Шакек салмай

Кыргыздын элдик оюну. Көбүнчө улан-кыздар ойношот. Оюнчулар эки алаканын бириктирип, колун тизесине коюп, тегерете отурат. Оюн баштаган киши шакек салгандай түр көрсөтүп, отургандарды кыдырып чыгат (чындыгында шакекти бир оюнчуга гана берет). Оюн андан ары эки түрдө уланат;

1. Шакек салган  киши башка бир оюнчудан:

– Шакек кимде? – деп сурайт.

Эгер ал шакекти тапса катып отурган оюнчу, таппаса, өзү ырдап берет да, оюнду андан ары улантат;

2.Шакек салган киши өз ордуна отуруп:

– «Алтын шакек, атып чык» – дегенде, жашырган киши жанындагыларга карматпай тез ыргып туруп кетсе, ал кезекти алып оюнду улантат, эки жагындагынын бири кармап калса, ал «жазаланат» да, кайра ордуна отурат. Шакек салган оюнчу оюнду улантат.

«Эл таануу» китебинен

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.