Алыкулга арналган ыр кече

alykul30-мартта Улуттук китепканада акын Алыкул Осмоновдун 95 жылдыгына арналган поэзия кечеси өттү. Бул кече Алыкул Осмонов 95 жашка чыккан бу жылдагы алгачкы иш-чара.

Кыргыз Улуттук китепканасында белгиленип жаткан Кыргыздын таланттуу акыны Алыкул Осмоновдун 95 жылдыгына арналган адабий кече акындын китепкананын алдында турган эстелигине гүл коюу менен башталып, китепкананын адабият залында белгилүү акындар, жазуучулар, маданият кызматкерлери Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы тууралуу ой-пикирлерин айтышты.

Белгилүү акын, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сагын Акматбекова акындын “Бир билинбей өтүп кетет окшоймун, Бир кеченин жаап өткөн карындай” деген саптарын келтирүү менен, көп жылдардан бери 21-март – Алыкул Осмоновдун туулган күнү ага арналган иш-чарасыз, гүмбөзүнө барып гүл коюусуз, коомдук эскерүүсүз өтүп келатканын капалануу менен белгилеп, акындын калеминин башкалардан өзгөчөлүгүнө төмөнкүчө токтолду:
Алыкулду айрым замандаштары өзүмчүл, кара мүртөз, элге кошулбаган “түнт” эле деп эскеришкени бар. Ырас, Алыкул көпчүлүктөн, той-топурдан алыс болгон. Жакын жоро-жолдошу да аз болгон. Ырас, Алыкул “карышкыр” менен да, “түлкү” менен да дос боло албайт болчу. Ошондуктан ал өзгөчө талант. Жалгыздыктан ал өзүнө, өзү аркылуу дүйнөгө терең баам сала алган. Анан дарты да аны жалгыз болууга түрткөн.

Кыргыз эл жазуучусу Сейит Жетимишевдин пикиринде Алыкул Осмоновдун таланты ачылбай кетти. Себеби Алыкулдун Кудайдан келген таланты советтик адабияттын соцреализминен кысылган:
Мисалы социалисттик реализм Аалы Токомбаевдин, Михаил Шолоховдун чыгармачылыктарынын табиятына кандайдыр туура келип турат. Алар соцреализмдин негизинде мыкты чыгармаларды жазышты. Ал эми Алыкул болсо, андай ар замандык методдорго батпаган акын эле.

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун пикиринде Алыкул Осмоновдун күндөлүгү, каттары жакшы изилдене элек.

Ал эми бир катар чыгармачыл уюмдар тарабынан айтыла келген сөздөр “арык аттап, суу кечпей жатат”. Мисалы, 21-мартта Алыкулга 95 жыл толгон күнү эч кандай иш-чара өтпөдү.

Алыкул Осмоновдун 95 жылдыгына арналып, Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун “Алыкул сүрөттө” сүрөт сынагы өтмөк. Жаш акындардын “Алыкулдун ак боз ат” республикалык фестивалы уюшулмак болчу, бул да өтө элек.

Бирок “Алыкул” фондунун төрагасы Памирбек Казыбаевдин жетекчилиги менен кийинки жылдары бир топ иштер жасалууда. Мисалы, Алыкулдун Чолпон-Ата шаарында үй музейи ачылды. Бишкектеги үй музейи оңдолуп-түзөлдү.

Тандалган чыгармаларынын үч томдугу акындын кол жазмасынын негизинде басылып чыгып жатат.

Фатима Абдалова, “Азаттык”, 31.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.