анан ак орус, кызыл орус болуп кагышып, канча азамат анда сулады, кулакка тартат деп бир, басмачы чыгып эки, дагы канчасы набыт болду, кечээги немис согуш эми эле токтоду. Урушта, анан бул жакта курсагы куурап кырылгандан калган эл эми дагы бирдеме болуп кетпесин деп жүрөкзаада болуп калган убак. Кызы төрөп алсам деп зарлап жүргөндө кошуна айылдагы аты чыккан олуя жигитке барган, ал дароо эле ачык айткан: «Кызыңыз кыз төрөйт, эже. Бирок бирин айла кылып алып калбасаңыз, экөөнү бирдей ээсине бересиз. Кудайдын өкүмү бул. Айла жок, эже. Жалгызынан тукум уланат. Калганын өзүңүз билиңиз», – деген.
Кемпир ойго батып отурду. Кызынын уулу – бир уруктан калган туяк. Бир айылга батпай, жер ээлейбиз деп ушул жерди ээлеген көп тукумдуу уруктун эркек атмайы кетип атып, жалгыз эбелектей жээн небереси калган болчу. Баланы эне гана калкалап калат экен, өзү жетимишке таяп калды, бүгүн-эртең кеткени турат. Энеси болбосо жээн небереси кучактагы карындашы менен кандай күндү көрөт? Көзү өтүп кетсе, кокус жээн небереси бирдеме болсо анын жети атасына эмне деп барат? «Энесин ээсине берип, силерди тукум курут кылдым» деп айтабы? Анакей, өзүнүн уулдарынын ичинен бир уул небереси калып, аны келини экөө кандай карап отурат, он маал көзүнөн тегеренип? Балага эне керек экен. Аттиң!.. Эми жаңы төрөлгөн ымыркайды ээсине береби? Оо, Кудай! Ушундай куураган күндө калаарын билгенде балдарынын алдында кетип калса эмне?..
Кемпир кызынын сүт тээп чыккан эмчегине небересинин оозун салып, тойгуза эмизип туруп, мемиреп уктап калган наристени жалаңкат орончуга ороп, керегенин түбүнө жаткырып койду. Келин элдир-селдир көзүн ачып, жашын төгүп, энесине жалынып карады. Кайраттуу кемпир кызынын жашын аарчып: «Олуянын айтканы келди, кызым. «Кудайдын буйругу» деди эле. «Кызыңды же небереңди, болбосо экөөнү бирдей ээсине бересиң» деди эле. Мага сен керексиң, кызым. Жалгыз уулуңа керексиң. Мени кийин түшүнөсүң», – деп шарт туруп чыгып кетти. Бечара кызы: «Кызымды алып ка-аал, эне-е-ее! Кызымды-ы-ыы!» – деп кыйкырып, онтоп алды. Бирок тил-ооздон калып, денеси от менен жалын болуп кыймылдабай калган келин эрдин алсыз кыбыратканга гана жараганын билип, көз жашы мончоктоду.
Ачкарын ыңаалаган ымыркайдын үнү кулагына жаңырган келин же жыла албайт, же кулагы укпай калбайт, же өлүп калбайт. Тирүүнүн азабын тартып атып, ичинен кыйкырып ыйлап атып бир маалда эсин жоготту. Түнкү арылдаган суукта жалаңкат ороңгучу менен керегинин түбүндө сызда ыңаалап ыйлаган наристенин үнү Кудайга жеткендей болду. Албуут дарыянын айбаттуу үнү ымыркайдын ыңаалаганын жутуп, эртеси кечинде ыйы угулбай тымтырс болуп калды. Күнү-түнү жар башында дайраны карап телмирип, небереси ыңаалаган сайын тирүүлөй ичинен өлүп аткан кемпир эртеси түнү кирип, наристени карап: «Аттиң, дүйнөң түшкүр. Кудай башыңды таштан жараткан экен, балам. Дени-кардың соо, алты саның аман төрөлдүң эле. Балапандай жаныңды алганым кара башыма көрүнсүн. Мага кызымдын бир ууч жаны керек, калганын Кудай өзү билет» деп ичинен күбүрөдү. Небересин орончусуна ороп, бетин жаап, күйөө баласынын колуна алып барып тапшырды да, кызынын абалы оор экенин айтып, шарт кайра артка жүрүп кетти.
***
Кышы бою өлүк-солук жаткан келин чилде чыгаарда араң көзүн ачты. Эсине келгени курусун, эч ким менен ооз ачып сүйлөшпөйт, унчукпай телмирип шыпты тиктеп жата берет. Сыркоо келин энеси менен жеңесинин колунда болчу. Чилде чыгаар кездеги суук күчөгөн маал. Кызын күндүзү караган энеси тырп этпей уктап калган эле. Бир маалда жеңеси үшүп калганын сезип ойгонуп кетти. Караса жыгач эшик кыңайып ачык. Кайын сиңдиси жаткан ордунда жок. Жеңеси шап туруп, күйөөсүнөн калган тонду үстүнө иле коюп эшикке атып чыкты. Таң атып жерге жарык кирип калган экен. Кайын сиңдисинин жылаңаяк изи менен чуркаган келин элдин баарын ойготкончо из кубалап кете берди. Кыш чилдеде дене-боюн үшүк алган келинди замбилге салып, тээ күрткүлүү имерилиштен көтөрүп келишти.
Ошол боюнча эсине келбей жаткан келинди күйөөсү бакшыга алып келди. Адиш бакшы: «Күйүттөн күйүп калган аялыңды уулуң гана алып келет. Адам аттуудан көңүлү сууп, жашоодон жатыркап калган бечара бир келсе уулуң үчүн келет. Уулуң апасынын жанында отурушу керек. Аркы жакка барганда кайтпай да калышы мүмкүн. Дүйнөнүн оңу да, солу да бар. Кайсынысы оң, кайсынысы сол экенин биз билбейбиз. Ойлон. Макул болсоң баштайлы, болбосо жок», – деди.
***
Бакшы жин оюнду баштаганы добулбасынан угулуп турду. Анан бир маалда үзүк-туурдуктар сыйрылып түшүп, кызыл керегеден бакшы салган жин оюн көрүндү. Асман кайсы, жер кайсы экени билинбей, дүйнө бир алаат кызыл-алага боёлуп, кулак тундурган ызы-чуу башталды. Боз үйдү айланып оюн салып жүргөн кызыл-тазыл кийимчен жиндер эми айылды айланып уча башташты да, эшиктен, түндүктөн учуп кирип бакшы менен кошо көзгө илешпей ичиндегиси ичинде, сыртындагысы сыртында тегеренип атышты. Айланкөчөк аткан асман-жер, тоо-суу, шамалдын баары көзгө көрүнбөй, аба үп болуп, баары кызыл-ала түскө боёлгон тейде ээрип кеткендей болду. Баятан сыртта тегеренип учуп жүргөн жиндер түстүү тумандан көрүнбөй калды. Бир гана бала олтурган жерге алакандын отундай нур түшүп жарык болуп турду.
Балбан кишинин жанында ийиндешип турган ак саргыл жаш жигит бир чети коркуп, бир чети суусап алы кетип, аба жетишпей дарманы куруп баратты. Баары эрип кетип жок болгондой, эми түрдүү сызыкка айланган айланкөчөк тири шумдук чимирилет. Жанындагы үч катар ийиндешип турган сомодой эркектердин көлөмү дөөдөй көрүнөт.
Алакандай нур төгүлгөн жерде эпейип олтурган баладан күркүрөп келме келтирген эркектер көздөрүн албай турушту. Жүрөгүн коркунуч бийлеп алган жигит айланкөчөктөн көөнү азып, эсин жогото баштаган эле. Балбан киши ийинин капшыра кармаганда көзү ачыла түшкөндөй болду. Кулагына келме келтирген эркектердин асман-жерди бузуп күркүрөгөн үнү угулуп, өзүнө келе түштү. Балбан киши менен сол жагындагы күрүлдөгөн кара тору жигит күрөктөй колдору менен эки жагынан эки ийинин капшыра кармаганынан «Коркпо! Биз барбыз жаныңда! Баланын жаны колубузда! Баланы кара!» деген өкүмдү түшүндү. Жигит дем байлап, оозуна сөз келип келме келтире баштады.
***
Бир аздан кийин боз үйдүн ичинен бакшы кайра көрүнүп, келинди тегеренип учуп, табылгы асабасы менен керегени катуу койгулап өттү. Даяр турган он чакты киши үч катардан суурулуп чыгып, дароо кирип барып, ийиндешип келме келтирип туруп калышты да, ылдыйлап келип ортого отуруп калган бакшынын эки ийинен эки балбан бекем кармап, келме келтирип атышты. Адам кейпин кайра кийген бакшыны көтөрүп жөлөңгүчтүү чоң жыгач күрсүгө олтургузушту. Анан гана аба тазарып, айланадагы тоо-таш көрүнүп, желдин жүргөнү сезилип, суунун акканы угулду. Балбан киши жигиттерге «Болду!» деген ишарат берди да, бакшыга дембе-дем кымыз сунуп кирди. Бала атасынын колунда эле. Балбандын ишааратын көргөн эркектер эми шалдайып олтуруп, каны катып калган эмелер күн мурун даярдалган чаначтардын боосун чечип, кымыздан, суудан шыпкап ичип, үн-сөз жок олтурганы олтурган жеринде уктаганга баш коюшту.
***
Бала эсине келгенде атасы алдына алып отурганын көрдү. Боз үйдүн үзүк-туурдуктары кайра жабылыптыр. Күн чыгып келатыптыр. Түндүктөн жарык түшүп турат. Апасын таап келаткан бала ууртунан күлкүсү төгүлүп көзүн ачты. Апасы жакты караса өзүнөн көзүн албай башын кыңайтып карап жатат. Көзүнөн жашы буурчактайт. Үнү каргылданган атасы жалынып-жалбарып атыптыр: «Садагаң кетейин, атам.. Апаңды кайтаралы деп, чыканактай сени түйшүккө салып…Көзүңдү ач, садага кетейин?.. Апаң келди, балам. Көзүңдү аччы?..»- деп тонго ороп койнуна катып олтурган экен.
Бала көзүн ачканда атасы: «Аксарбашыл! Аксарбашыл! Айланайын эл-журт, Кудайга айтканым бар экен! Аксарбашыл!» – деп тура калды. Баятан бери кызыл керегинин ичиндегиси ичинде, сыртындагысы сыртында унчукпай олтурган эркектердин баары дуу ордунан тура калышты. Бакшы абасы баланы атасынын колунан сууруп ала коюп жалынып алды: «Айланайын, Кудай! Аксарбашыл! Балам кайтып келди!.. Аксарбашыл! Жалгызы кайтып келди!».
Иш оңунан чыкканына көзү жеткен эркектер дуулдап, бакылдашып түлөөгө бээ сойгону камынып киришти.
13.02.2024, Ош