“Жомок болуп эл эсинде сакталар”

Агартуучу, ойчул, калемгер, аалым Салижан Жигитов өзү тууралуу: “Атам үч кичинекей айыл болгон колхоздун раиси болуп, 1937-жылга чейин жети жыл иштеген. Анан “эл душманы” деген жалган жалаа менен камалып, эки жыл түрмөдө олтурган. Кайра эки жыл түрмөдөн кийин согуш башталганда кайрадан раис болуп, 1950-жылга чейин өлгөнгө чейин иштеген”, – деп эскергени бар.

Тагдыр аны башка тарабынан да атасы кайтыш болгонго чейин эле сынап көргөн, анткени Салижан Жигитовдун апасы 1946-жылы 36 жашында, атасы 1950-жылы 50 жашында кайтыш болот. Ошентип, төрт бир тууган жетим калышат. Андан көп узабай эле 1961-жылы үй-бүлөгө баш-көз болгон бир тууган агасы сууга чөгүп кетет. Анын артында төрт баласы калат. Ал эми 1994-2000-жылдар аралыгында бир тууган эки карындашынан айрылат. Ошентип, ал бир үй-бүлөдө жалгыз калат. Ал коюндаш өскөн агасынын өлгөнүн орду толгус жоготуу катары көрүп, ага болгон сезимин “Кошоктор” деген ырында көзүнүн жашын сыгып туруп жазганы көрүнүп турат:

” Бактысыз күн капыс келди, бат келди,
Агам өлдү. Туура отуз бир жашта өлдү.
Ачуу күйүт ичимди өрттөп эңшерди,
Ыкыбалым шарт төгүлдү, бөксөрдү.

Ийип турган булак көзү бүтөлдү,
Тийип турган аптап өчүп, түн келди.
Башка эл үчүн кайдыгер бир киши өлдү,
А мен үчүн өзүнчө бир дүйнө өлдү.”.

Дагы өзүнүн эскерүүсүндө: “Мектепке мен жети жашымда эмес сегиз жашымда бардым. Ошол айылымдагы эле жети жылдык мектеп болчу согуш жылдарында.Себеби кичинекей карындашымы терметип, апам оорулуу эле, ошол үчүн бир жыл кеч бардым.”, – дейт.

Ал мектепке кеч барганы менен табиятынан зээндүү, эс тутуму күчтүү болгон. Биринчи класска барганда үч айдын ичинде биринчи класстагы бүт китептерди жатка билген. 1950-жылы атасы кайтыш болгондон кийин, 7-классты аяктап азыркы № 5 кыргыз орто мектебине кабыл алынган.

Ошол балалык кезин Салижан агайдын айылдашы, “Көлдүк” айылынын тургуну, ардагер Рысбек Коңкошев мындай эскерет: “Салижан аке 7-классты бүтүп, шаарга окууга барууну эңсеп менин районодо иштеген агама кат жазат. “Мен сизди уятка калтырбайм, мени шаарга окууга киргизип койсоңуз”, – деп. Катты ыр менен жазыптыр, аны окуп алып агам аябай ыйлаптыр…”

Жаштайынан китепке ынак элеттик элейген баланын чыгармачылык шыгы эрте ойгонуп, айылда окуп жүргөндө эле ыр, макала жазып, кийин ордо калаага келгенде кайрадан аны улантып, адабиятка деген ышкысы мурдагыдан да күчөй баштаган. Ошонун кумары менен ал 1954-жылы Кыргыз мамлекеттик Университетинин филология факультетине кирип, мурда поэзиянын кызыгына батып жүрсө, кийин студенттик кезинде адабий сын макалаларды жазууну колго алган.

60-жылдар доордун бурулуш жылдары болду. Өткөнгө сын көз менен карап, келечекке жаңыча багыт алуу ыкыбалы келди. Мына ошол жылдары кыргыз адабияты менен маданиятына Чыңгыз Айтматов башында турган бир катар таланттуу жаштар келишип, кыргыз руханий көркөм дүйнөсүндө жаңычыл бурулуш кел-кели доору башталды. Салижан Жигитовдун чыныгы чыгармачыл ыкыбалы ошол учурга шайкеш болду. Ал университетти бүтүргөндөн кийин оор турмуштук шарттын натыйжасында өзү туулуп-өскөн айылына кетти. Ал жакта бир жыл иштеди. Иштегенде дагы кай бирөөлөрчүлөп, тийди-качты иштеген жок, изденип иштеди. Ал ошол өзү туулуп өскөн айылындагы мектепте кыргыз тилинен жана орус тилинен сабак берчү экен. Ал окуткан Эсен Сабиракунов деген бир кездеги окуучусу анын бир учурун мындайча эскерет: “Бизге кыргыз тилинен сабак берчү. Бир күнү баарыбыз кыргыз тили сабагынан сөз түркүмдөрүн билбей калдык, ошондо Салижан агай айтып атпайбы: “Сөз түркүмдөрү­нүн ичинен текеси-Зат Атооч болот”- деп.Эртеси балдардын баары окуп, жаттап келишиптир”. Ошондой эле мектепке орус тили боюн­ча эң алдын балдардын кулагын үйрө­түп, анан орус тилинин грамматикасын окутуп, окутуу усулун башкача алып баргандыгы туу­ралуу да аңыз кептер бар. Республикадан ал боюнча текшерүүлөр келгенин анын жердеши, ардагер Кашкабай Алишеровдун бир жолукканда айтып бергенин уккам.

Салижан Жигитов турмуштун ары-бери толкунунда жүрүп, кайрадан Фрунзеге келет. Ал жылдарын өзү мындайча айтат:”Акаде­миянын Тил жана адабият институтунун бир секторунда иштедим. Андан кийин агам өлүп калгандан кийин, анын бала-чакаларын багайын деп, радиого өтүп, а жерде дагы бир жыл адабият редакциясы дегенди башкарып, 1962-жылы Кыргыз илимдер академиясына аспирантурага кирдим”.

Салижан Жигитов чыгармачылыкка эрте аралашкан. Мектептен баштап, студенттик учурунда адабий көркөм сын жазды. Алгачкы сын макаласы Касымалы Жантөшөвдун “Тилек” аттуу фантастикалык повестине арналды. Андан көп өтпөй эле акын Советбек Урмамбетовдун ырлар жыйнагына сын жазып, сынчылык өнөрүн көп жылдар бою улант­ты. 1966-жылы “Кыргыз поэзиясындагы традиция жана жаңычылдык” деген темада кандидаттык эмгегин жазып коргоду.

“Ала-Тоо” журналында, Кыргыз илимдер академиясында иштеп, Кыргыз мамлекеттик университетине которулуп, ага окутуучу, эки жылдан кийин доцент болуп иштей баштаган. 1973-жылы КСЭ дегендин Башкы редакторунун орун басары болуп келип, ал жерде беш жыл иштеген. Алгачкы энциклопедиянын чыгарууга катышып, анын башында турган. Ошол эмгегинин натыйжасы катары илим тармагы боюнча ал Кыргыз Мамлекеттик сыйлыгын алууга да жетишкен.

Анан ал 1989-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз илимдер Академиясына өтөт. Ал жерде 1992-жылдын февралына чейин иштейт. Андан соң ошол кездеги КРнын Президенти Аскар Акаевдин улуттук саясат боюнча кеңешчиси болот.

Адабиятчы Салижан Жигитов кыргыз поэзиясынын салтуу жана жаңычылдык өнүгүү жолдорун изилдеп, кыргыз адабият таануусунун өнүгүшүнө зор салым кошту. Ондон ашык китеби чыкты. Ал 300дөн ашуун ар кандай тематикадагы илимий макалаларын жазды. Илимдин докторлугун да жактады, профессорлук наамга да жетишти.

Ал бир эле поэзияда же адабиятта эмес, журналистикада публицист катары зор эмгек калтырды. Айрыкча анын калеминен жаралган замандын оош-кыйыш маселелерине арналган публцистикалык ар кыл темадагы макалалары курч кайчы пикирлерди жаратып, коомчулукта жаңыча көз карашты калыптандырды. Элинин жакшы гана жагын көрө билбестен, начар жактарын да безге сайып айтты. Чындыкты гана сүйлөдү.

“Кыргыз элин жалаң жалган идеялар, пикирлер, мифтер, иллюзиялар менен тойдуруп келатат биздин чоңдор дагы, интеллигенция дагы. Айрыкча чоңдор 2200 жыл мамлекттик традициябыз бар, мамлекет азыр да жок экенин көрдүңөр, Акаев баш болуп качып кетти”, – деп учурунда ал кездеги акыбалды көрүп, күйүп ачык айтып чыккан ошол Салижан Жигитов болгон.

Салижан Жигитов табиятынан таланттуу, ар кыл ишке ийкемдүү, уюштургуч, эмгекчил экендиги ар бир жасаган ишинен көрүнүп турган. Ал адабият, илим, окутуучулук, элчилик кызмат майданында гана жемиштүү иштебестен, журналисттик иште да батылдыгын көрсөтө билген.Элчиликтен кийин “Азаттык” радиосунун Кыргызстандагы бюросун жетектеген.

Ал “Азаттыкта” бир жыл иштеди. Анан Кыргыз-Түрк “МАНАС” университетинин проректору болуп дайындалды. Анда беш жыл иштеп, андан кийин коомдук илимдер институнун бөлүмүн башкарып турду.

Окумуштуу, калемгер Салижан Жигитов өзүнүн талантын котормочулукта да көрсөтө алды. Анын котормосунда Антуан Сент Экзюперинин “Кичинекей ханзада”, Назым Хикметтин “Мажүрүм тал”. Мустай Каримдин ырлары, А.С. Пушкиндин “Алтын балык” жө­нүндөгү жомогун өз алдынча түп нускасынан которгон. Анын котормолору да ар бир учурга, мезгилге үндөш.

Салижан Жигитов дегенде айрымдар атын угаар замат бир жылмайып алышчу. Ал дайыма куудулданып,шайдоот жүрө турган. Анын турган жери дайыма күлкү менен жылмаю болчу. Ага адамдар ошон үчүн тартылып турушчу. Юмордук аскияларды да катыра айткан. Айрым учурда ал өзү да күлкүлүү жоруктары менен көптөрдү күлдүрүп, таң калтырган. Салижан Жигитов жаштарга жакын адамдардан болгон. Алардын арасынан таланттуу, окумал, эмгекчил, чыгармачылдарын байкап калса, өзү аларга жакындап, кеп-кеңешин айтып, алар менен пикирлеш жашаган.Табиятынан сезимтал Салижан Жигитов кайсы жерде иштебесин өзү менен үзөн­гү­лөш эмгектенген адамдар менен өзгөчө ынак мамиледе болуп, алардын ар бирин сыйлай билген.Кай бири менен бир туугандай болгон.Алсак, академик Абдыганы Эркебаев, профессор Сулайман Кайыпов, КИАнын корреспондент-мүчөсү Осмонакун Ибраимов, филология илиминин кандидаты, адабиятчы Калык Ибраимов ж.б.у.с. бир кездеги өзүнүн студенттери, азыркы көрүнүктүү окумуштуулар менен пикирлеш жашаган.

Профессор Салижан Жигитов өзү окуткан студенттерине ата-баладай мамиле кылган. Алардын көп окуп, көп эмгектенүүгө өзү үлгү болүп үйрөткөн. Ал түрк тилин СССР мезгилинде эле үйрөнүп, кийин аны тереңдетип, түрк бир туугандар менен ал кеңири пикирлеш жашаган. Маселен, анын бир шакирти Кемал Көз Салижан Жигитов тууралуу кайсы жерде болбосун анын билимдүү, адамгерчиликтүү, эмгекчил, студенттерин жанындай жакшы көрө билген камкор окутуучу-устат экендигин жетине албай айтып келет.

Ал Кыргызстанды кандай сүйсө, Түркияны ошондой сүйгөн. Ар дайым ал өлкөнүн жетиккендигин айтып, жетине албай кубанган. Айрыкча, Ататүрктүн өмүр жолун өрнөк тутуп, анын мамлекетти башкаруудагы акылман, көрөгөч тажрыйбасын бизге жуксун деп, Ататүрк тууралуу берилүү менен айтып жазып келген: ” Эми Ататүрк табиятынан өтө акылдуу киши болгон. Тажрыйба да жүрүп, биздин эл эмне үчүн кыйын абалда деп ойлонгон. Ал патриот, баатыр адам болгон. Бүт өмүрүн, акылын өз элине арнаган. Жөнөкөй элге ак кызмат кылган. Бул жагынан анын өмүрү биз өңдүү өлкөлөрдүн жетекчилерине да өрнөк”, – деп мындан бир нече жылдар мурун эле какшап айта жүргөн.

Улуу ойчулдардын өмүрү башкаларга өрнөк белем, алар өз өмүрүн текке кетирбей, өтөлгөлүү да жашай билишет шекилдүү. Артында билинбей көөнөрбөс чыгармачылык мурасы да калат экен.Андай адамдар өмүр башаты болгон туулган жердин топурагы менен ар дайым киндиктеш көрүнөт. Мына ошондой орошон ой айтып, өз элинин кемчилдигине күйүнүп, жакшысына сүйунүп, өз айылынын караанын медер тутуп жашап өт­көн адам, устат ал – Салижан Жигитов болгон.

“Мен көз жумсам, сыртта агайын, дос калар,
алар мени аз убакка эске алар,
бир гана арман: айтылбастан сөз калар
жомок болуп эл эсинде сакталар”, – деп бир ырында өзү айтып кеткендей таланттуу калемгер Салижан Жигитов калдайган калкынын эсинде дайыма сактала берет десек болот.

Улуу ойчул Салижан Жигитов менин да устатым эле, ошондуктан анын элесине таазим этип, мен бул сөзүмдү өзүмдүн ага арнаган ырым менен жыйынтыктасам дейм.

РЕКВИЕМ

Перед этим горем гнутся горы.

Анна Акматова

Устатым

Салижан Жигитовго

Кечээ эле күлүп жыргап,
чыканактай эрбейген
устатыбыз,
аския айтып шакабалап,
күлдүрүп баарыбызды,
каткырып жүрдү эле
арабызда,
билинип, билинбестен
жаныбызда,
эшиктен чыгып-кирип,
толтуруп дүйнөбүздү,
эстетпей кайгыбызды,
тирүүлүктүн отун берип…

Жамандык айтып келбей,
күтүүсүз келди мына,
азайтты арабызды,
көбөйттү өкүнүчтү,
сиз жоксуз шартылдаган,
жарк эткен чагылгандай,
кеп айтып куюндаган,
жасалма сөз айтпаган,
жалганга малынбаган,
чындыкты колуна кармап алган,
ар жакка керектүүдөй,
ар убак шашып жүргөн,
кошумча өмүр бербей,
ээрчитип кетти ажал,
бул жакка ыраа көрбөй.

Бул дүйнө баягыдай,
а бирок көңүлдө өксүк турат,
армандуу орду толбой,
акынды буттан торой,
жазылбай калды ырлар,
калем сап сынып колдон,
ак кагаз сапырылат,
ордунда калган бойдон,
сиз олтурган бөлмөңүз жалгызсырайт,
кирип-чыккан эшиктер жетимсирейт,
алар дагы ” күлө” албай мурдагыдай,
жоктогонсуп бардыгы сумсайышат,
жүздөрү муздап турат,
ишенбей турсам дагы,
аргам жок ынанамын ак өлүмгө.
Турмушуң турмуш экен,
күндөрүң келип-кеткен,
күнүмдүк ал дагы эрмек экен,
аның да өз нугунда өтүп жатат,
эч нерсе болбогондой,
дүйнөнүн тешиктери толбогондой,
аркырайт аалам жашоо,
күр-шар түшкөн,
түйшүгү түмөндөгөн,
а асман көпкөк тартат,
түнүндө жылдыз чачкан,
жанында чалкасынан,
суйкайып ай жаңырат,
кыр-кырда чөптөр дүргүп,
жон-жондо гүлдөр жайнап,
күндүзү жылдыз үркүп,
тынымсыз суулар агат,
айгырлар азынашып,
топ жылкы удургушат,
тоолордо булут көчүп,
түзөңдө айдоо жерлер,
айдалып салааланат,
базарлар бапырашып,
түйшүккө бизди салып,
карт тоолор кебелбестен,
былк этпей карап турат.

Бул дүйнө бизден калган,
бул дүйнө чындап жалган,
дүйнөдөн өтсөк дагы,
дүйнөгө келет жаңы!.

Абды Алай, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
“Кыргыз туусу” , 25.03.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.