Жылдыз ЖОЛДОШЕВА: “Датка жөнүндө көркөм тасма тартылат”

Жакында “Тоо ханышасы” аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Бул тасманы тартуу демилгесин көтөргөн “Курманжан датка” коомдук фондунун төрайымы, ЖК депутаты Жылдыз ЖОЛДОШЕВА менен кинонун тегерегинде сөз кылдык.

Курманжан датка тууралуу даректүү тасма тартуу идеясы эмнеден улам чыкты?
– Он беш жылдан бери Курманжан датканын басып өткөн тарыхый жолуна байланышкан кыргыздын улуу инсандары тууралуу, деги эле кыргыз элинин тарыхы боюнча даректүү тасма тартуу менин эңсеген долбоорлорумдун бири болчу. Ара-чолодо ойлонуп жүрүп бул максатты акыры ишке ашырдык. Он беш жылдык эмгегибиздин акыбети кайтты окшойт.

Курманжан датканын урпактары сизге нааразычылык билдиришти эле, бул тууралуу эмне дейсиз?
– Эки кылым мурун жашаган улуу инсандар Алымбек жана Курманжан даткалардын урпагымын деп азыркы учурда ар бир кыргыз айтса жарашат. Себеби чынында эле даткалар жалпы кыргыз эли үчүн кызмат кылышкан. Биздин фонд менен тыгыз байланышып, колунан келген жардамын аябаган урпактары да бар. Алар Ч.Абдугапаров, Ж.Мырзапаязов, С.Исмаилов, Ж.Адышев. Ал эми “Курманжан датка” фонду жасап жаткан иштерди биз коомчулукка дайыма айтып, ачык көрсөтөбүз. Элдин, өлкө башчыларынын, окумуштуулардын жана датканын күйөрмандарынын жардамы аркылуу көптөгөн иш-аракеттерди жасап жатабыз. Ал эми урпактарынын атынан нааразычылыктарды жазган кишилерди чынын айтсам, мен тааныбыйт экенмин. Биз жасап жаткан иштерди көпчүлүк урпактары жакындан биле башташты. Алар ыраазыбы же ыраазы эмеспи аны да билбейм, бирок биздин жасаган иштерибизге Курманжан датканын арбагы ыраазы болуп, жерибизде тынчтык, элибизде бакубаттуулук болсо болду.

Тасма тууралуу башкалардан кандай сын-пикир угуп жатасыз?
– Тилекке каршы, биздин даректүү тасмабызды көпчүлүк көрө элек. Жакынкы арада бардык региондордо бет ачары болуп өтөт, ошондон кийин кинотеатрларга коюлат, андан соң телеканалдар аркылуу бүт кыргызстандыктарга көрсөтөбүз. Ал эми 28-декабрда 2010-жылы “Ала-Тоо” кинотреатрында болуп өткөн тасманын бетачаарында катышкан инсандар, ошондой эле өлкөбүздүн президенти Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков, депутаттар тасма татыктуу тартылганын айтышты. Карапайым эл тарабынан сын-пикирлер кийинчирээк айтылат го.

Датка тууралуу көркөм фильм тартууга качан белсенесиздер?
Көркөм фильмди тартуу боюнча уюштуруу иштерин баштадык. Бул тасманын режиссеру Садык Шер-Нияз. Таланттуу режиссерубуз кыргыздын тарыхын, үрп-адатын, салтын, маданиятын, жаратылышыбыздын кооздугун, Курманжан датка тасмасы аркылуу кенен бере алат деп жүз пайыз ишенем.

“Курманжан датка” фонду тартылып бүткөн даректүү тасмага кандай салым кошту?
– Биринчиден, “Тоо ханышасы” тасмасы албетте фонддун демилгеси менен тартылды. Көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болдук, бирок бизди колдогон эл-журтка ыраазыбыз. Экинчиден, тасманын каражатын өкмөт аркылуу каржылоо маселеси да оңой чечилген жок. Бирок биз өкмөткө ыраазычылык билдиребиз. Ал эми драматург Султан Раевге, сценарист Юруслан Тойчубековго, режиссер Замир Эралиевге жана чыгармачылык топко, тарыхчыларга, жардам берген датканын урпактарына, Ош шаарынын жетекчилерине, Алай элине, дегеле даректүү тасманын жаралышына көмөк көрсөткөн бардык атуулдарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз.

Быйылкы жыл Курманжан датканын жылы деп аталды. Буга кандай көз караштасыз?
Роза Исаковна өз убагында Курманжан датканын 200 жылдык мааракесин утурлап, өлкөбүздө улуттар аралык бүлүк түшүп турганда датканын бир эле кыргыз элине өтөгөн эмгегин эске албастан, Фергана өрөөнүндө жашаган эл үчүн кызмат өтөгөнүн эске алып, элибиздин биримдиги үчүн, бир сөз менен айтканда, терең философиялык, идеологиялык жактарын камтып, 2011-жыл – Курманжан датка жылы деп жарыялаганын коомчулук туура кабыл алды. 2011-жыл тынчтыктын бекемделишинин, ынтымактын, албетте өлкөбүздүн өсүшүнө түрткү берген жылдардан болот деп ойлойбуз.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 21.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.