Британ окумуштуулары дагы бир пьесаны Шекспирдики экенин моюнга алышты

Дагы бир пьеса улуу англис драматургу Шекспирдин эмгеги экендигин Британ окумуштуулары моюнга алышты. Бул тууралуу ВВС корпорациясына шилтеме кылуу менен ИТАР-ТАСС билдирет. Мындан 300 жыл мурун табылган “Двойной обман” атындагы пьеса Шекспирдики эмес, жасалма пьеса деп эсептелген болчу.

Ноттингем унверситетинин адистери атайы изилдөө жүргүзүп, аталган эмгекти чынында эле Шекспир жазгандыгын аныкташкан. Бирок Шекспир пьесаны жалгыз эмес, Джон Флетчер аттуу драматург менен биргеликте жазган. Белгилей кетүүчу нерсе, улуу англис драматургу дагы эки пьесаны башка драматургдар менен биргеликте жараткан болчу.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.