Көп кырдуу талант

A5C153AC-AB97-4D98-B66B-988E0F23C4E9_mw800_mh600“Азаттык” радиосунун кабарчысы Аманбек Дилденбай бүгүн эл ортону элүү жашка чыгып олтурат.

Аманбек Жапаров бүгүн коомчулукка төбөсү көрүнгөн белдүү журналисттердин бири катары эле эмес, актер, режиссер катары да таанымал. Аманбек Жапаров учурда журналисттик кесипти аркалаганы менен чыгармачылык жолун театрдан баштаган.

Жапаров Аманбек Дилденбай уулу 1977-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик көркөм өнөр институнунун режиссура бөлүмүн аяктагандан кийин жолдомо менен Нарын музыкалуу-драма театрынан артист-режиссер болуп чыгармачылык чыйырын баштаган.

Ал жерде кыргыздын белгилүү артистери менен иштешип, Ч.Айтматовдун “Эрте жаздагы турналар” спектаклинде Султанмураттын, Ж. Өзүбекованын “Кыял” мелодрамасында Кубандын жана башка ондогон образдарды жараткан. Мына ошол Ч.Айтматовдун “Эрте жаздагы турналар” спектаклинде Мырзагүлдүн образын жараткан эл артисти, М.Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрынын жетекчиси Дамира Баратбаева кесиптешинин чыгармачылыгына өзгөчө баасын берет:

-Ошондо Аман 21 жаштагы жигит болчу, мен 32 де болчумун. Андан кийин башкы режиссер болуп иштеп, чоң-чоң спектаклдерди койду. Абдан жакшы, режиссерлук таланты, актерлук чеберчилиги күчтүү жигит.

1985-жылы Тбилисиде өткөн эл аралык театр фестивалында Аманбек Жапаров ойногон “Эрте жаздагы турналар” спектаклиндеги баш каарман Султанмураттын образы мактоого татыктуу болуп, сынакка катышкан 21 театрдын ичинен Нарын музыкалуу театры экинчи орунду ээлеген. Ошондо СССРдин эл артисткасы Нона Анджапаридзе Жапаровдун жараткан образын эң мыкты роль деп баалап батасын берген.

Режиссер коючу катары Аман Жапаров Ш.Шаршеевдин “Камбаркан” М.Тойбаевдин “Талаа гүлдөрү”, А.Жакшылыковдун “Көкөй кести” чыгармалары боюнча спектаклдерди койгон. 2009-жылы белгилүү эстрада жылдыздарынын жана куудулдарынын аткаруусунда. Насыр Давлесовдун “Аста, секин колукту” музыкалык комедиясы коюп, көрүүчүлөргө майрам тартуулады.

Аман мырза менен бирге окуп, студенттик күндөрдү чогуу өткөргөн курсташы Эшенкул Барпиев “эр ортону элүү жаш” дегендей, анын театр өнөрүнө кош турган салымы али алдыда дейт:

-Аман досубуз кыргыздын театралдык өнөрүнө өзгөчө орун калтырган режиссерлор Жалил Садыков, Жанузак Молдобаев, Алмаз Сарлыкбеков деген агайлардан билим алган чоң режиссер. Чыгармачылык дарамети өтө күчтүү, ойчул, фантазист.

Аманбек Жапаровдун мен режиссер катары гана эмес, мыкты да актерлук дарамети бар деп билем. Андыктан кийинки фильмдеримде сөзсүз образ жараттырам дейт белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаров:

-Актер катары дагы кыргызда жүзү бар. Башкалар байкабай, киного чакырбай жүрөт окшойт. Ылайыктуу, кыргыздын нукура киносу тартыла турган болсо, актер катары чакырсам деген оюм бар.

Аман Жапаров көркөм өнөр институнда окутуучулук кесипти аркалап, ондогон актерлорду, режиссерлорду тарбиялап чыгарган. Анын шакирттери КРнын маданиятына эмгек синирген ишмер, КРнын эмгек синирген артистери болушкан. Алардын катарында белгилүү ырчы, КР эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева да бар.

-Мен Нарында жашап жүргөндө театрда Аман агай режиссер болуп иштөчү. Ал спектаклдерди сахналаштырганда мен карап отурчумун. Мен кичине кезимде эле ырдап баштагам. Ошондо мага сахна сырларын үйрөткөн ушул агай болгон, – дейт Асел Турдалиева.

Аманбек Жапаров өзүнүн баскан жолуна кылчайганда театр өнөрүнө жеткиликтүү көңүл бурууга мүмкүнчүлүгү азыраак болгонуна ичи ачышарын жашырган жок:

-Мени өкүндүргөн жагы – театрга жакшы көңүл бурулбай калып, театрда чыгара турган, жаңылык киргизе турган нерселеримди аткара албай калдым. Эмнени өзгөртөт элеңиз десеңиз, мен адамдардын аң сезимин оңдойт элем, адамдардын өзүнүн укугун билгенге, мыйзамды сыйлаганына көп эмгек сиңирет элем, -дейт А. Жапаров.

Жапаров Аманбек Дилденбай Азаттык үналгысынын Бишкек бюросунда 1998-жылдан бери эмгектенүүдө. Коомчулукту түйшөлткөн курч маселелер боюнча тайманбас жана калыс позициядагы жогорку сапаттагы журналисттик материалдары менен оозго алынды.

-Театрда, сахнада айта албаган нерселеримди радио аркылуу элдерге жеткирип жатканым бул да сыймык. Ушул элдердин эркиндиги, өлкөбүздүн азаттыгы, эгемендүүлүгү, элдердин бардар турмушта жашап, бири-бирин сыйлаганы, мамлекеттүлүктү ыйык тутууга үндөп келе жатканым, мага дем берет, –деп баалайт юбиляр журналистикадагы эмгегинин маанисин.

Азыркы учурда А. Жапаров казак президенти Нурсултан Назарбаевдин кыргыз досу Марат Акматаевдин бала кезде баталашып, дос болгону окуясы боюнча “Эр достугу – эл достугу” аттуу публицистикалык драманы жазып, сахналаштыруунун үстүндө иштөөдө.

Аманбек Жапаров эки уулдун бактылуу атасы. Уулдары студент болсо, ысык-суугуна тоңуп, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келе жаткан жубайы Марсейил Осмонова И. Арабаев атындагы жогорку окуу жайында эмгектенет.

Айжан Шаботоева, “Азаттык”, 16.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.