Бишкекете Көчө театрларынын эл аралык фестивалы өтөт

Бишкекете Көчө театрларынын эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу 31-июлда өткөн пресс-конференцияда «Место Д…» театр-клубунун директору Александра Багдасарова билдирди, дейт «24.kg» маалымат агенттиги.

Мындай фестиваль мурда Бишкекте өткөрүлгөн болчу. Бирок анда бул фестивалга борбордук азиянын театрлары гана катышкан. Жана да алар тартуулаган спектаклдер көчө спектаклдерине окшоштурулган оюндар болчу.

«Боло турган фестивалга Казакстан, Франция жана Словениядан конокторду күтүүдөбүз. Атактуу труппалар гана эмес студенттик да, ал эмес көчө оюндарынын бирден-бир бөлүгү болуп саналган көрүүчүлөрдүн жамааттары да катыша алат», -дейт А. Багдасарова.

Фестивалды өткөрүү 2009-жылдын октябрына болжолдонуп жатат.

Соц тармактар:

Добавить комментарий

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.