Кыргыз ашканасы

Кыргыз ашканасында илгертен башка тамактар менен бирге эле биринчи деп аталган топтун да өзүнүн ээлеген өзгөчө орду бар. “Эгер баш тартуу кылбасаң, конокко кой сойдум дебе” дейт кыргыз. Анын сыңарындай, ар кандай сыйлуу конокко кой союп, баш тартуу- элибиздин эчен жылдардан унутулбай келаткан салттарынын бири. Биринчи тамакты даярдоодогу негизги азык – эт, сүт, жашылчалар, ун жана аркандай даам күчөткүч кошулмалар ж.б.

Төмөндө, азыркы мезгилде кеңири колдонулбай, унутулуп бараткан кээ бир түрлөрү туурасында айта кетүүнү туура көрдүк.

Ак шорпо (болбосо сүт кошулган шорпо)

Керектелүүчү азыктар: койдун эттүү 4 кабыргасы, 200 г сөөгү жок эт, 1 баш пияз, 200 г сүт (же 100 г каймак), туз, кара жана кызыл калемпир.

Кабырга менен этти муздак сууга салып, отко коёбуз. Кайнаганда көбүгүн(эткел) алып, татымына жараша туз, майдаланган пиязды салып, жеңил отто 1,5-2 саат кайнатуу керек. Даяр болгон шорпого сүт (же каймак) куюп, этин порцияларга бөлүп чыныларга салабыз да, үстүнө шорподон куюп, жупка же чабаты менен дасторконго беребиз. Тууралган көк чөп кошуп коюуну унутпаңыз.

Куруттап

Керектелүүчү азыктар: 1,5 л суу, 75 г жүгөрү талкан, 300 г курут, 75 г сары май.

Жаңы кайнап келаткан сууга талканды бүртүк болбогудай кылып, акырындан аралаштыруу жолу менен салабыз. 20-25 мүнөттөн соң, алдын-ала сууга майдаланган(суюк) курутту куябыз да, аз гана кайнатып оттон чыгарабыз. Даяр тамакты бираз муздатып, сары май менен аралаштырып коюу керек.

Шуруган (сүттүү шорпо)

Керектелүүчү азыктар: 2 л сүт, 75 г сары май, 1-2 баш пияз.

Кызытылган майга пиязды кызарта кууруп, ага сүттү куюп, 10-15 мүнөт кайнатуу керек. Чоң чыныларга жупка же чабатыны туурап, сүт шорпону үстүнө куюп дасторконго бере берсеңиз болот.

Убай

Керектелүүчү азыктар: 400 г курут, 200г сүт, 300 г каймак.

Сууга эзилген курутту бираз ысытып, сүт менен каймак куюп аралаштырабыз. Даяр болгон тамакты муздатып, жупка же тандырга бышкан токоч менен берсе ылайыктуу.

Кордо

1Керектелүүчү азыктар: 2 литр суу, 300 г күрүч, 1 литр айран, кызыл жана кара калемпир, туз татымына жараша.

Тазаланып, жуулган күрүчкө муздак суу куюп,татымына жараша туз кошуп отко коёбуз. Күрүч бышкан соң, бираз муздатып, ага айранды (эзилген сүзмө деле жарай берет) аралаштырып татымына жараша калемпир,мурч сээп, дасторконго жупка же тандырга бышкан токоч менен беребиз. Кордо – диеталык тамак катары эсептелет.

Баш тартуу

Биз билгендей, баш койдун шыйрактары жана ичеги-карыны менен кошо, кайнатуу жолу менен бышырылат. Аны коноктордун эң улуу, эң сыйлуусуна тартуулашат. Баш тартууланган сыйлуу конок алгач кулагынан кесип ооз тиет да аны 3-4 бөлүккө (порция): кулактары, көзү, мурун бөлүгүндөгү эт, баш эт деп бөлүп, калган конокторго жаш өзгөчөлүгүнө карап бөлүштүрөт. Тил менен астыңкы жаак устукан катары эсептелбейт, ошондуктан аларды жаш балдарга беришет.

Мээ кошулган шорпо

Керектелүүчү азыктар: 2 л кой этинин шорпосу, койдун мээси, 1 пияз, 3-4 сарымсак бөлүкчөсү, көк чөп.
Баш сөөктөн алынган мээни чыныга салып, айрандай суюктукка келмейинче чалуу керек. Даяр шорпого майдаланган пияз, сарымсак, көк чөптү салып, бир нече мүнөт кайнатабыз. Даяр болгон массаны сүзгүдөн өткөрүп, чалынган мээни үстүнө куябыз. Мээ кошулган шорпо даяр.

Даярдаган Асылкан Шайназарова,
“Апта” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 01.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.