Нурлан Абдыкадыров комедия жана музыкалуу фильм тартууга камынууда

Эл аралык сыйлыктардын ээси, белгилүү кинорежиссер Нурлан Абдыкадыров 54-киносценарийин жазып бүттү. Жакында ал “Бомба менен саякаттоо” комедиясын жана “Америкалык күйөө бала” музыкалуу кинотасмасын тартып баштайт.

Нурлан Абдыкадыров бир жыл убакыт эч жерде иштебей, жалаң чыгармачылык менен отурду. Алгач Нурлан мырзага бир жыл убакыт ичинде кандай мазмундагы чыгармаларды жаратканын сурап кайрылдым:

– Мен кечээ 54-киносценарийимди жазып бүттүм. Жакын арада иштегенге 4 долбоорум даяр,- деди Нурлан Абдыкадыров. – Биринчи кинодолбоорду орус кинорежиссерлору менен биргеликте тасмага алабыз. Экинчи кинодолбоорум “Бомба менен саякаттоо” деп аталган комедиялык фильм. Муну казак кинорежиссерлору менен биргелешип тартабыз деп турабыз. Себеби сценарийдеги окуялар – казак жана кыргыз үй-бүлөлөрүндө өтөт. Үчүнчү долбоорум болсо “Америкалык күйөө бала” деген 4 сериялуу музыкалуу комедия. Фильмде белгилүү 20 ырчынын чыгармалары аткарылат, -.

“Америкалык күйөө баланын” сценарийи абдан кызыктуу. Кыргызстанга келген америкалык жигит кыргыз кызын сүйүп калат.

Нурлан Абдыкадыровдун дагы бир жакын арада иштей турган долбоору “Бейтааныштар менен болгон оюн” деп аталган жаштар темасындагы кинодолбоор. Мында аскерде милдет өтөөдөн качкан жигит жетим чоңойгон сүйгөн кызы менен бирге өз бактыларын издеп жөнөшөт. Фильмдин окуясы Чыңгыз Айтматовдун “Жамила менен Даниярына” да окшошуп кетет.

– Ооба, “Бейтааныштар менен болгон оюн” кинодолбоорум бир жагынан “Жамила менен Даниярга” окшошсо, бир жагынан “Бетме-бетти” да эске салат. Бул улуу жазуучунун чыгармаларынын окурмандарга таасиринин жогорулугун айгинелейт. Мен жашыман Айтматовду көп окуп чоңойдум. Болбой эле Айтматов көтөргөн маселелер биздин чыгармаларда жаңы формада кайталанууда,-деди Н. Абдыкадыров.

Нурлан Абдыкадыров продюсерликтин сырларын да үйрөнүп чыкканын белгилдейт. Анын пикиринде, мыкты фильмдин жаралышында мыкты продюсердин ролу чоң. Бекеринен Батыш өлкөлөрүндө продюсерликке жогору маани беришпейт.

Продюсер деген бир жагынан бизнесмен, демөөрчү деген сөз. Бирок продюсер кинотасма жаратууну жанындай сүйгөн менеджер да, бизнесмен да болууга тийиш.

Нурлан Абдыкадыров жогоруда айтылган кинодолбоорлордун ичинен “Бейтааныштар менен болгон оюн” киносценарийин биринчи экрандаштырат:

– Себеби бул киносценарийде каармандар аз жана окуя кыска болгондуктан, алгач ушуну тартсакпы деп турам. Мен бул чыгарманы өзбек кинорежиссерлору менен иштемекчимин. Алар жакында келишет. Андан кийин чет өлкөлүк кинорежиссерлор менен “Америкалык күйөө баланы” тартууга киришебиз. Бул чынында абдан кызыктуу сценарий. “Америкалык күйөө бала” түбү кыргыз жигит болуп чыгат. Согуш мезгилинде анын чоң атасы туткунга түшүп, кийин Америкада жашап калат. Анын небереси атайын эле ата-бабат топурагын көрүш үчүн, кыргыз кызга үйлөнүш үчүн Кыргызстанга келет. Бул фильмди тартууга америкалыктар кызыгат го деп турам. Анан калса башкы каарманды албетте чет өлкөлүк актер ойношу керек.

Фатима Абдалова, «Азаттык» радиосу, 12.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.