Жорго салыш

Мелдешке жорго салдыруунун ыгын жакшы билген чоң кишилер катыша алышат.

Жашы 3 жаштан жогору бардык тукумдагы жорголор коё берилет.

Оюн өткөрүлүүчү аралык 2000 метрден 10000 метрге чейин болушу мүмкүн.

Оюн өткөрүлүүчү жер Оюн түз айлампада, түз жолдо, ипподромдо өткөрүлөт.

Оюнду өткөрүүнүн тартиби Оюнчулардын оюнга чыгуу кезеги чүчүкулак кармоо менен аныкталат.

Топтун башчысы оюнга катышуучулардын фамилиясын, туулган жылын жана кезек номерин көрсөтүп арыз берүүгө тийиш. Ошол эле арызда аттын туулган жылын жана тукумун көрсөтүү керек. Тукуму көрсөтүлбөгөн аттар «дайыны жок» деп жазылат.

Мал врачынын уруксаты болмоюнча атка мелдешке катышууга уруксат берилбейт.

Оюнда атты бир гана катышуучу алмашпастан минүү керек.

Оюнчулардын бардыгы өздөрүнүн топторунун бирдей спорттук кийимин, же оюн өткөргөн уюм тарабынан белгилеген кийимдерди кийүүгө тийиш.

Ар бир оюнчунун чучукулак кармагандан кийин калыстар тобу берген катар номери болууга тийиш. Ал эки колго чыканактан жогору же болбосо тердиктин эки жагына тагылат;

Оюн жүрүшүңдө аралыкты кыскартууга, ошондой эле башка оюнчунун атын камчылоого болбойт, Бул эрежелерди бузган оюнчулар, оюндан четтетилет.

Уруксат берилген жаңылуулардын саны (жоргонун басыгынан таюусу)

Жеңүүчүлөрдү аныктоо

1. Ар бир катышуучу оюнда чаап келгендеги орунуна ылайык упайларга ээ болот: биринчи келген бир упайга, экинчи келген — эки упайга, үчүнчү — үч упайга, ж. у. с.

2. Эгерде жорголор бир нече кезекке бөлүнүп чабылса орундар көрсөтүлгөн убакыт боюнча белгиленет;

3. Топтор арасындагы орун бардык оюнчулардын алган упайларынын санына жараша белгиленет.

«Кыргыз эл оюндары: /Анаркулов X. Н, Сурөтчүсү К. Молдоказиев», http://www.bizdin.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.