Эпостун баркын угуп билгиле

Жаш манасчы Дөөлөт СЫДЫКОВ жакында манас угуучулар клубун ачканын билдирди. Манасчынын айтымында, угуучулар манас угуп эле тим болбой “Манас” эпосу боюнча көтөрүлгөн маселелердин чоо-жайынан да кеңири маалымат алса болот. Чындап манас уккуңуз келсе (0778) 85-72-24 телефонуна чалып, Дөөлөт мырза менен байланышсаңыз болот. Эпосту уккусу келгендерге эшик бекер эле ачык. Баса, учурда Дөөлөт манасчынын вариантындагы “Сейтек” эпосу басмаканада каражаттын жоктугунан чыкпай турат. “Сейтек” жарыкка чыгып, кыргыз жаштарынын аң-сезимине сиңсе жакшы болот эле. Азырынча колдоочулар чыкпай жатат” дейт каңырыгы түтөгөн Дөөлөт мырза.

“Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 15.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.