ШКУнун Ысык-Көл кинофестивалы болот

Эмдиги жылы жайында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) катышкан өлкөлөрдүн эсеби боюнча үчүнчү Ысык-Көл эл аралык кинофестивалы болот. Департаменттин басма сөз борбору билдиргендей, бул туурасында республиканын жаш кинематографисттери менен жолугушууда Кинематография боюнча департаменттин деректири Абибилла Пазылов билдирген.

“Мен кинофестивалдын дирекциясын түзүү жөнүндө Маданият жана маалымат министрлигине сунуш киргиздим, – деп айтты ал. – Дирекция киномайрамына чейин уюштуруу маселелери менен алакетенет.”

А.Пазыловдун айтымында, Акжол Бекболотов, Наргиза Маматкулова сыяктуу “Үмүт-2009” кинофестивалынын жеңүүчүлөрү жакында “Кыргызфильм” базасында өзүлөрүнүн олуттуу көркөм тасмаларын тартууга киришет.

ЖТ, “Кабар” МА, 04.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.