Бишкектеги Чуйков атындагы үй-музейде көргөзмө өтөт

3-мартта С.Чуйков атындагы үй-музейде Андрей Зотовдун “Табияттын кооздугу” аттуу сүрөт көргөзмө ачылат. Бул тууралуу “КАБАР” маалымат агенттигинин кабарчысына музейдин башчысы Марина Закревская билдирди.

Анын айтымында, экспозицияда автордун 2006-жылдан берки 26 ашык эмгектери коюлган. “А.Зотов өз эмгектеринде Кыргызстандын жаратылышын, анын кооздугун, мекенибиздин байлыгы болгон Ысык-Көлүн чагылдырган. Мындан тышкары ар түстүү жазгы, жайкы гүлдөр, натюрморттор түшүрүлгөн”, – деди ал.

М.Момуналиева, «Кабар» МА, 01.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.