Окумуштуулар Сулайман-Тоонун петроглифтерин иликтөөдө

Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан “Борбордук азиянын аска-таш искусствосу”аттуу биргелешкен долбоордун үстүндө иштей баштады. Бул туурасында «Вечерний Бишкек» гезити 17-августта жазат.

Кыргызстанда мындай жазууларды иликтөө иши Оштогу Сулайман-Тоо Улуттук тарыхый-археологиялык музейинен башталган. Ал жакта аскалардагы чиймеленген жазуулар 400дөн ашык деп саналат.

Байыркы сүрөтчүлөрдүн эмгектерине обьективдүү баа берүү максатында долбоордун жетекчиси Алексей Рогожинский башында турган казак адистери чакырылган. Алгач инвентаризация жүргүзүү, ар бир аскага түшүрүлгөн чиймелерди иликтөө, бөлүштүрүү, документтештирүү жана башка зарыл иш-чараларды жүргүзүү керек.

“Бул иштер дүйнөлүк коомчулук тарабынан өзгөчөлөнгөн кыргыз тоосуна болгон кызыгууну арттырып, ошондой эле бүтүндөй республикага болгон кызыгууну туудурат. Ал эми биздин милдет – келечек муундарга бардык тарыхый-археологиялык жана маданий эстеликтерди сактап жеткирүү”, – дейт Улуттук академиянын кызматкери Бакыт Аманбаева.

МА, “Кабар” МА, 19.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.