Алтымыш жашында актёрлукту багындырган Момун чал

article_2347Бала кезимде “Ак кеме” фильмин көрүп алып, “бала кантип балык болуп сүзүп кетти? Мен да ушинтсемби?” деп көл жээгине барган сайын кыялданчумун. Көрсө, баланын балык болуу кыялы тасманын трагедиясы турбайбы. Баланын чоң атасы Момун чалдын жооштугу, аны кемпиринен баштап баары кагып-силкип кордошкондору көрөрмандын жан дүйнөсүн дүрбөлөңгө салат. Ошол дүрбөлөң ээси Момун чал – Асанкул Куттубаев. Ал алтымышка чыкканда биринчи жолу тасмага тартылып, Момун чалдын образын жаратып, артына өлбөс-өчпөс из калтырды.

Ата-энеси ким экенин билбей өскөн
Болочок актёр 1914-жылы Сокулук районундагы Жыламыш айылында төрөлгөн. Жети биртуугандын кичүүсү болуп төрөлгөн Асанкул ага ата-энеси ким экенин билбей чоңойду. Анткени болочок актёр үч жашка толгондо ата-энеси каза болуп калган. Ата-эне мээримин көрбөй, жадакалса алар туурасында толук маалымат билбей өскөн бала жакын туугандарыныкында 15 жашына чейин чоңоёт.

Асанкул аганын биртууганы Аманкул Куттубаев борборго келип, кыргыз музыкалык драма театрында уюштуруучу болуп иштеп калат. Аманкул инисинин да актёрлукка жөндөмү бар экенин байкап, өз жанына алып алат. Ошентип, өз дараметтери менен алга умтулган биртуугандар театрда коюлган спектаклдерде анча-мынча роль жарата коюп, актёр деген улуу өнөргө кадам ташташат. Бирок бул жигиттердин жаштыгы Улуу Ата Мекендик согуштун катаал жылдарына туш келет. Асанкул ага мекенин душмандардан коргоо үчүн согушка аттанат.

1941-жылы Түркмөнстан менен Ооганстандын чек арасына жакын жайгашкан Кушка шаарында жүргөндө капысынан “артисттер мекендерине кайтсын” деген буйрук чыгат. Буйрукка ылайык мекенине келген Асанкул ага өзү иштеп кеткен театрда эмгек жолун улап, тартыштыктан, ачкачылыктан кыйналып ыйламсыраган элдин маанайын көтөрүү максатында иш баштайт. Айылдарды кыдырып, оюн койгон актёрдун жаштыгы ушундай катаал турмушта өтөт.

Билимдүү актёр
Кандуу согуш биздин жеңиш менен аяктаган соң «бардыгы жоокер үчүн!» деген ураандан тажаган эл эми келечекке чоң үмүт арта баштайт. “Окуп, билим алуу керек” деген жаштардын катарындагы Асанкул ага Москвадагы Луначарский атындагы театралдык институтуна өтүп, билимдүү актёрго айланат. Кыргызстандын кайсы аймагында театр ачылса, ошол жерлердин баарына барып иштеген актёр өзүнө акырындан тажрыйба топтой берет.

Жубайын Караколдон тапкан
Караколдогу театрда иштеп жүргөндө актёр өзүнүн өмүрлүк жары Батыйга жолугат. Батый колунан көөрү төгүлгөн иштүү айым болгон. Иштүүлүгү, сырткы сулуулугу менен жигиттерди суктандырган бийкечти “башка бирөө илип кетпесин” деп чочулаган Асанкул ага үйлөнгүчө шашат.

Асанкул ага фильмде Момун чалды эмес, өзүн ойногон
Асанкул аганын жүрүш-турушу, мүнөзү да дал “Ак кеме” фильминдеги Момун чалдыкындай болгон. Аталган тасмадагы ролду Чыңгыз Айтматов менен Болот Шамшиев атайлап Асанкул агага ылайыктап жазгандай эле. Бирок андай болгон эмес. Алгач сценарий жазылып, андан соң ага ылайык актёр изделген.

«Балдары тентектик кылганда Асанкул аганын колу тиймек түгүл, бир ооз катуу айтчу эмес» дешет. Жубайын Батыке деп эркелетип, көзүнө карап турган. Чөпкө да зыяны жок экенин билгендер актёрду урматтап, жакшы көрүшкөн.

Ал кездеги актёрлор съёмка кайсы жерде болсо, үйбүлөсүн толугу менен алып барыша турган. Асанкул аганын үйбүлөсү да “Ак кеме” тартылып жаткан Ысык-Көлдөгү Чоң-Жаргылчак айылына барып, съёмка бүткүчө жүргөн. Момун чал Нургазыга айтып берген жомогун тартууда актёрдун кичүү кызы Света да катышкан. Бүтүндөй бир уруу набыт болуп, жалгыз аял бешиктеги баласын алып качып баратканда, душмандар артынан жаа менен атып өлтүрүшкөн эпизод эсиңиздеби? Мына ошол аялдын ролун актёрдун кызы ойногон.

Таарынып, сүйлөбөй койгон
Момун чал Орозкул экөөлөп кыйылган бакты суудан өткөрө албай кыйналышкан жеринде зөөкүр Орозкул өзүнөн бир топ жаш улуу, бирөөгө үнүн катуу чыгарбаган Момун чалды ашата сөгүп, өтүгү менен уруп калат эмеспи. Ушул жерин экөө тең аткара албай, бир топко бушайман болушкан. Режиссёрдун катуу талабынан кийин өтүгү менен Момун чалды чапканы үчүн Орозкул кино бүткүчө кечирим сураган. Кино экенин түшүнүп турса да, Момун чал Орозкулдун кылыгына таарынып, бир нече күн сүйлөбөй койгон.

Эл эмгектен эскерет
Пенсияга чыккыча театрда эмгектенгени үчүн актёр Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти наамына ээ болот. Аңгыча алтымыш жашка чыгып, чоң той өткөрөт. Мына ошол той менен катар Асанкул ага атак алып келүүчү Момун чалдын ролун жаратат. Башкача айтканда, актёр киного биринчи жолу алтымыш жашында тартылат. Андан кийин “Эски тегирменде” – мугалимдин, “Фонтанда” – атанын, “Сүйүү дастанында” – Бегимайдын атасынын, “Каныбекте” – чор тамандын ролун аткарган. Андан сырткары «Каардуу ак куу», «Теңтуштар» аттуу өзбек фильмдерине да катышкан.

Гүлнара Куттубаева: “Атамды кордошкону үчүн “Ак кемени” көргүм келбейт”
– Ишенесизби, мен “Ак кеме” фильмин ушул жашка чыкканы толук көрө элекмин. Анткени кинодо Орозкул баш болуп атамды кордошот эмеспи, ошон үчүн аны аяп көргүм келбейт. Атам тирүү кезде ичимден “көзү өтүп кеткенде, балким, аны тирүү деп кабыл алып, анан кинону толук көрөрмүн” дечүмүн. Кайдан, азыр деле көрө албай кыйналам, көргүм да келбейт.

Атам укмуш жоош адам болчу. Жети небереси бир учурда моюн-башына асылып жанын коюшчу эмес. Ошондо балдарды какыс-кукус кылайын десем, кайра мени тыйчу. Атамдын улуу агасы Аманкул атама чейин каза болду. Анын балдары менен азыр катташып турабыз. Аманкулду биз чоң ата дечү элек. Атамдын чоң атамдан башка биртуугандарынын баары согушта каза болушуптур.

Ал “Ак кемеге” чейин деле театрда көптөгөн роль жараткан. Ошого карабай, Момун чалды ойногондон кийин “Мыкты дебют” наамын ыйгарышты. Менин көз карашымда маданият жетекчилигинин бул кылганы туура эмес эле.

Тамекини укмуш тартчу. Апам атамдан мурун каза болду. Тамекини кайда катпайын, таап алып буркуратып тартып кирет. Ошондон улам болсо керек, “өпкөсүнө суу толуп кетти” деген диагноз менен ооруканага жатып калды. Көп жаткан жок, бир аз ооруп эле сексен жашында кете берди. Мен үчүн бул жарык түнгө айлангандай болду. Кадимкидей көзүмө эч нерсе көрүнбөй отуруп калдым. Ким келди, ким кетти? Буларды билүүгө дараметим жеткен жок. Ал эми сиңдим Светанын айтымында, атамды акыркы сапарга узатып жатканда күн аппачык, асманда бир да булут болбоптур. Молдо жаназасын окуп, жерден көтөрүшкөндө ачык асмандан кадимкидей жамгыр жаап жибериптир. Карасаңыз, атамдын дүйнө салганына биз гана эмес, табият дагы ыйлаган.

Сүйүн Кулматова, “Супер-инфо”, 7-13.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.