Жөргөм

Керектелүүчү азыктар: кара ичеги, бир өпкө, бир карын, туз, калемпир.

Даярдоо ыкмасы: Таза жуулган кара ичегиге мурда жуулуган таза карынды жана өпкөнү тилип, үчөөнү кабаттай кармап, ичеги менен оройт. Даяр болгон жөргөмдү казанга салып бышырат.

Маалыматтар Т. Бөрүбаевдин “Кыргыз даамы” китебинен алынды,
«Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»)

* * *

Жөргөмдү малдын ич этинен жасайт. Айрым учурларда эт, карын май да кошулат. Жөргөм үчүн малдын кара ичегиси, карды, өпкөсү, карын майы керектелет. Адегенде кара ичегини артып, таза жууп, муздак сууга салып коёт. Анан карынды ысык суу менен чайкап, даяр болгондо, ичке тилип, кара ичегиге кошуп коёт. өпкөнү ичке кылып чубалта тилет. Баары даяр болгондон кийин, даамы сиңгиче тындыра турат. Анан кара ичегиге тилинген карын менен өпкөнү чалып өрөт. өрүлгөн жөргөм чубалып, узун болот. Анан аны ошол бойдон казанга салып, туз кошуп, бышкыча кайнатат.

Эля Муратбек кызы, Шоокум Журналы, 01.01.2008-ж.

 

Соц тармактар:

One thought on “Жөргөм

  • 19.05.2011 at 11:51
    Permalink

    “Жоргом”ду биринчи жолу угуп, окуп атам. Женил эле жасалчудай, бирок суроту болсо соонун болмок экен да. Себеби карын менен опкону кандай формада тилиш керек анан кандайынча оролот, дегеле “жоргом”дун формасы кандай болуш керегин билгим келет. Эгерде кимде видео же фотосу бар болсо беришкилечи…рахмат

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.