Тууганчылык

Кабырга туугандар
Булар – негизи, кыз алышкан, кыз беришкен туугандар. Алды-бердилери анча эмес, кайдыгерирээк, боор матырышып, ичи-коюн, колтукка кирип кете албагандар. Булардын жакындыгы бир урукка барып такалат. Андан жакындар бир атанын балдары аталат. Мисалы, ата, чоң ата, баба, буба, жете, жото, жонкон, кубары, куу сөөк, тек деп, түпкү аталар айтылат. Мында “кубарыдан” баштап жети атага жетет да, кыз алышса болот. Буларды кабырга туугандар деп атаса жарашат.

“Атасы бөлөк, аттан түш”
Бул кыргызда туугандык жайына бөтөнчө көңүл бөлүнүүчүлүк. Бир туугандар, ага-ининин балдары, чоң аталары бир туугандар, бабалары, бубалары бирлер, андан ары ата санжырасын сүрүүлөр бар. Жети атадан беркилерде илик алуулар болот. Мындан сырткары улуу-кичүү аялдан, токолдон, жеңе зайыптан, келин зайыптан дечүлөр жолугат. Т.а. бир ата-энеден төрөлүүчүлөр бөлөктөрү атасы бирлер, энеси бөлөктөр, энеси бир, атасы башкалары – дешет да, ич ара, албетте, жиктелет. “Токолдон”, “байбичеден”, “уялаштан”, “атасы бир” сыяктуу кептер жеринен айтылышы. Ошондо каны бир, тукуму бир боюнча атанын атын абалы чакыруусу. Бул – тукумкуучулук, башкаларга ар-намыстуулукта туруучулук, союл көтөрүүчүлүк, айбат кылуучулук. Башкаларга бел алдырбоолук, атанын наркын бийик тутуучулук. Мына ушундай жагдайлар аркылуу укум-тукум Кыргыз Атада көбөйүүлүк.

Журт күйөө
Бул башка жактардан ооп келген адам. Жашоо-тиричиликтин ар кандай жагдайлары аркылуу ошол айылдан аял алып, бала-бакыралуу болуп, ал жерге байырдап калган күйөө. Аны айыл үстү жакшы маанайда кабылдап, өзүлөрүнө иймерип калуулары. Кайын журтунун арасынан кадыр-барк күтүүсү, эли менен эл, журту менен журт ич ара батышып кетүүсү. Т.а. күч күйөө кайын журтунун үстүндө жашаса, журт күйөө айыл ичинде жашайт.

Тексиз адам
“Тегимди сурап жатасың,
Тексиз жандан дедиңби?
Калкымды сурап жатасың,
Калкы жок наадан дедиңби?” (Семетей)

Бул – ата-теги сүрүлбөй, унутта калган адам. Эч ким айтып бере албайт. Адатта, эркек баланын санжырасы сүрүлүүсү зарыл:

Биринчиден, ата-энеден эрте ажырап, багаар-көрөөрү жоктор бир жакка ооп кеткенде ушундай абалда калуусу;

Экинчиден, кайрадан кайрылып келип, ата-тегин иликтебөөсү, ага өзүнүн кызыкчылыгы жоктугу, бет алган жерде-элде байырдоосу. “Башка өскөндүн боору таш, ташта өскөндүн туягы катуу” дейт.

Үчүнчүдөн, ал адамдын эл-жерин сурап, боолголоп уруусун билүүчүлөр бар, ошол жашап жаткан, көбүрөөк жакшы көргөн адамдын же уруунун ынтымагында жүрүүсү.

Төртүнчүдөн, “тексиз” деген ата-бабасынан бери букара, кембагал-кедей, каратаман өңдүүлөргө чаап кетүүсү.

“Кыргыз Web” сайтынан алынды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.