Кыргыз тарыхын дүйнөнүн 41 өлкөсү көрдү…

Дастан ага, жакын арада сиз Туркия мамлекетине барып, эл аралык илимий конференцияга катышып, сөз сүйлөп келгениңиз жөнүндө кабар алдык. Ушул жөнүндө кыскача айтып берсеңиз.
– Бир топ өлкөлөрдөн келген абройлуу түрколог-илимпоздор үч күн бою “Түрк тили Чыгыштан Батышка чейин” деген сөздүн тегерегинде пикир алышып, талаштуу маселелерди талкуулашты.

Коло пайда болуп жайылышы жөнүндө генетика, лингвистика, этнография жана археология илимдеринин маалыматтары жөнүндө сүйлөп, коло Алтай, Тянь-Шань, Казакстанда биринчи пайда болуп, Мисир (Египет), Европа, Месопотамия, Кавказ жерлерине тарагны жөнүндө талашсыз илимий маалыматтарды келтирип, далилдеп бердим.

Биздин бабаларыбызга таандык бул иш дагы бир жолу кыргыздын байыркылыгын жана улуулугун аныктап турганы-бүгүнкү муундарга зор сыймык, бабаларыбызга даңк, кыргызга намыс.
Биз билгендей, сиз тилчи эмессиз. Кантип сизди бул конференцияга чакырып калышты?
– Туркиянын мамлекеттик “ТРТ-Аваз” сыналгысы кыргыздын байыркы тарыхын менден кыргыз тилинде тасмага түшүрүп, жетимиш миллион түрк элине гана эмес, 41 дүйнө өлкөсүнө спутник аркылуу обого чыгарганы менин бул конференцияга чакырылганымдын себеби болуптур.

Түрк мамлекетинин сыналгысы жөн эле кыргыздын тарыхын чагылдырбастыр… Мунун бир себеби бардыр?
– Дүйнөлөшүү күч алган доордо ири өлкөлөр геосаясий максатта өз тарыхын тереңдетип, байыркы эл экенин аныктоого аракеттенүүдө…

Кыргыздын алты миң жыл тарыхы биздин байыркы тарых, кыргыз биздин бабаларыбыз-дегени жалпы кыргыз үчүн сыймык, даңк, намыс.

Кыргыздын бул тарыхын биздин эл көрө алабы?
– Бул тарых ДВД-диск түрүндө сатылып жатат. Жети атасын сүрүштүрүп, тактап айтып берген адамга илгери ат миңгизишчү экен. Алты миң жыл тарыхыбызды камтыган ДВД дискти (150 сом) кымбат экен деп, бир кило эттин баасынан төмөн баалап, “Хаммер” эң кымбат баалуу джип, 100 километрге 25 литр бензин жагат) айдаган бай кыргыз албай койгону-улуттук эс-тутум толук өчүп, жок болгонун далилдеп жатпайбы.

Улут тарыхын, мурасын, дөөлөтүн, наркын, салтын жазып да, айтып да жатасыз. Кыргыз элинин үч канат коом түзүлүшүнө, уруу башкаруусуна терс мамиле кылып, кабыл албагандар да, аны колдогондор да жок эмес. Уруу-урууга бөлүнүп, эл ынтымагы ого бетер ыдырап кетпейби?
– Кыргыздын тарыхын, дилин, наркын, салтын үстүртөн гана билип же билбеген маңкурттар, жети атасын, урук, уруусун тааныбаган тексиздер гана минтип айтышат. “Жети атасын билбеген-кул” деп кыргыз бекер айткан эмес экен. Себеби, жети атасын билбеген киши улутсуз болуп, тарыхын, мекен ыйыктыгын, улут улуулугун билбей, кулдук сезимден чыга албай, намысын жоготуп, бабалардын улуулугун даңктоонун ордуна, аларды басынтып, бөлөк элдердин таман алдына салып бергендей болуп, жатпайбы. Кыргыз деген уруу жок, болгон эмес. Кыргыз-кырк уруунун ажыратылгыс биримдиги, бөлүнбөс бүтүндүгү. Бабаларыбыз “кыргыз” деген сөздү ыйык жана улуу деп түшүнүп, кабыл алышкан.

Миң жылдар бою канат, уруулар түзүлүшү кыргызды бөлүп, ыдыратпай эле, аман сактап калмак баскынчыларынан Мекенибизди бошотуп, эркиндикти камсыздап келбедиби.

Өлкөбүздө ар кандай саясий күчтөр бар. Алар уруучулукту жеке кызыкчылык үчүн, саясий чайкоочулукка пайдаланбайт деп ким кепилдик бере алат?
– Саясатчылар мындай терс иштерге жакын туугандарын же өз уругунун айрым адамдарын пайдаланышы мүмкүн, бирок эч качан бүт уруу элин пайдалана албайт жана тарыхта да пайдалана алган эмес. Себеби-эл даанышман, көрөгөч. Элге-тынччылык, ынтымак, биримдик, коомдогу туруктуулук, бейпил турмуш керек. Мындай кооптонуу-“коркконго кош көрүнөт” дегендей болуп жатат.

Деги эле кыргыз эли оңолуп, өсүп, дүйнө элдеринин алдыңкы катарына көтөрүлө алабы?
“Элине пайдасы жок тирүүнүн өлүгү” деп бабаларыбыз айткан экен. Бүгүн ушундай “тирүүнүн өлүгү” көбөйүп, кыргыз жерин каптап кетти.

Бар дүйнөгө басылып, куру дүйнөнүн кулу болуп, Мекен, Улут, Эл, Келечек унутта калды. Элин тоноп, уурулук менен байыгандар сыйлуу, барктуу болушту.

СССР эли куруп, чогулткан мүлктү 19 жыл бою тоноп, жеп, түбүнө жетип, эми алты миң жыл ичинде бабаларыбыз билектин күчү, найзанын учу, кылычтын мизи, жүрөктүн оту менен таап, жыйнап, бизге мурас кылып калтырган дөөлөт, тил, дил, рухий казына талкаланып, чачылып, талоонго учурап калды.

Эң өкүнүчтүүсү-муну душман эмес, маңкурт кыргыздар өздөрү кылып жатканы болду.

«Асман-пресс» («Кыргыз гезиттер айылы»), 03.12.2009-ж.

* * * * *

Дастан Сарыгуловдун “Кыргыз тарыхы” дискин сатып алуу шарты менен бул жерде таанышсаңыздар болот.

Ал эми бул жерден “Кыргыз тарыхынан” үзүндү менен тааныша аласыздар. Ал “Кабар” маалымат агенттигине жайгаштырылган.

КМБ

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.