“Жаңгак токоюнун арбактары” фильми тартылат

d0b1d188Жалал-Абад облусунда сентябрда режиссер, СССРдин жана Кыргызстандын эл артисти, СССР мамлекеттик сыйлыгынын  лауреаты, көп ордендердин кавалери Болот Шамшиевдин автордук сценарийи боюнча “Жаңгак токоюнун арбактары” деген көркөм фильмди тартуу башталат. Бул туурасында “КАБАР” агенттигинин кабарчысына фильмдин экинчи режиссеру Мурат Мамбетов билдирди.

Фильм “Арстанбап” жаратылыш паркында жана Россияда тартылат. “Жаңгак токоюнун арбактарынын” жанры – триллердин элементтери болгон детектив. Фильм тартуу мамлекеттик бюджеттен каржыланат”,- деп кошумчалады М.Мамбетов.

З.Ибраев, ЖТ, “Кабар” МА, 04.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.