Кыргыздын жаш музыканты Эл аралык академияга мүчө болду

A3DA9A81-D90F-4696-8B97-5DCDECDD1041_mw800_mh600Санкт-Петербургда 17-ноябрда жаш аткаруучулар классикалык музыка боюнча өнөрүн көрсөтүштү. «Достук музыкалык мончок» аталыштагы ал кечени быйыл эл аралык аткаруучулар жарышында баш байгени жеңип алган Азамат Сыдыков уюштурду. .

Ага Шериктештикке кирген 9 мамлекеттен жана Жапония менен Түркиядан аткаруучулар келип катышышты. Өнөрүн көрсөтүүгө чакырылган жаштар дээрлик эл аралык конкурстарда жеңип чыгуучулардан турушту. Ал жерде 4 аткаруучуга эл аралык чыгармачылык Академиясынын дипломдору тапшырылды. Москвадагы кабарчыбыз Муса Мураталиев «Достук музыкалык мончок» долбоорунун автору Азамат Сыдыков менен баарлашат.

Азамат, Санкт-Петербургга барып, классикалык музыканын кечесин өткөрүп келипсиз, ал жерге өнөрүн көрсөткөн кесиптештериңиз жөнүндө айтып берсеңиз.

– Ырас айтасыз, ал шаарда бир жакшы музыкалык майрам өттү. Бизге да чоң сыймык болду.

Кайсы өлкөлөрдөн келишти?

– Жапон, Түркия, Казакстан, Украина, Молдова, Армения, Кыргызстан, Орусия, Грузия…

– Бул фестиваль келечекте да болобу же ушул эле жолу өткөрүлдүбү?

– Биринчи жолу фестиваль деңгээлде болбоду, бул, концерт катары өттү. Менин баамымда экинчи жолу толук кандуу фестиваль боло алат. Ал эми концертке келсек абдан жакшы өттү. Москвалыктар классикалык музыка оюнун моокуму канганча көрө алышат. Питерде ал тартыш келет. Анын үстүнө дал биздин долбоордой эл аралык деңгээлде өткөрүлгөн долбоор жок экен. Көп өлкөдөн келген жаштар болбойт экен. Ошон үчүн бул жакшы болду. Менин болжолумда бул иш экинчи, үчүнчү жолу фестиваль катары өткөрүлөт.

Сиз долбоорду ишке ашырып атканда жаш аткаруучуларды кандай ишенимден улам тандадыңыз?

– Биринчи кезекте дарамети эске алынды. Мен жеринен угуп, көрүп келаткан, «бали, кандай мыкты ойнойт, канча чебер!» деген музыкалык аткаруучулар болду. Мен аларды чакыраарын чакырып коюп, бирок оюн коюлчу күнгө дейре сарсанаа болуп аттым. Ал балдар келеби жокпу деп ишенбей жүрдүм. Бирок алар убадасына туруп, келип ойноп беришти. Абдан мыкты ойношту. Эл аралык көп сыйлыктардын ардагерлери сонун оюн коюшту. Менин оюмча алар он-он беш жылдардын кийин ар кимиси өз элинин элдик артисттери – чыгаан жана залкар маданий ишкерлери болуп чыгышары шек санатпайт.

Питерге он бир киши келмек экен, ошонун баары тең эл аралык жарышка түшүп анын жеңүүчүлөрүбү же конкурска катышпагандары деле болдубу?

– Он бирден ашып кетти. Эмне дегенде Алманиядан бир пианистка келди. Наталья Поснова деген. Ал бир нече конкурстардын ардагери болуптур. Иши кылып он үч кишиге жетти. Афишада көрсөтүлгөн он бир кишиден көп болду. Арасында жаш балдар да болду. Баарыга белгилүү ырчы уландын үнү 27 жашында өзгөрүүгө дуушар болуп үнү ачылат. Кээ бир, мисалы, Казакстандан келген бала конкурстан байге ала элек. Бирок мен аны угуп жүргөм. Келечектүү шыктуу бала. Бул концерт ал үчүн жакшы шарт болду. Ардагерлер арасында ырдап, өз мүмкүнчүлүгүн алардын алдында көрсөтө алуу алардан өрнөк алуу үчүн, кесиптик деңгээлин жогорулатууга жакшы шарт болду.

Ал жерде эл аралык чыгармачылык Академиясына бир нечеңерди кабыл алуу да болуптур.

– Айта кете турган кеп, дегеле ушул музыкалык майрамды өнтөлөп өткөргөн биринчи кезекте ошол, Эл аралык чыгармачылык Академиясы, анын жетекчиси академик Гладышев болду. Андан тышкары башка уюмдар кызуу жардам беришти. Алар менин колдоого алып коюшту. Каражат тарабынан, моралдык жактан чоң таяныч болду. Ошон үчүн муну мен баарыбыздын долбоорубуз болду дейт элем. Бул чоң жеңиш болду эмне дегенде дараметтүү жаш аткаруучуларды бир жерге чогултуу кыйла оор иш экен. Академияга төрт мүчө алды. Алардын бири мен болдум. Валентин Урюпин – таланттуу бала, кларнетте ойнойт. Дмитрий Янов-Яновский – виолончелде ойнойт, Наталья Поснова – фортепианодо ойнойт.

Программа боюнча алганда Ф. Лист, П. Чайковский, Р. Шуман, Ф. Шуберттин чыгармаларын аткарыпсыздар. Дагы кандай зоок болду?

– Көч башында ойнолгон музыкалар классикалык авторлор чыгармалары болду. Бирок арасында элдик да обондор аткарылды. Маселен, Жапониядан келген Аяко Танабе скрипкада өз элинин да музыкасын ойногондо залдагы угуучулар айкырып, кыйкырып кыйлага кое бербей кол чаап туруп алышты. Моцарттын ариясын ырдаган казак баланы да кол чабуулар кыйлаган сахнадан кетирбей кармап турушту.

Муса Мураталиев, “Азаттык”, 24.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.