Кыргызстанда чыгармачылык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн «Тилекке – Тирек» кичи гранттарына конкурс жарыяланды

d181d18bd0bdd0b0d0baКыргызстандагы кызматташтык боюнча Швейцария бюросу искусство жана маданиятты колдоо боюнча программанын алкагында ар кандай чыгармачылык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн «Тилекке – Тирек» кичи гранттарына конкурс жарыялайт. Бул туурасында аталган бюронун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Турсунай Чодурова маалымдайт.

Маалыматка ылайык, кичи гранттарды алууга жергиликтүү уюмдар менен катар жеке адамдар дагы катыша алышат. Жалпы көлөмү 1,5 миң доллардан 2,5 миң долларга чейинки гранттар искусствонун бардык түрлөрү үчүн берилет. «Негизиген конкурска катышкан долбоорлор жарандык коомчулуктун активдүүлүгүн арттырып, күнүмдүк турмуш түйшүгүнөн арылтып, демилгени кабыл алууга түрткү болушу керек», – деп белгилешет Кыргызстандагы кызматташтык боюнча Швейцария бюросунан. Мындан тышкары конкурска катышкан долбоорлордун айыл жеринде маданиятты өнүктүрүү, жаштарды тартуу, гендердик тең салмактуулук, айыл-шаар, түндүк-түштүк диалогун түзүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн принциптери эске алынат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандагы кызматташтык боюнча Швейцария бюросу 1998-жылдан бери республикадагы маданият жана искусствону өнүктүрүүгө салымын кошуп келет.

М.Ибраева, «Кабар» МА, 06.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.