Саламат САДЫКОВА: “Чыгармачылыктан бактылуу аялдырмын, бирок…”

Саламат эже, өтүп бараткан жыл жеке сиз үчүн кандай болду?
Албетте, жолборс жылы жалпы эле биздин кыргыз эли үчүн оңой болгон жок. Коомдун саясый турмушунда оош-кыйыштар болуп, мамлекетибиз кыйын кырдаалга кептелип, заманыбыз оомал-төкмөл болуп турду. Антсе да калкыбыз бул чоң сыноодон ийгиликтүү өттү. Ошондуктан кейибейли кеткенге, өкүнбөйлү өткөнгө демекчи, өзүбүзгө өзүбүз кайрат айтып, мамлекетибиздин, аны түзгөн кыргыз калкынын тайгак кечүү тар жолдон кургуйга кулап кетпей жаңы жылга кадам таштап өтүп баратканына кубанабыз. Ал эми эл аралык деңгээлде чыгып жүргөн ырчы катары жеке мен үчүн бул жылда биртоп ийгиликтер болду. Чү деген эле жерден мен 2010-жылдын февраль айынын аягында Сауд Арабия өлкөлөрүнүн эки шаарында “Дива Саламат” деген жеке концертимди өткөрдүм. Ага шаардын мэринен, туризм, маданият министрлигинен өкүлдөр келип, концерттин башында жылуу сөзүн айтып катышып турду. Бизге түзүлгөн шарт, мамиле да эл аралык деңгээлде жасалды. Мени менен барган музыканттар калп айттырбас, ак дасторкон жайып, телеси тартып, радиосу интервью алып, дүйнөлүк атактуу ырчыларды кандай тосушса бизди да ошондой тосуп жатышты. Чындыгында концерт абдан мыкты уюштурулган экен.

Жергиликтүү ММК сизге көбүнчө кайсы суроо менен кайрылып жатты?
Албетте, учурда ааламдаштыруу маданияты ар бир эле өлкөгө өз илебин тийгизип жатпайбы. Ошол эле араб өлкөлөрүндө да заманбап ырчылар бар экен. Мага жергиликтүү журналисттер “концертиңизди биз баштан аяк көрүп, улуттук формаңыздан, ырларыңыздын тематикасынан улам өз улутуңуздун намысын көтөрүп жүргөн мекенчил ырчы экениңизди байкадык. Сиз кантип батыш маданиятынан бузулбай калдыңыз?” деген сыяктуу суроолор болуп жатты. Эми мен ал жакка баратканымда араб өлкөлөрүнө көрүнгөн эле ырчынын буту түшө бербесе керек деп эринбей, кыргызча айтканда үч сандык толо улуттук кийимдеримди көтөрүп баргам. Сандыктын биринде чапан-чапкытым, экинчисинде көйнөгүм, үчүнчүсүнө баш кийимим дегендей. Чындыгында мен чыгармачылыгымдан сырткары нукура кыргыз айымынын кийимдерин көрсөтүүгө аракет кылдым. Анын баасын өз учурунда алдым десем болот.

– Кореяга да чыгармачылык сапар менен бардыңызбы?
Ооба, жакында Кореянын Есу деген шаарында болгон “Дүйнө чеберлери” деген концертке Азия өлкөлөрүнүн таланттарынын катарында чакырылып, дүйнө чеберлери менен ат салыштым. Ага отуз алты мамлекет катышып, алардын арасында Кыргызстандын да желеги желбиреп турду. Жобо боюнча ар бир өлкөнүн бул сынакта барган ырчысы бир гана ирет сахнага чыга турган мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок мага эки ыр аткарууга мүмкүнчүлүк беришти. Нукура түштүктүн кайрыгы менен Саид Бекмуратовдун “Паризатын” ырдадым. Экинчисинде бири-бирине окшобосун деп Бектемир Эгинчиевдин “Алымканын” аткардым. Чындыгында ушунчалык жылуу кабыл алышты. Натыйжада концерттин уюштуруучулары “сиз кореялык көрүүчүлөрдү багындырдыңыз, концерттин жабылышында да ырдап бериңиз” деп суранышты. Бул жерде сахнага чыгуу мүмкүнчүлүгү болбой да калмак. Кудай колдоп дейбизби, айтор кеченин жабылышында да жеке мага эки ырга уруксат беришти. Айтор, өтүп бараткан жыл мен үчүн чыгармачылыкта ийгиликтүү эле жыл болду. Мындан сырткары Казань шаарында өткөн “Сотворение мира” деген эл аралык фестивалга да ардактуу конок болуп катышып келдим.

Саламат эже, учурда гезит-журналдарды ача салсак эле ыры белгисиз, бирок жүзү тааныш ырчылар маңкаят. Телени, радиону жандырсак деле алар көрүнөт. Эмнеге кыргыздын көркөм табитине жакын сиздей ырчылар бул катмарга жеңилип калды?
Эми бул нерсени түзөп коюу сиздин же менин гана колуман келе турган иш эмес экен. Батыш маданияты танкадай тепселеп, ошол өзүбүздүн эле карачечекей кандаштарыбыз аркылуу өзүбүздү муундуруп жатпайбы. Биринчиден, музыкадагы улуттун көркөм табитин талкалаган агымды тескеп туруш үчүн, телерадио тармагында иштеп жаткан катардагы кызматкерден баштап редактор, продюсер болуп отурган жетекчилерге чейин мекенчил болуш керек. Алардын деңгээли кандай болсо тандаган ырчысы да ошондой болот. Тактап айтканда, телерадиодон ыр берип отургандар өздөрүнүн деңгээлиндеги ырчылардын ырын жалпы журтка таңуулап, улуттун көркөм табитин атайын талкалап, маданияттын беделин түшүрүп жатат. Ал эми бизди айлап обого чыгарбай коет. Бул бир жагынан жөн эле пендечилик, көралбастык. Маданият тармагы, анын ичинен ушул ырчылык да жердешчиликтин сазына батып бүткөн. Биз башы бириккен ушакчылардын оозунда калдык. Алар бизди тебелеп жатышат. Телерадио тармагынан арабөк чыгармачыл адамдарды тазалаш керек. Себеби алар элге кадыры сиңип калган адамдарды каалагандай калчап, чыгармаларын бербей, ушак-айыңдын курмандыгы кылып коюп атышат. Улуттук маданиятыбызды көтөрүш үчүн бүгүнкүнүн болуп турган каймагын калпып, эмгегине жараша элибиздин баасын алган ырчыларды эфирге кайра-кайра чыгарыш керек эле. Ошондо жаш угармандарга да улуттук музыка сиңмек. Тилекке каршы азыр биздин эфирге чыгышыбыз кыйын. Мен ырларымды обого чыгарыш үчүн баштык көтөрүп алып режиссеруна, продюсерине, редакторуна кирип жүгүнүшүм керек. Айрыкча радио каналдарда сөзүнүн, обонунун дайыны жок ырлар байма-бай кетип жатканын түшүнбөйм… Азыр сөзүн өзү жазып, кайрыгын тияк-бияктан уурдап алган ырчылардын заманы болуп калды. Шоу бизнесте балекет оору пайда болду. Эки-үч продюсер кошулуп алып эле эфирди каалагандай пайдаланууда. Биздин чыгармачылык тагдырды ошолордун жеке амбициясы чечип калды. Эфирди тескөө жок. Башканы кой, учурда бет түзүлүшү телеге таптакыр төп келбеген алып баруучулар эл алдына чыгып атышат. Ой калчоосу, сүйлөгөнү байкалбай туруп эле бетин саткан алып баруучулар толуп кетти. Буларды эмне үчүн айтып жатам, себеби биз үчүн эфир деген аябай ыйык нерсе. Эфирге чыккан алып баруучу жүзүнөн төгүлгөн нуру, отурган өзүнүн сөөлөтү, интеллектиси, көмөкөйдөн чыккан коңур үнү менен элди өзүнө тартып туруш керек эле. Азыр мындай алпаруучулар чанда. Чыгармачылыкта биздин тайыздап, бөксөрүп жатканыбыз өзүм билемдикке чоң жол ачып койду.

Сиздин бир ырыңызда “элим бар жалгыздатпас…” деген сап бар. Бул ырдын сөзү да, обону да, аткаруу чеберчилиги да төп келишет. “Элим бар жалгыздатпас…” деген ой арийне ар бир өнөр адамынын үмүтү деп ойлойм. Ал менин да үмүтүм. Ушул ыр тууралуу айта кетсеңиз.
Бул ырдын сөзүн Кыялбек Урманбетов, обонун Жалил Сыдыков жазган. Ал чыгарма менин өзүмдүн жандүйнөмдүн кыйкырыгы. Анткени менин өмүр бою сахнаны кыялбай, бирок бул жашоодо аял катары да, адам катары да көңүл жылытарлык бир жакшы түгөйгө жолукпаганым жашыруун сыр эмес. Мен өмүрдө да жалгыз келатам. Мүмкүн чыгармачылык жактан бактылуу аялдырмын, бирок сахнадан беш кадам жылгандан кийин мени дайыма аңгыраган жалгыздык тосуп алат. Күйөрмандардын, кыздарымдын, атургай жоро-жолдоштордун жөнү башка, жандүйнөм кыйналып турган учурда башымды жөлөп, далымдан таптап турган, турмуштун майда-барат өйдө-ылдыйында жеңилимди жерден, оорумду колдон алып турган адамым жок экенин сезип калам. Бул мойнума артылган оор трагедияны мен өмүр бою тартып келатам. Ошондуктан жогорудагыдай муңдуу темадан алыстай албайм. Албетте, чыгармачыл адам болгондон кийин дайыма элдин арасында жүрөм. Андыктан “элим бар жалгыздатпас…” деп, калкымды караан тутам да. Мен аткарган ар бир ырым менен жашайм десем болот. Баса, “Жамгыр калсын эсимде” деген кайгылуу ырды ырдап жүргөндө бир ай ооруп жатып калдым. Мындан улам акылгөй бир кесиптешим “эже, сиз ушундай маанайдагы ырларды ырдабай эле койсоңуз кантет, дайым армандуу ырларды ырдайсыз” деп атпайбы. Бирок турмуштун өзүнүн чындыгынан кантип качып кетмек элем. Элдин алдында кантип башкача болом? Ооба, шайыр-шатман, секирип ырдаган ырларды ырдап коюу колуман келет. Кээде ырдап деле коем. Бирок мен жандүйнөм менен турмуштун бөксө жагын көрүп, өз башымдан өткөрүп жатпаймынбы. Анан башкача кантип ырдайм.

– Өтүп бараткан жылда жеке турмушуңузда кандай жакшылыктар болду?
– Жеке турмушумда да бул жыл ырыстуу жыл болду десем болот. Анткени чыгармачылык дүйнөгө жакын, эл аралык Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде иштеген тун кызым Кундуз ушул жылы балалуу болуп мени аябай байытты. Ал да мага окшоп турмуш күтпөй калабы деп санааркап жүргөнүм чын. Ага турмуш тууралуу сүйлөсөм эле “койчу, мама” деп оозумду жаап койчу. Бир күнү эле жарк этип багы ачылып, элге-журтка белгилүү дагы бир залкардын – ыраматылык Чубак Сатаевдин уулуна турмушка чыгып, Кубаныч өз баламдай болуп, экөө мени 2010-жылдын 11-январында Алишах аттуу неберелүү кылды.

Саламат эже, сиздин эки кызыңыз бар экенин билебиз. Кундуз чыгармачылык жактан элге төбөсү көрүнүп калган кыз. Экинчи кызыңыз тууралуу көп билбейт экенбиз, ал кайда, эмне иш кылат?
Кичүү кызым Махабатым, өтө ширин, өтө акылдуу кызым бар десем болот. Бул менин эле баам эмес. Ал тууралуу өзү иштеп жүргөн чет өлкөдөгү кесиптештеринен да рахмат алып келатам. Бүгүнкү күндө Махабат Дубайда бир чоң компанияда тышкы эл аралык байланыш бөлүмүн жетектейт. Өзү биздин улуттук университеттен чет тилдер факультетин бүткөн. Чындыгында билимдүү кыз. Менин чет өлкөлүк байланыштарымдын бардыгын кат жүзүндө ошол кызым тескеп турат. Менеджерим деп койсом болот. Кээ бир өлкөлөргө өзү кошо учуп барат. Котормочулук жактан кыйналбайм. Чынын айтканда, бул жагынан бактылуу энемин.

Ал кызыңыз күйөө балалуу кыла элекпи? Жуучуларга эмне деп коеюн?
(Күлүп) Жок… аным турмушка чыга элек. Жакында жанына барып эс алып келдим. Ал жумушка баш-оту менен кирип алып бошобойт экен. Кечинде келип суй жыгылат, таң атпай кетет. “Айланайын кызым, жумушуң жакшы экен, бирок турмушту да ойлон” деп кулагына жакшы эле куюп келдим. Эми буюрганы болор.

Жаңы жылда жалпы журтка каалооңуз?
Кетип бараткан жылда элибиздин көргөн көйгөйү, турмуштан алган сабагы жетишерлик болду. Кийинки мезгилде ар кандай саясый шоуларга кошуп алып элибизди да майдалап алдык. Тынчтык аябай кымбат экенин билгендей болдук. Эми элибиз тынччылыкта, биримдикте, ынтымакта болуп, турмушка наалыбай, ар ким өзүнүн үйүндөгү тиричилигине тың болсо дейм. Эгер эле ар кимибиз бири бирибизге тынчтыкты камсыздандырып бере алсак, анда биздин мамлекетибиз бейишке айлана турган өлкө. Мекенибиз түгөнбөс мүлк, кемибес кенч болоруна ишенем. Жаңы жыл жакшылык алып келсин.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 30.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.