Кыргыз цирки “Монте Карло” эл аралык цирк искусствосу боюнча фестивалда “Күмүш клоун” номинациясына ээ болду

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Цирки “Монте Карло” эл аралык цирк искусствосу боюнча фестивалга катышып, анда “Күмүш клоун” номинациясын жеңип алды. Фестиваль 14-24-январга чейин Монте-Карло (Франция) шаарында өтүүдө. Бул тууралуу “КАБАР” маалымат агенттигинин кабарчысына мамлекеттик цирктин көркөм жетекчиси Кадырбек Тажиев билдирди.

Анын айтымында бул жеңиш биздин цирк үчүн жогорку баа деп айтууга болот. Фестиваль Монаконун королу жана ханышасы тарабынан негизделген, ал беш жылда бир өткөрүлөт.

Фестиваль цирк багытында аябагандай зор мааниге ээ. Ал 25тен ашык дүйнө цирк өкүлдөрүн бир аренага чогултат. Ал бир нече номинациялардан туруп, ар бир номинациянын гаран-приси акчалай сыйлыктар менен коштолот. Бүгүн Монаконун канышасы Стефании кыргыз труппасына сыйлыгын тапшырат.

2006-жылы Кытайда Азия регионундагы цирктик труппалар арасында тандоо өткөн. Ал жакта биздин артисттер үчүнчү орунга чыгып, кийинки турга жолдомо алган, андан соң 2007-жылы Польшада өткөн 2 турда экинчи орунга чыгып, 2010-жылдын 14-январында боло турган “Монте-Карло” фестивалына жолдомону жеңип алышкан.

М.Момуналиева, «Кабар» МА, 19.01.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.