Бишкекте көчө театрларынын фестивалы өтүп жатат

54D94514-9F96-4C78-BA5A-09FE932BFF24_mw800_mh600_s21-майда Борбор Азия көчө театрларынын эл аралык экинчи фестивалы башталды. 24-майга чейин созула турган бул иш-чара 7-апрелде курман болгондордун элесине арналып, анын алкагында Түркия, Казакстан жана Өзбекстандан келген театрлар спектаклдери Бишкектин көчөлөрүндө көрүүчүлөргө тартууланмакчы.

Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги жана жаш таланттарды колдоо багытындагы “Акайын” фонду тарабынан өткөрүлүп жаткан бул фестиваль көчө театрын өнүктүрүү жана маданий агартууга салым кошуу максатында ишке ашууда. Фестивалдын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Жыпариса Көчөрбаева, бул иш-чара апрель окуяларында курман болгондордун элесине арналганын белгилеп, иш-чара туураасында буларды айтат:
– Европа мамлекеттеринде көчө театрлары көнүмүш болуп калган. Ал жакта көп. А биздин Борбордук Азияда көчө театрлары өнүккөн эмес. Ошо биздин эң негизги пландарыбыздын бири көчө театрларын Борбордук Азия чөлкөмүндө өнүктүрүп, ошону жандандырып, элге таратуу. Андан башка максаттарыбыздын бири  – ушул биздин фестиваль Кыргызстанда экинчи жолу өтүп жатса, мындан ары 3-4-фестивалдар башка Борбордук Азия мамлекеттеринин борборлорунда болсо деп ойлогонбуз.

Борбордук Азия көчө театрларынын фестивалында алгачкы коюлган спектаклдердин бири Ысык-Көлдөн келген “Боз салкын” ыр-бий ансамбли тарабынан коюлган “Эр Төштүк” спектакли болду. Көрүүчүлөр нөшөрлөп жааган жамгырга карабай, спектаклге кол чатыр алдында күбө болуп жатышты. Фестивалдын көркөм жетекчиси актер, режиссер Бусурман Одуракаев көчө театры көрүүчүлөрдө кызыгуу жаратканын белгилейт:
– Мынакей жамгыр жааганына карабастан эл кетпей турат. Мынакей көрүп жатышат. Демек кызыктуу. Себеби дегенде биз фестивалга алдын ала тасмалар аркылуу көрүп, тандалган спектаклдерди алганбыз. Момундай, 7-апрелде Кыргызстандын келечеги үчүн шейит болгон азаматтардын элесине да арналды бул нерсе.

“Боз салкын” ыр-бий ансамбилинин актер, актрисалары спектакль учурунда

Көчө театрларынын бул фестивалында Түркиядан келген “Стамбулдун белеги”, өзбек режиссерлорунан “Түнүң бейпил болсун, апа” деген спектаклдери жана Кыргызстандан “Театр Д”, “Жашыл театрдын” актерлорунан ар кыл спектаклдар тартууланат. Бул спектаклдер 24-майга чейин Бишкекте куурчак театрынын, Кыргыз академиялык жана орус драма театрларынын алдында жана Эмен багында көрүүчүлөрдүн назарына сунулмакчы.

Фестивалга Казакстандан келип катышып жаткан казак актеру Асыл Кудайбергенов мындай эл аралык фестивалдар элди жакындата турган күчкө ээ экендигин айтат:
– Мен өзүм бүгүн өнөрдүн улуулугуна толкунданып турам. Өнөрдүн улуулугу элдин рухун көтөрөт. Өнөрдүн улуулугу эл менен элди табыштырат. Өнөрдүн улуулугу достоштуруп, жакындаштырат. Мындан сырткары эл-менен жерди сыйлоого үгүттөйт. Көчө театрларынын фестивалында өнөргө таазим кылып турам. Мен мага окшогон миллиондогон боордоштурумдун атынан өзүм бул иш-чаранын алкагында 7-апрелде курман болгондордун жакындарына көңүл айтам.

Көчө театрлары шаар тургундарына жакшы маанай тартуулоо менен бирге актерлордун чыгармачылык жактан өнүгүшүнө да салымын кошоорун жаш актерлер белгилешет:
– Албетте бул искусстводо чек жок да. Ар дайым бири-бирибиз менен тажрыйба алмашуу деп коет да. Ошондо бири-биринин чыгармачылыгына салым кошулат. Чет өлкөдөн келген актерлордон жакшы нерселерди көрсөк, өзүбүзгө алабыз. Булар бизден көрүшсө, алар да алышат.
Мындай пикирин фестивалдын катышуучусу Динара Айтикеева билдирди.

Ал эми көчө театрларынын кээ бир катышуучулары мындай маданий иш-чаралар учурдагы өлкөдөгү кырдаалды калыптандырууга таасир берээрин да айтышат. Жаш актер Аскар Жетигенов бул өңдүү иш-чаралар менен маданиятты көтөрүү керектигин айтат:
– Көчө театрынын өзгөчөлүгү  – сахна буларга кереги деле жок. Көчөдө деле спектакль коюп, ойной берсе болот. Өзгөчөлүгү ушунда деп ойлойм да. Бир чети мындай фестивалдын өткөрүлгөнү жакшы болуп жатат. Анктени азыр бизге биринчиден маданият керек болуп жатат да. Маданияттуулукту көтөрүш керек. Жанакы, митинг-ситинг, ар кандай ызы-чууларга караганда бир жагын, маданиятты көтөргөн жакшы болуш керек.

Үч күнгө созула турган фестивалдын алкагында көчөлөрдө спектаклдер коюлуп, чет өлкөлөрдөн келген актер, режиссерлор менен бирге драматургия жана режиссура багытында конференциялар, мастеркласстар да өткөрүлмөкчү.

Кубат Касымбеков, “Азаттык”, 21.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.