А.Кыязов: “Эл руханий кризисте”

М.Рыскулов атындагы Нарын музыкалык театрынын музыка бөлүмүнүн жетекчиси, белгилүү обончу Адылбек Кыязов кыргыз театрларынын учурдагы абалы, мамлекет тарабынан маданият тармагына көңүл бурулбай калганын “Азаттыкка” берген маегинде кеп салып берди.

Адылбек мырза, мурда Нарын театрын “дөңгөлөк үстүндөгү” театр деп атап коюшканы бекеринен болбосо керек. Учурунда театрдын артисттери 9-10 ай гастролго чыгышып, эл кыдырып спектакль, концерттерди тартуулашчу эле. Азыр силердин театрдын жамааты айыл кыдырып, элди театр искусствосу менен тааныштырып турабы?

-Бул жагында көйгөйлөр бар. Азыр бизде экономикалык кыйынчылыктар болуп жатпайбы. Биздин театрда тээ 80-жылдары союз доорунда келген “Кубань” деген бир автобус бар. Мындай автобус Кыргызстан эмес, дүйнөдө жалгыз бирөө болуш керек. Андан башка транспортубуз жок.

Мына ушул автобусту канчалаган азаптар менен оңдоп, күркүрөтүп май ичкенине карабай жакын айылдарга барып концерт тартуулап турабыз. Бирок илгеркидей тарбиялык мааниси бар спектаклдерди, чоң программадагы концерттерди тартуулай албай калдык. Театр артисттерге “командировочный” төлөп бере албайт.

Алардын жатаканасы, “суточный” дегенди төлөп берүүгө мүмкүнчүлүк болбогондон кийин мурдагыдай республиканын бардык айылдарына барып өнөрүбүздү тартуулай албай калдык.

– Театр болобу, кино өнөрүнбү элдин калың катмарына жеткирүү үчүн эмне кылуу керек?

-Ал үчүн гастролдун бардык чыгымдарын мамлекет төлөп берип, транспорт менен камсыз кылып, артисттерге чыгармачылык шарт түзүп бериши керек. Мурда согуш учурунда дагы биздин мурдагы аксакал артисттерибиз эл кыдырып, жеңишке үндөгөн. Күч-кайрат берген, ички руханий дүйнөсүнө кубат берген.

Алар жөө-жалаңдап айылдарда түнөп, беш-алты айлап эл кыдырган. Келечекке үмүттөрүн арттырган. Азыр кээ бир айылдарга барсаң тосуп алмак-түгүл, айылдагы бейбаш балдар автобусуңду талкалап, сабап кетүүдөн кайра тартпайт. Айыл өкмөттөрү той-аш өткөрүү менен чектелип, элди маданий иш чаралар менен камсыз кылуудан четтеп калды.

Элдин руханий дүйнөсү төмөн түшүп кеткени жашыруун эмес. Маданиятты эл арасында жайылтуу үчүн атайын мамлекеттик программа иштеп чыгуу зарыл. Бүджеттен маданиятка акча каражатын кеңири бөлүш керек.

Адылбек мырза, спектакль даярдоого акча каражаты каралабы?

-Спектакль койгонго азыр акча каражаты бөлүнбөйт. Эгерде биз жылына үч спектакль койсок ар бирине 20 миң сомдун тегерегинде каражат кетет. Ошол 20 миң сомдн акча таппай, демөөрчүлөргө жалдырап, эскини жамап-түзөп эптеп спектакль коебуз.

Мурда “театр коомдун күзгүсү” деп айтылчуу эле. Бүгүнкү күндө театр коомго канчалык керек?

-Эми мен муну мындай салыштырат элем. Айдоо жеринде таштак жерге суу жетпей, куурап турган сыйктуу эле, адамдар азыр көркөм өнөрдөн, руханий азыктан муктаж болуп турушат. Албетте театр коомдун күзгүсү болуп турушу керек эле, тилекке каршы андай болбой жатат. Буга мисал, азыр ар бир үйдө телевизор, анысы аз келгенсип кытайлыктардын ДВДси, көргөндөрү “боевик”, тири-укмуш кинолор. Анан илгеркидей маданияттуу эс алып келелик дегендер жок.

Экономикалык кыйынчылыктарга шылтап спектакль, концерт көргүсү жок. Ошол эле учурда туулган күн өткөрүү, шерине, баласынын тамтуң басканын, небересинин тили чыкканын деги койчу ар кайсы шылтоолор менен той болбосо дагы беш-он кишинин башын кошуп, аракты суудай агызып, тамак-аш бергендер көбөйдү. Мамлекет эл үчүн кызмат кылбай, эл өзүнчө, мамлекет өзүнчө болуп калгандай.

Бары-жогуна жетекчилер, тиешелүү мекеме ишканалар абийир менен иштесе элдин маданий деңгээли көтөрүлөт эле. Мына “маданияты жок элдин келечеги жок”,-деп бийик трибунадан айтышканы менен Маданият министрлигин жоюп, маданият агенттиги кылып койду. Анын ордуна башка министрликтерди ачты. Маданият өнүкмөйүнчө-экономика дагы, мамлекет дагы өнүкпөйт. Эл руханий кризиске кептелди. Мунун арты жакшы болбойт.

– Маегиңизге рахмат.

Аманбек Жапаров, “Азаттык”, 23.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.