Бишкекте кийиз көргөзмөсү ачылат
Бишкекте 5-марттан 12-мартка чейин салттуу жана азыркы кыргыз кийиздеринин көргөзмөсү ачылат.
Уюштуруучулар белгилегендей, көргөзмө учурунда шырдак шыруу, открыткаларды, кийизден сувенир продукцияларын даярдоо боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.
Көргөзмөнүн уюштуруучулары Борбор Азиялык ресурстук борбор ассоциациасы, CACSACR-kg кол өнөрчүлөрү жана “Колдо” галереясы.Бул тууралуу АКИpress булагы кабарлады.
«Zpress.kg» МА, 03.02.2010-ж.
Соц тармактар: