Кошой-коргон коргоого муктаж

Кошой-Коргон Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында жайгашкан. Биздин күнгө чейин бул коргондун табышмактуу сыры али күнгө толук ачылбай келет. Жалпы аянты төрт гектарды түзгөн сепилдин туурасы 5, бийиктиги 6-8 метрди түзөт. Кылымдар бою бузулбай сакталып келген коргондун топурагында кандай кошулма бар экендиги да белгисиз. Келечекте тарыхчы болууну самаган айылдын тургуну Нур Кенжебеков бул тууралуу мындай дейт:
– Кошой-Коргондун топурагы өзгөчөлөнүп турат. Май татыган өзгөчө бир даамы бар. Айрым бир ооруларга дабасы, дарылык касиети бар деген сөздөр да айтылып жүрөт. Ошондон улам атайын келип топурак алып кеткен учурлар арбын.

– Ар бир келген киши бир уучтан топурак алып кетип отурса бул жерде эмне калат, – дейт айылдын дагы бир тургуну Мажит Тентимишов. Ансыз деле жамгырдан улам коргондун топурагы жыл өткөн сайын азайып барат. Мындай көрүнүштөр ыйык жайдын көркүн бузуп, жоголушуна түрткү болот. Бабаларыбыздан калган ыйык жерди урпактарга жок дегенде ушул калыбында сактап өткөрүп берүү үчүн мамлекеттик көзөмөл керек.

Ооба, элдин эс-тутумунда олуттуу орду бар, кадимки Манасты хан көтөрүп, эли-журтун суук көздөн сактап келген баатыр Кошой бабабыздын ыйык коргону коргоого муктаж.

«Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 04.02.2011-ж., 04.02.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.