Эгемендүү Кыргызстандын мыкты тасмаларынын декадасы болот

Ушул жылдын 19, 22, 27 жана 29-август күндөрү Бишкектеги Кино үйүндө эгемендүү Кыргызстандын мыкты тасмаларынын декадасы өтөт.

Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Кинематография департаментинен маалымдашканга караганда, көрсөтүүлөрдүн катарында толук метраждуу көркөм тасмалар, документалдык, анимациялык фильмдер, ошондой эле кыска метраждуу тасмалар бар. Жалпысынан декада үчүн 20-25 фильм тандалып алынат. Мунун ичинде Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» Улуттук киностудиясы менен бирге жеке киностудияларда тартылган фильмдер болот.

Тасмаларды көрсөтүүдө аларды жараткан кинорежиссер, актер, кинооператорлор катышып, искусство ишмерлери фильмди көрсөтүүдөн мурун тасма жөнүндө баян куруп беришмекчи.

М.Ибраева, «Кабар» МА, 17.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.