Ала-Тоодон Алтайга зыярат

EC10EB04-2F55-4883-8CFF-1C869666667A_mw800_mh600_s8-августта курамында Кыргызстандын кырк уруусунун өкүлдөрү бар, коомдук жана маданий ишмерлери кирген зыяратчылар тобу Бишкектен Алтайга жөнөп кетти. Алар Алтайга жетип, Манастын туулган жерине сыйынып, ал жактан кайра Ала-Тоого ат жүрүш менен кайтып келишмекчи.

“Алтай – Ала-Тоо: Манастын жолу менен” аттуу жүрүштүн максаты – кырк уруу кыргыз элин бириктирүү, ынтымагын чыңдоо экени айтылууда.

8-августта “Алтай – Ала-Тоо: Манастын жолу менен” аттуу жүрүшкө чыккандарды узатуу салтанатында Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев сөз сүйлөп, президент Роза Отунбаеванын атынан ак жол каалады.

Жетиген уруусунун өкүлү, жүрүштүн катышуучусу Аттокур Дербишалиевдин айтымында кырк жигит атайын медициналык текшерүүлөрдөн жана ар кандай сыноолордон өтүп тандалып алынды.

Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургуну, жүрүштүн катышуучусу Бейшенбек Токтобаевдин маалыматы боюнча Алтайдан Манас бабанын туулган жеринен Кыргызстанга топурак-ташын кырк ат менен алып келишмекчи.

Тандалган кырк жигиттин катарында Алтай жергесине бараткан моңолдор уруусунун өкүлү Намазбек Бирназаров өзү саяпкер жана уста экенин, бардык кыйынчылыктарга чыдаарын “Азаттыкка” билдирди.

Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев да жүрүштүн катышуучуларына ак жол каалап, алдыда аларды чоң сыноолор күтүп турганын, уруу-урууларга бөлүнбөй ынтымакта болуунун зарылдыгын белгиледи.

“Алтай – Ала-Тоо: Манастын жолу менен” аттуу жүрүштүн максаты – кырк уруу кыргыз элин бириктирүү, ынтымагын чыңдоо экени айтылууда.

Алтайдан Ала-Тоону көздөй ат жүрүшкө кырк уруудан бирден өкүл иргелип тандалып алынып, Алтайга автоунаалар менен жөнөтүлдү. Алар эки жарым күндө Орусиянын Тоолуу Алтай аймагына барышмакчы.

Аларды алтайлык Акай Кине баштаган өкүлдөр тосуп алмышат. Акай Кине кыргыздар үчүн кырк жылкы даярдап, камылга көрүүдө.

Кыргызстандан барган кырк жигит жана аларды коштогон тарыхчы, илимпоз, маданий ишмерлер Алтайдан Кыргызстанды көздөй аттар менен жүрүшкө чыгышмакчы.

Кабыл Макеш, “Азаттык”, 08.08.2010-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Ала-Тоодон Алтайга зыярат

  • 16.08.2010 at 11:36
    Permalink

    жакшы кабар! Ийгилик каалап жолдору шыдыр болсун демекчимин!

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.