А.Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры баш калкасыз калды

Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры баш калкасыз калды. Буга чейин аталган театрдын артистери К.Баялинов атындагы республикалык китепкананын имаратынан ижарага алышып, репетициялар жүргүзүлүп келген. Алар бул жерден жайында чыгарылып, театрдын репетициялары үзгүлтүккө учурап,  учурда баш калкасы жок калышты. Мындай маалыматты «МСН» гезити бүгүнкү санында жазып чыкты.

Аталган театр борбордук мэриянын карамагында болгондуктан, мэриянын чиновниктери бул маселени чечип берүүгө сөз беришкен. Бирок бул маселе бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келет.

Театрдын көркөм жетекчиси Айгүл Өмүралиеванын айтуусунда, алар учурда «Диалог» маданият үйүнө жайгаштырылып, театрда оюн коюу үчүн колдонула турган үй буюмдарынын (реквизит) жарымы китепканада калып жана спектаклдарды коё турган жердин жоктугунан репетициялар токтоп турат.

Эске сала кетсек, А.Өмүралиев атындагы шаардык драма театр өткөн жылы өзүнүн 15 жылдыгын белгилеген. Театрга атайын имарат бөлүп берүү маселеси да ушунча жылдан бери чечилбей келет.

“Кабар” МА, 02.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.