Таанышып алгыла: таланттуу скрипач Жумаш Дурусалиев

jumashЛондондогу атактуу Иегуди Менухин атындагы эл аралык музыкалык мектепте Борбор Азиядан жалгыз кыргызстандык Жумаш Дурусалиев билим алууда. 17 жашар таланттуу скрипач жакында Прагада чакан концерт берди.

Прагадагы эстен кеткис концерт
Жумадил (Жумаш)  Дурусалиев Прагадагы концертте Эжен Изаинин сонатасын аткарып, музыкалык драмасы күчтүү чыгарманын ыргагында таланты ташкындап, музыка дүйнөсү баарын багындырып жаткандай туюлду.

17 жашар аткаруучу Венявский, Римский-Корсаков, Крейслер, Бахтын чыгармаларын тартуулап, аягында Атай Огонбаевдин атактуу “Эсимде” аттуу ырынын обонун аткарды.

Римский-Корсаковдун “Жапан аарынын ызылдагы” аттуу чыгармасы Жумаштын жогорку чеберчиликтеги аткаруучулук техникасын ачып көрсөттү.

Ошентип, Кыргызстанда опурталдуу окуялар болуп жатканда кыргызстандык таланты күчтүү жаш музыкант ар кайсы улуттун өкүлдөрү чогулган концертте аткарып, аягында көрүүчүлөр ордунан туруп барып, Жумаштын колун кысып, жылуу пикир-каалоолорун айтып жатышты.

Эненин баасы
Музыкант менен кошо Прагага келген апасы Айнур Дурусалиева баласынын талантын атасы экөө тээ кичинекейинде эле байкашканын айтып берди.
Атасы экөөбүз тең музыкант болгондуктан Жумаш төрөлгөндөн тарта эле музыка дүйнөсүндө чоңойду. Бишкектеги үйүбүздө пианино бар болчу, үч жашында аны дыңкылдатып ойной баштады. Кийинчерээк дубалда илинип турган скрипканы көргөзүп, ушуну ойнойм деп сурап калды. Төрт жашында Шубин атындагы музыкалык мектепке алып барсам, скрипкага жөндөмдүү экен деп окута башташты. Анан бир жарым жыл ичинде үйрөнгөн чыгармаларын топтоп туруп, беш жарым жашында эң алгачкы концертин берди.

Айнур Дурусалиева өзү пианист, көп жылдар Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте, кийин улуттук консерваторияда иштеген.

Азыр уулуна жакын болоюн деп, Шотландияда жашап, пианинодон сабак берет.

Музыкалык мектеп
Жумаш бир кезде апасы менен атасы окуган М.Абдраев атындагы музыкалык мектепте, кийин Алматыдагы К.Байсейитова атындагы атайын мектепте билим алды.

Барган жеринде мугалимдерден “балаңардын таланты өтө күчтүү экен, башка жактан окуткула” деген сөздөрдү угуп отуруп, Айнур баласынын аткарган чыгармаларын дискке жаздырып, дүйнөнүн ар тарабына жиберип, Жумаш акыры Лондондогу Менухин мектебине кабыл алынганына беш жылдан ашты.

Ал мектепте дүйнөнүн ар башка жагынан келген 69 таланттуу жаш музыкант окуйт, арасында кыргызстандык Жумаш Дурусалиев – өзү окуган жайдын оркестринде алдыңкы скрипач, бир катар конкурстардын жеңүүчүсү.

Музыка дүйнөсүнө сүңгүү
Кыргыздын чыгаан жазуучусу жана ойчулу Чыңгыз Айтматов каза болгондо Жумаш Лондондо анын элесине арналган атайын концерт берди. Түшкөн каражатты Кыргызстандагы балдар үйлөрүнүн бирине жөнөттү.

Атактуу Йо-Йо Манын Улуу Жибек жолу ансамблинин курамында концертке катышты.

Жумаш Дурусалиев, буюрса, келечекте чоң музыкант болот деп үмүт кыла туралы.

Ал жалаң скрипкада чертүү өнөрүн гана өрчүтпөстөн, өз алдынча чыгармалар да жазып жүрөт.

Алгачкы композициялары өзү окуган мектептин оркестри тарабынан аткарылды.

Чыгарма жазууда музыкалык идея, илхам кайдан келет? – деп сурасам:
Мен досторум менен ар түрдүү музыканы көп угабыз. Алар мен уга элек чыгармаларды табышат, аларда жокту мен табам. Ошентип ар башка музыканы уга берип, бир убакта өзүмдүн оюмда бир обон пайда болот, – деп жооп берди жаш музыкант.

Келечеги кең болушун каалап, ичибизде кыргыздын атын алыска тааныта турган таланттар өсүп келатат деген үмүт жанданды.

Венера Сагындык кызы, “Азаттык”, 28.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.