Кыргыздын миң кыр өнөрү

Кыргыз элинде илгертен эле ак жайдын күнү кар жаадырып койгон касиеттүү жайчылар болгону баарыбызга маалым. Башкаларын айтпаганда да “Манас” эпосундагы Алманбет, Карагыз, Айчүрөк, Нескара, Карагул, Мурадилдин жайчылыгы кимди болбосун таңгалдырбай койбойт. Албетте, азыр ар кандай фокустарды көргөзүп, элдин оозун ачырган көз боочулар бар. Бирок, ушу кезге чейин алардын жай саратанында кар жаадырып, ачык асманды бүркөп же бүркөк асманды ачып ийгенин уккан, көргөндөр жок. Улуу адамдардын айтымында, жайчылык касиет, өнөр совет дооруна чейин болгон. Бүгүн биз Ат-Башы өрөөнүнөн чыккан ата-бала КӨБӨН, КҮЧҮК жайчылар тууралуу кеп кылабыз.

Ак жайдын күнү кар жаадырган ата-бала
Көбөн бар жерде көгөн жок
Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында кезинде Матай болуш деген болуптур. Айтылуу Көбөн жайчы анын жигити катары дайыма жанында жүргөн. Болуш жайкысын көгөндүү Көк-Талаа деген жерди жайлап, бээ байлатып кымыз ичет. Көк-Талаада көгөн көп болгондуктан бий, болуштардын көбү ал жерден качып, башка жакка барып отурушкан. Матайдын табакташтары тамашалап “ой, Матай, Көк-Талаанын көгөнүнөн тажабадыңбы?” дешсе, ал “Көк-Талаанын көгөнү болсо, менин Көбөнүм бар” деп жооп кылчу экен. Көрсө, Көбөн бээ саам болуп калганда дуба окуп, желе турган жерге дыбыратып жамгыр жаадырып жиберчү тура.

Сууну карга айлантып
Дөңгө отура калып каалаган жерине жаан жадырып жиберген Көбөндү бий, болуштар сынамак болушат. Жайдын бир күнү эл чогулган жерде бийлер “э-э, Көбөн, сени кыйын жайчы дешет, кана бир өнөрүңдү көргөзчү” деп калышыптыр. Ошондо Көбөн жайчы бир боз үй тиктирип, анын чок ортосуна бир көнөчөк суу койдуртат. Боз үйдүн эшигин, түндүгүн жаптыртып, дуба окуйт. Эртең менен боз үйдү ачышса ичи толтура кар болуп калган экен. Көргөндөр буга таң беришет. Кийин Матай экөө узакка ат бастырып калышканда, алардын бет маңдайынан күн тийип, далыларына, аттын соорусуна жамгыр себелеп турганын көргөндөр да болуптур.

Жайчыны жармайынча күн ачылбай
Көбөн жайчы жаз алды менен ооруп калат. Ал ооругандан тарта күн басылбай Ат-Башы эли абдан кыйналат. Ошондо эл “же Көбөн өлбөдү, же көк асман көрүнбөдү” деп калышыптыр. Кийин жайчы көз жумгандан кийин да күн токтобой жаап туруп алат. Ошондо Көбөндүн иниси ырым кылып агасынын жайын ачып, ичин жарып чыгат. Ошондон кийин гана күн ачылган экен.

Жайчылык менен жапайы бүркүттү кармап…
Көбөн баласы Күчүккө эс тарткандан баштап жайчылыкты үйрөтөт. “Чоң атам 11 жашымда жамгырды жакшы эле жаадырчумун. Бирок, кайра араң аччумун деп айтып берчү экен” дейт небереси Асанбек Күчүков. Неберелеринин айтымында, Күчүк атасы Көбөнчөлүк күчтүү жайчы боло албаптыр. Бирок, жамгыр, кар жаадырып, жок жерден шамал кылып койгон учурлары көп эле болгон дешет. Күчүк жайчылыктан сырткары аң уулаганга абдан ышкыбоз болгон. Жайчы бүркүт конгон жерди таап, кечкурун ошол жерге түнөп, түн ортосунда ал жерге кар аралаш жамгыр жаадырчу дешет. Жамгырдын артынан кар жааганда бүркүттүн канаты тоңуп уча албай калчу экен. Ошентип, жайчы далай бүркүтчүлөрдүн алкышына татыган дешет.

Күтүүсүз шамал кылган Күчүк жайчы
Бир күнү аргын минген Күчүк жайчы Ак-Муздагы Жаңыбай байдын үйүнө кымыз ичкени түшүп калат. Байдын байбичеси Күчүккө сабаа толтура кымыз турса, айран куюп бериптир. Жини келген жайчы боз үйдөн узап чыгып, күндү түнөртүп, катуу шамал кылат. Күтүүсүз болгон шамал заматта байдын боз үйүн алып, кийиздерин, жүнүн асманга сапырат. Бул убакта үйүнө келип калган кыраакы бай үйгө ким келгенин сурайт. Иштин чоо-жайын уккан бай келген киши Күчүк жайчы экенин билип, анын артынан киши чаптырып алдыртат. Күчүктөн кечирим сурап ага ичик жаап, кой союп, ат мингизип узатыптыр.

Жайын таба албаган жай таш
Күчүк 14 балалуу болуп, бирок алардын көбү чарчап калып, акыры бир кыз, бир уул эле калган. Кыркка чыккан Күчүк жайчылыктын арты зыян экенин билип, жай ташын Ача ашуусунун башына көмдүртөт. Бирок, жай таш көмүлгөндүн эртеси эле сыртка чыгып кала берет. Таш үч жолу көмүлсө да баягы көрүнүш кайра кайталана берет. Айласы кеткен Күчүк ырымдап ал жерге кара койду мууздап, таш менен кошо көмөт. Ошондон соң таш сыртка чыкпай калыптыр. Ошондон бери ат-башылыктарда “Ачанын башы ачык болсо, күн жаабайт” деген кеп айтылып келет.

Күчүк “кийин мен өлсөм күн ачык болот. Эгер күн бүркөө болуп, жаан токтобой жаап туруп алса, мени көмбөй өрттөп жибергиле” деген керээз калтырыптыр. Күчүк 1850-жылы февралдын аягында каза болот. Ошондо кыш экенине карабай күн жылымдап, боз үйдүн тегерегиндеги жерлер карарган экен.

Касиеттүү таш канга багылат
Көбөн, Күчүктүн убагында жайчылык кылгандар Кыргызстандын башка тараптарында да көп болуптур. Жөнөкөй таш жай таш боло албайт. Жайчылар кара койдун, кийиктин жумурунун түбүнөн чыккан кара, тоголок таштарды жай таш кылышкан. Жайчылыкта кийиктин жумурунан чыккан таш баарынан күчтүү жай таш болуп эсептелет. Жай таш дайыма кан куюлган аякта “багылып”, жети күндө бир жолу кан жаңыртылып турушу керек. Жайчылар күндү жайлаарда аякка суу куюлуп жай таш салынып, дуба окулат. Күн жаай баштаганда таштар аяктагы суу үстүндө өрдөктөй сүзүп жүрүшөт деп айтышчу экен жайчылар.

Күчүк жайчылыкты бир гана Аалы деген кишиге үйрөтүптүр. Кийин Аалы Сүйүндүк, Турсун дегендер менен биригип басмачы болуп кеткен экен. Булар айылга келип жылкы уурдап качканда, арты тумандап, жаан жаап калчу дешет. Билгендер, бул Аалынын кылганы деп кала беришкен. Кийин Аалы аң уулоодон келаткан устатын тоноп, атын тартып алат. Ошондо Күчүк ага тескери бата берип, ал кишиден тукум калбаптыр.

Мелис СОВЕТ уулу, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.