Кыз ала качуу, үй-бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алууда жаңы долбоордун ачылышы болду

Аталган долбоор Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун каржылык колдоосунда «Бакубат» бей өкмөт уюму тарабынан ишке ашырылмакчы. «Кыз ала качуу, үй-бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алуу жана гендердик саясаттын өсүүсү» аттуу бул тогуз айлык долбоордун максаты жаштарды зордук зомбулуксуз үй-бүлө курууга, никеге турууга даярдоо жана зордук зомбулуктан стресс абалда калгандарга кеп кеңештер берилет. Ал үчүн атайын уролог, гиниколог, психолог, юрист жана менторлор тартылган, – дейт «Бакубат» бей өкмөт уюмунун жетекчиси Турганбүбү Орунбаева. Долбоорго Нарын, Ак-Талаа жана Ат-Башы райондору жана Нарын шаары камтылып тренинг окуулар өткөрүлөт. Буга чейин да мындай долбоор иштеп аталган райондордон жана Нарын шаарынан жалпы 547 адамдар окууларга катышып ар кандай кеп кеңештерди алышкан.

Naryn.KG, 08.05.09-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.