Медер Бишкек, чыгыш медицинасы боюнча адис, тай-цзи чебери: “Тай-цзи булчуңдун эмес, аң-сезимдин деңгээлиндеги жоокердик искусство”

– Сизди Бишкек баатырдын урпагы деп окуп келебиз, ал инсан кайсыл кылымдарга туш келет жана борбор шаарыбызга аты коюлганына канча жыл болду?
– Бишкек баатыр – Эркөбөк уулу Бишкек (Бута баатыр) 1705-жылдардын тегерегинде туулган. Ал учурда кыргыз-жунгар согушу күч алып турган. Бишкек баатыр кыргыз армиясынын кол башчысы болгон учурда ага Даулет баатыр, Бердике баатыр, Жайыл баатыр, Эр-Солтоной, Итим баатыр, Эр Садык, Атаке баатыр сыяктуу полководецтер таяныч-жөлөк болушкан. Абылай хан кууп чыккан жунгардын ханы Галдан-Церенди Бишкек батыр 30 000 аскери менен барып, хан ордосун талкалап, а өзүн жекеме-жеке кармашта кылыч менен чаап салат.

Ошол 1745-жылы шаардын мурдагы аталышы жоюлуп, кыргыз эли шаардын атын Бишкек баатырдын атынан атап коюшат. Ошондо быйыл борбор шаарыбыздын Бишкек шаары болуп түзүлгөнүнө 265 жыл болот!

– Ал эми эне тегиңиз кайдан? Ал тараптан деле хандар болсо керек…
– Апам Өзгөн районуна караштуу Куршаб совхозундагы Мырза-Арык айылынан болот. Мен дал ушул эне тегимде Кароол айыл өкмөтүндө таята-таенемдин колунда төрөлгөм. Чоң таятам Шергазы абдан олуя инсан болуп, Өзгөн калаасында белгилүү казы болгон. Анын атасы бүгүнкү күндө Өзбекстанга карап калган аймактарда Фергана өрөөнүндө Акимбек аттуу бек 20 000 аскердин үстүнөн жетектеген инсан экен. Жетинчи таятам Таттыбек бий Кокон хандыгынын учурунда бий болсо, анын атасы сегизинчи таятам да Боромбай бий болгону белгилүү. Он биринчи таятам Каратейит хан тарыхта Кокон хандыгы түзүлө электе Кокон шаарында хан болгонун жазып жүрөм. Ал эми байыркы кыргыздардын учурунда таятамдардын линиясында Тураний аттуу бабабыз Туран империясынын үстүндө туруп, Иран империясын чаап, фарс элдерин басып алгандыгы тууралуу маалыматтар бар. Бул болсо Фирдоусинин чыгармаларында да кеңири жазылган.

– Сизди үй-бүлөдө сегиз бир тууган деп уктук эле…
– Жок. Жети бир тууганбыз. Бир иним он бир жашында киши колдуу болгонун же болбогонун алигиче билбейбиз. Оштогу Сулайман тоосунан кулап кетип, көзү өтүп кеткен. Ошол иним абдан акылдуу, түшүнүктүү болчу.

– Медер мырза, айтсаңыз, чыгыш медицинасына кандайча кызыгып калгансыз?
– Өспүрүм кезимде катуу кырсыкка учурап, бир бутум төрт жолу сынып, өнөкөт түрүндөгү остеомиелит болуп, бронхит, эң өтүшкөн гоймарит, гастирит, омуртка, жүрөк, баш жана башка ооруларга чалдыгып, врачтар бир топ жакшы жардам беришип, а калганын өзүм чыгыш медицинасынын жардамы менен айыгып кеттим. Ар бир минуста плюстар болот экен. Эгер жылдап оорубасам мүмкүн чыгыш медицинасына туш келбейт элем. Мени бир гана өкүндүргөн жери ооруп жүргөнүмдө ата-энемди көп ойлондуруп, кыйнап койгонум. Беш жыл бою ооруканадан ооруканага санаторийлерге жаткызып, менин азабымды аябай тартышты. Ал эми башка жагынан караганда, менин руханий-интеллектуалдык сапаттарым абдан өнүгүп, өсүүгө багыт алды. Биринчиден, руханий устатымды экинчи атамды таба алдым. Анын аты бүт КМШга белгилүү Макен Исаков. Экинчиден, төрт миңдей ар кыл темада китептерди окуп чыктым: медицина, чыгыш медицинасы, философия, психология, саясат, тарых, көркөм адабият, атактуу инсандардын өмүр баяндары ж.б. Канча өнөр үйрөндүм: цигун, тай-цзи, йога, медитация, аутотренинг, акупрессура-чекит массаж ж.б. Массаждын ар түрлөрүн үйрөнүп жүрүп, кытайдын чекит массажы, япондун ши-ацу,аюрведа медицинасынын “Тхану” массажы, тайланддын йога массажы, даос массажы, цигун массажы, сыдырма массаж, шаман массаж, медитативдүү массаж ж.б түрлөрүн синтездеп, Император-Каган массаж мектебин түздүм. 3500 окуучумду тай-цзицюань өнөрүнө үйрөттүм. Жалпысынан алганда окуучуларымдын окуучуларын кошкондо 8000ден ашык адамдар тай-цзи өнөрү менен машыгышты. Император-Каган массажы менен 6 000 кишини дарылаганга мүмкүнчүлүк болду. Канча уникалдуу адамдар менен таанышып, достоштум. Ушунун баарына кудайга ыраазымын!

– Сизди жаш кезиңизде сырдуу кунг-фу менен машыккан деген маалыматтарды алган элек. Бүгүнкү күндө окуучуларыңыз ошол багытта сабак беришет деп билебиз. Ошол тай-цзи кунг-фунун жоокердик өнөрдүн түрлөрүнөн айырмасы кандай?
– Кунг-фунун сырткы багыты, каратэ, дзюдо, бокс, самбо, күрөш- агресивдүү жоокердик өнөрлөргө кирет. Ал эми тай-цзицюань болсо- агрессиясыз жоокердик искусство! Тай-цзи биринчи кезекте философия! Кимдир бирөөнү уруп-согуп, өч алып ден-соолугуна, өмүрүнө коркунуч туудуруп ырахат алгандан көрө элдердин ден -соолуктарына пайда келтирип, күчтү, кубатты жакшылыктарга, сооп иштерине жумшаган туура болор.

Тай-цзи -булчуңдун эмес, аң сезимдин деңгэлиндеги жоокердик искусство! Бирок, тилекке каршы, анык тай-цзинин устатын табуу- алтын казына таап алгандай десе болот. Дүйнө жүзүндөгү тай-цзицюань мектептеринин 99%ы гимнастика менен машыгышат. Анык ички “цзинь” энергиясын иштете билген мастерлер бирин серин эле. Мындай мастерлер душманын бир эле сокку менен өмүрүнө коркунуч туудурат. Интернетке кирип, видео тасмадан Ши-мин аттуу тай-цзи чеберин көргөн адам дароо чыныгы жоокердик кандай болоорун түшүнөт.

Тай-цзиде жоокердик аспектисинде “цинь-на” деген боевой приемдорду өзүнө камтыган программа бар. Цинь-насыз тай-цзи гимнастика бойдон кала берет. Цинь-нада, мисалы, организмде талуу уюлдар-чекиттер болот. Эгерде ошол чекиттерге туура сөөмөй, манжалардын сөөктөрү менен соксо, ички органдардын кээ бири дароо иштен чыгат. Дагы, дим-мак деп аталган программа бар. Аны устаттар окуучунун руханий сапаттары өсүп жетилгенде ачат. Болбосо руханий деңгээли пас мушкер көп адамдардын убалына калышы мүмкүн. Тай-цзи философиясын түшүнбөгөн окуучу эч качан тай-цзини боевой аспектисин үйрөнө албайт. Тай-цзинин боевойуна караганда медициналык багыты кызыктуу жана пайдалуу деп ойлойм. Бул жашоодо көбүрөөк жакшылыктарды жасап, мээримдүү мамилени жайылтсак, анык адамдык парзыбызды аткарган болобуз.

Перизат Рысмамбетова, «Асман.kg» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 04.02.2010-ж.

Соц тармактар:

2 thoughts on “Медер Бишкек, чыгыш медицинасы боюнча адис, тай-цзи чебери: “Тай-цзи булчуңдун эмес, аң-сезимдин деңгээлиндеги жоокердик искусство”

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.