Бишкекте болгону эки-үч китеп дүкөн калды

КР ЖК жыйынында 4-февралда “Ак Жол” фракциясынын депутаты Алишер Сабиров Кыргызстанда китеп өндүрүшүнүн, китеп дүкөндөрүнүн абалы өтө начар экендигин белгиледи. Депутаттын маалыматы боюнча, борбор калаабызда болгон 2-3 гана китеп дүкөнү калган. Тилекке каршы Союз мезгилиндеги китеп дүкөндөрүнүн көпчүлүгү сатылып, менчиктештирилип же кафе, башка дүкөндөргө айланып кеткен.

А.Сабиров ошол эле учурда чет өлкөлөрдө китеп өндүрүшү өнүгүп, китеп дүкөндөр да көбөйүп бараткандыгын кошумчалады жана Парламенттин тиешелүү комитети менен аткаруу бийлигине республикадагы китеп тармагын жакшыртуу боюнча чара көрүүнү суранды.

Эске салуучу жагдай, китеп дүкөндөрдүн жоктугунан улам басмадан жарык көргөн китептер Бишкекте гезит рыногунда жана борбордук көчөлөрдүн боюнда ачык асман астында сатылат.

Э.Момунов, “Кабар” МА, 04.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.