С.Раевдин “Таажы” пьесасынын негизинде коюлган спектаклдын премьерасы болот

Үстүбүздөгү жылдын 3-4-апрелинде Ч.Айтматов атындагы улуттук орус драма театрында Султан Раевдин “Таажы” пьесасынын негизинде коюлган “Өлгөн адамдын таажысы” (“Корона мертвеца”) спектаклынын премьерасы болот.

Пьесанын автору бул спектакль биздин көрүүчүлөр үчүн жаңы багыт экендигин, мындай формадагы спектаклды көрө электигин айтууда. “Анда үч маселе көтөрүлгөн – бийлик, сүйүү жана өлүм. Спектаклдагы эки каарман жакшылык жана жамандык. Алар таажы үчүн ат салышышат. Жыйынтыгында бул таажынын чыныгы ээси өлүм болуп чыгат”, – деди С.Раев.

Оюндун режиссер Туркменистандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Овлякули Хожакули. Ал буга чейин бир топ эл аралык, дүйнөлүк классикалык чыгармаларды сахналаштырып келген.

Башкы ролдордо – КРнын эл артисти Татьяна Стрельцова, Анатолий Адали, театрдын артистери Марат Амираев, Болот Тентемишов, Павел Чалов, Василий Ползунов, Владимир Кисляк, Ольга Жигулева, Елена Амираева, Галина Кетова, Рина Римская, Татьяна Горобченко жана театр астында түзүлгөн студиянын студенттери Кристина Бардакова, Яна Колесникова, Анастасия Малковалар ойнойт.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 18.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.