Койсун Карасартова калың элдин сүймөнчүгү болчу

Кыргыз Эл артисти Койсун Карасартованын сөөгү 12-май күнү жерге берилди. 15 жаш курагынан тарта бүткүл өмүрүн театрга арнаган Койсун Карасартова жубайы Эл артисти Сейитказы Андабеков менен бирдикте ырларды чебер аткаруучу катары калың элдин сүймөнчүлүгүнө татыган.

Облустук театрда коштошуу жөрөлгөсүнөн кийин болгон эскерүү митингисинде Койсун Карасартованын басып өткөн чыгармачылык жолундагы урунттуу учурлары жана жетишкендиктери айтылды.

Нарын облустук музыкалуу театрында М.Токобаевдин «Кайгылуу Какей» драмасында Какейдин ролун аткаруу менен анын театр искусствосунда тушоосу кесилген.

1948-жылы кесиптеши Сейитказы Андабеков менен баш кошкондон кийин чыгармачылыгында олуттуу өзгөрүүлөр болгон. Жубайлар аткарган ыр-бийлер миңдеген көрүүчүлөр менен угуучулардын терең урматтоосуна татыган.

«С.Андабеков менен К.Карасартованын ар бир аткарган ролу өзүнчө эле спектакль эле»,-деп таамай белгиледи Нарын облусунун губернаторунун орун басары Салтанат Эсенаманова.

Койсун Карасартованын көзү тирүүсүндө эле ысмы Ат-Башы районундагы туулуп өскөн айылында бир көчөгө ыйгарылган.

Күмөндөр Усупов, «Азаттык» радиосу, 12.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.