Нурбек ЭГЕН, кинорежиссер: “Элибиздин 95%ы рухий жактан ачкачылыкта”

– Нурбек, “Манастын төрөлүшүн утурлап” деген тасма тартып атканыңыздан кабарыбыз бар. Кайсы этабына жеттиңиз?
– Буюрса, аягына чыгып калды. Бул тасманын эки варианты болот. Биринчиси – 93 мүнөттүк, эл аралык прокаттарга чыга турган вариант. Экинчиси – Кыргыз улуттук каналынан көрсөтүлө турган 6 сааттык варианты.

– Сюжети боюнча кеп салып кетсеңиз…
– Кыргызстанда эле эмес, чет элде жашап аткан кыргыздардын дагы ар кандай катмардагы каармандарын тандап алып, ошолордун турмушун чагылдыруу менен эле тарыхка дагы кайрылдык, аны менен бирге эле келечекти дагы чагылдырууга аракеттендик.

– Казактардын “Көчмөндөр” деп аталган тасмасы аябай жогорку деңгээлде, патриоттук духта тартылыптыр. Сиздин “Манастын төрөлүшүн утурлап” тасмаңыз дагы ушундай деңгээлге жетеби?
– Бул эки тасманын көп айырмачылыктары бар. Мисалы, “Көчмөндөр” – көркөм тасма, меники болсо даректүү тасма. Менин бюджетим 300 миң доллар болсо, алардыкы 30 млн. доллар. Алардын максаты башка, менин максатым башка. Сиздер “Манас” эпосу боюнча тартылат деп ойлоп атсаңыздар керек. Жок, бул даректүү тасмада бүгүнкү күндүн Манастары, кыргыздар бүгүнкү күндө Манасты кандай түшүнүшөт – мына ушул жөнүндө. Азыр элибиздин арасынан “Манас ким?” деп сурап көрсөңүз, 100 миңден бири гана жооп бере алат.

– Кыргыздын духун көтөрө турган тасма тартайын деген оюңуз барбы?
– Мен тартып аткан тасмалардын бардыгы кыргыздын духун көтөрөт деп ойлойм.

– Былтыр президент менен жолукканыңызда “Курманжан Датка”, “Курманбек баатыр”, “Сынган кылыч” кинодолбоорлорун тартуу оюңузда бар экенин айттыңыз эле. Бул иштериңиз кандай жүрүп атат?
– Булар мамлекеттик долбоорлор. Ошондуктан, азырынча ак же көк деп айтуу кыйын. Жогору жакта отургандар кандай чечсе ошондой болот. Менин колумдан келишинче жаса дегенин жасап атам.

– Кыргызстандагы акыркы жылдарда тартылган кинолор тууралуу оюңуз кандай? Мисалы “Чыңгыз менен Бүбүсара” сыяктуу тасмалар чыкты…
– Бул тасмалар тууралуу сөз айтуу өтө кыйын. Анткени, мен деле ушундай эле тасмаларды тартуудан баштагам. Ошондон түшкөн акчага Москвага билет сатып алып окууга кеткем. Ар кандай максатта тартылган кинолор болот. Кандай болгон күндө дагы булардын кино тартып атканы мага жагып атат. Биздин өлкөдө Кино тарткан үчүн ар бир адамга “Баатыр” деген наам берип коюу керек. Мамлекет атайын көркөм топ аркылуу тартылган тасмаларды көзөмөлгө алып турса деп ойлойм. Теледен, кинотеатрлардан тасмасын көрсөтүүнү каалагандар ошол комиссияга сценарийин көрсөтүп уруксат алса. Өз алдынча эле барып кинотеатрлардан көрсөткөнү туура эмес да. Бүгүн мындай кинолор чыкса, эртең “Хизб-ут-Тахрир” өзүнүн киносун тартып алып чыгышы мүмкүн. Кудайга шүгүр, бизде али мындай учур боло элек.

– Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн “Теңир” тасмасын көптөгөн киносынчылар сындап чыгышты. Мында кыргыздын кадыр-баркы тепселенген, мазакталган деген пикирлер айтылды. Бул боюнча оюңуз кандай?
– Менин “Аталар керээзи” фильмим чыкканда дагы сындап чыгышкан. “Бул кандай эле эркек балага сеп берип атат” деп. Чынын айтканда, мен “Теңирди” көрө элекмин. Кандай болгон күндө дагы, менин оюмча, бул тасманын жакшы жактары көп болуш керек. Албетте, биз үчүн Чыңгыз агабыздын чыгармалары ыйык. Бул тасма “Жамиланын” сюжетине аралашып кетет экен” деп айтып атышат, ошол жерден абайлаш керек болчу. Алар деле Чыңгыз Айтматовду жакшы көргөнүнөн, сыйлаганынан улам тартып атышат да. Кино деген аябай чоң акча сарптала турган тармак да. Бир киного ошол француздар кетирген акчага жүз үйбүлө он жыл жашай алат. Ошондуктан, бул калем менен эле тартып кое турган иш эмес. Анан ошондой аракет кылып аткандардын шагын сындырган дагы туура эмес. Көчүгүн үйүнө такап алып абалап үргөн иттер бар. Ошолордой болбой кино тарткандарды колдош керек. Ошол эле кино таркандар жакшыраак эмгек жаратсын деп ойлошсо, анда башкача сөздөр менен айтыш керек. Мисалы, баланы деле “жинди, акмак” дей берсең, бала ошондой болуп чоңоет. Ошондуктан, сүйлөгөндө дагы абайлап сүйлөө керек. Мындай сындар чыгып келаткан жаш таланттарды муунтуп коюшу мүмкүн.

– “Теңирди” тартуу идеясын бизге чейин монголдорго сунушташкан экен. “Алар болсо улуттук кызыкчылыкка доо кетирген тасма экен” деп баш тартышыптыр” деп айтылды эле. Анан монголдорго өтпөй калган идеяларын алып келип Кыргызстанда ишке ашырып аткандары намыска тийбей койбойт экен…
– Бул ушак сөздөр деп ойлойм. Бул тасманы тартууга катышкан кишилер менен таанышмын. Булар биринчиден. Айтматовду сүйүшөт. Монголияда Айтматов жок. Казакстанга алып барып тартабыз деп ойлошу мүмкүн, бирок Монголия дегенге ишенбейм.

– “Гүлсарат” аттуу тасма тартайын деген оюм бар” дегениңизди окуп калган элем. Казактар дал ушундай аталыштагы тасманы тартып койбодубу, эми кандай болот?
– Баарыбыз эле Чыңгыз агабыздын чыгармаларына сугарылып өскөнбүз да. Ошолордун ичинен “Гүлсарат” мага аябай жакчу. Менин “Гүлсаратым” башка, казактардыкы башка. Буюрса, мүмкүнчүлүк болсо мен дагы өзүмдүн “Гүлсаратымды” тартайын деген оюм бар.

– Сизди өтө эле орусташып кеткен дешет экен. “Аталар керээзиндеги” айрым эпизоддорду мисал келтиришип. Мисалы тойдо үстөлдөн ашып түшүп мушташкан жерин “орустарга тиешелүү, бул кыргыздарга жат нерсе” дешип. Буга негиз барбы?
– Мен Кыргызстанда эле өскөн жигитмин. Мен барган тойлордун баары эле ошондой болуп бүтчү. Мейли Түндүктө болсун, мейли Түштүктө болсун. Анан кимдер минтип айтып атат, мен билбейм. Бул күзгүдөн өзүнүн анык жүзүн көрүп алып “мен мындай эмесмин” дегендей эле да. “Бизде эч ким мушташпайт, баарыбыз “кутман таңың менен, саламатсызбы?” деп сүйлөшүп, роза гүлүн берип турабыз” деп бирөө мага айтып көрсүн, мен барып көрүп келейин…

– Негизи патриотсузбу?
– Патриот болбосом Кыргызстанга келип кино тартуу үчүн үйлөрдү, кымбат баалуу машинелерди алып акча сарптабай эле, отуруп алып эле ошол жакта тарта бербейт белем. Кыргызстанда кино тартуу абдан кыйын нерсе да. “Патриотмун” деген “Мен сулуумун” деп айткандай эле. Сулуу адамды айтпаса деле сыртынан көрүнүп турат да.

– Кыргызстандын коомдук турмушунда сизди аябай өкүндүргөн нерсе эмне?
– Сабатсыздык, караңгылык. Улуттун негизги өзөгүн түзгөн рухий баалуулуктардан баш тартуу. Менин оюмча кыргыз элинин 95%ы десем жаңылышпайм, рухий жактан бир дагы азык алышпайт. Киши тамак жеп аткан сыяктуу эле рухий жактан дагы күн сайын тамактанып туруусу керек. Тамактанбай жүрө берсең, бир күнү өлөсүң да, чынбы? Ушундай эле рухий азык алып турбаган адам дагы рухий жактан өлөт. Бул маңкурт болду дегендик.

\– Үйбүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз…
– Бир аялым бар (күлүп), бир балам бар. Келинчегим орус кызы. Экөөбүз чогуу окуп табышып калганбыз. Үйдөгүлөргө үйлөнгүчөктү эле тааныштырып койгом. Орус деп каршы деле болушкан жок…

– Кыргызстанга келип жашайын деген оюңуз барбы?
– Ооба, бул оюм аябай күчтүү. Буюрса он жылдын ичиндеги аткарыла турган максаттардын бири.

– Дагы кандай пландарыңыз бар?
– 1916-жыл тууралуу жакшы кинодолбоор даярдап жатам. “Беделдин белиндеги каргыш” деп аталат. Чоң каражат сарпталып, масштабы жагынан дагы чоң кино болот деп айта алам.

– Үркүн тууралуубу?
– Үркүн деген туура эмес. Мен кыргын деп айтар элем. Биз үркүн деп өзүбүздү-өзүбүз басынтып, үрктүк дейбиз. Чынында кыргындан качканбыз да.

– Москвада жашап, иштеп калганыңызга эмне себеп болуп атат? Же орустарга караганда кыргыздар баалай албай жатабы?
– Жок. Бул жерде кино жаатында жумуш, мүмкүнчүлүктөр аябай эле аз. Москвада жашаймбы, Лос-Анджелесте жашаймбы, каякта болсом дагы тарткан эмгектеримдин баары кыргыздар үчүн жакшы. Кай жерде болбоюн “бул жигит – кыргыз жигит” деп айтып тургандын өзү эле кандай нерсе.

Дилбар АЛИМОВА, “Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 06.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.