Говард Джейкобсон Букер премиясынын ээси болду

Британиялык белгилүү “Букер” адабий сыйлыгынын 2010-жылдагы лауреаты болуп 68 жаштагы жазуучу Говард Джейкобсон табылды. Бул сыйлыкка ал “Финклердин баш ооруулары” аттуу сатиралык романы үчүн татыган. Лондон шаарында өткөн сыйлык тапшыруу аземинде ага 50 миң фунт стерлингге (75 миң АКШ долларына жакын) чек тапшырылган. Белгилей кетчү жагдай, сыйлыктын шарты боюнча бардык финалистерге да 2,5 миң фунт стерлинг өлчөмүндө чектер тапшырылат.

Букер сыйлыгынын жюрисинин төрагасы сэр Эндрю Моушн жазуучунун чыгармасын: “эң күлкүлүү, бирок ошол эле кезде эң акылдуу, эң кайгылуу жана эң сезимтал”, – деп мүнөздөгөн.

Романдын негизги маңызы – учурдагы британдык коомдо еврейлердин өз ордуларын таабуу темасы. Китепте бир-бирине эч окшошпогон үч классташтардын – алардын экөөсү – еврей, ал эми үчүнчүсү еврей болгусу келет – адамдык сапаттары, мамилелери, достугу тууралуу баяндалат. Джейкобсондун чыгармасы Букер сыйлыгы тапшырылыган юмордук тариздеги биринчи китеп.

Джейкобсон Манчестерде туулуп, Кембридж университетин бүтүрүп, көп жылдар бою австралиялык Сиднейде мугалимдик кесипти аркалап келген. Британияга кайтып келээри менен Кембридждеги Селвин колледжине лектор болуп орношкон. Учурда Лондондо турат.

Ал адабий чыгармачылыктан сырткары Independent гезитинде жумалык эң популярдуу колонканы да алып барат. Джейкобсон бир нече жолу Букер сыйлыгына көрсөтүлгөн болчу. Бирок анын 11-чыгармасы гана бул сыйлыкка татыды.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.