Фольклор жыйноочу Буудайбек Сабыр уулу дүйнөдөн кайтты

Фольклор жыйноочу Буудайбек Сабыр уулу 78 жаш курагында кечээ, 24-апрелде саат 18дерде узак оорунун айынан дүйнөдөн кайтты.

Эскерте кетсек, Буудайбек ага акыркы убакта катуу ооруп, бир жылда эки жолу операцияга кабылган. «Баракелденин» «Мурас» аттуу долбоору Буудайбек аганын «Жомоктор жана жомокчулар», «Эл шайырлары» 40 жылдык эмгегинин эки томдугунун негизинде башталган эле.

АКИpress маалымат агенттигинин жалпы жамааты, анын ичинде кыргыз тилиндеги «Баракелде» сайтынын жамааты Буудайбек аганын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Агай мындан ары жаныбызда жок болсо да, анын жаркын элеси кылган жумушунда, талыкпас үзүрлүү эмгегинде дайым кала бермекчи.

Б.Сабыр уулу менен болгон маекти бул жерден окуй аласыздар.

“Баракелде”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.