Курманжан Датканын 200-жылдыгына карата даректүү фильм тартылат

Сентябрь айында Маданият жана маалымат министрлиги Курманжан Датка атындагы фонд менен бирдикте белгилүү кыргыз мамлекеттик ишмеринин 200-жылдыгына карата документалдуу фильм тартууга киришет. Бул туурасында «КАБАР» агенттигине Маданият жана маалымат министри Султан Раев билдирет.

Тасманы тартууга өкмөт тарабынан 2 млн. 500 миң сом бөлүнгөн, тиешелүү токтомго премьер-министр И.Чудинов тарабынан кол коюлган.

«Фильм Кыргызстанда, Өзбекстанда жана Россияда тартылат, ошондой эле архивдик материалдар да камтылат. Документалдык тасмадан соң, Курманжан Датка тууралуу көркөм фильмге даярдык көрүү башталат», — деп кошумчалады С.Раев.

А.Бенгард, МА, «Кабар» МА, 10.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.