Кыргыз Эл жазуучусу Асанбек Стамов дүйнө салды

stamov7-августтун таңында 72 жаш курагында Кыргыз Эл жазуучусу, мамлекеттик-коомдук ишмер Асанбек Стамов дүйнөдөн өттү. Жазуучунун бир канча аңгеме-повесть жыйнактары жана “Хан Тейиш” тарыхый романы басылып чыккан. Аталган романда кыргыз тарыхы ХVI кылымдан бери карай изилдөөгө алынат.

Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамов 1938-жылы 29-августта Чүй облусунун Москва районундагы Чоң-Арык айылында туулуп өскөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинен билим алып, гезит-журналдарда кабарчы болуп, “Кыргызстан” мамлекеттик басмасынын директору, Кыргыз мамлекеттик телерадиосунун жетекчиси, Кыргыз ССРинин маданият министринин орунбасары, Кыргызстан борбордук комитетинин адабиятты жайылтуу бюросунун директору кызматтарында иштеген.

Жазуучу, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мелис Абакиров Асанбек Стамов менен студент курактан курбалдаш жолдоштордон. Мелис Абакиров Асанбек Стамовдун улут кызыкчылыктарына берилген инсандыгын белгиледи:
Чынында эле Асакем улуттук кызыкчылык үчүн, кыргыз тили, адабияты, маданияты үчүн баш-отун сайып коюп иштеген кыргыздын накта атуулдарынын бири болчу.

Асанбек Стамовдун жазуучулук ишмердиги 1960-жылдан башталып, “Таанышуу”, “Кеч күздө”, “Жаңы тууган”, “Нөшөрдөн кийин”, “Ак кар”, “Жол боюнда жалгыз там” аңгеме-повесттерден турган китептери, Азис Несиндин, Муса Жалилдин чыгармалары боюнча котормолору жарыкка чыккан.

Жазуучунун чыгармалары СССР элдеринин бир топ тилдерине которулган.

Асанбек Стамов эгемен жылдардан тарта 20 жылдай кыргыз элинин ХVI кылымдан берки тарыхын изилдеп “Хан Тейиш” романын жазды.

Асанбек Стамов бул романы тууралуу “Азаттыкка” маек курганда, романда ошол кылымдардагы кыргыз элинин улуттук көз карашынын бийиктигин көрсөткүсү келгенин айткан:
Кыргыз эли ошол убакта жанагы “уруучулук” деген көз-караштан өйдө туруптур. Ошондо улуттук көз-караш абдан күчтүү болгон экен. Мен бул романымда ХVI кылымдан бери келаткан 150 жылды камтыган кыргыз тарыхын жаздым. Жазылбай дагы канча дыңдар жатат.

Асанбек Стамовдун “Хан Тейиш” тарыхый романына карата “Бийиктик” басмасынын директору Жумадин Кадыров төмөнкүдөй пикирин билдирди:
Роман абдан масштабдуу, ошол кездеги жоокерчилик замандын, кыргын-сүргүндөрдүн чындыгын көрсөтүп, ага карабай жеке адамдын кайгы-кубанычын, махабатын да ала жүрүп, роман ошол доордун образын, сүрөтүн көрсөтүп турат.

Кыргыз Эл жазуучусу, мамлекеттик-коомдук ишмер Асанбек Стамовду түбөлүк жайга узатуу 9-августта эртең мененки саат 10до Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында өтөт.

Фатима Абдалова, “Азаттык”, 07.08.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.