«Аптап» сынагы: Темирлик

Аптап

“Я чувствовал только, как бьют
у меня во лбу цимбалы солнца…”
А. Камю (“Посторонний”)

Ойно, Күн, ур. Башым сонун добулбас.
Меникиндей үнү катуу табылбас.
Добуштары асман-жерди жаңыртат.
Мээде кызык элестерди жаратат:
Көпөлөктөй качып менден көлөкө,
Күн нуру жаайт нөшөр жаандай көнөктөп,
Адамдыгың жуулат жаман боёктой.
Жарым жаның тирүү туруп тозокто.
Шоргологон чөлдөй ысык беттен тер –
Толкундарда жол издешкен кербендер.
Кадамдары мыктай мээге кадалат,
Окугандай узун ырды кайталап
“Ап-тап, ап-тап, ап-тап, ап-…”

Темирлик,
«Аптап» сынагына

Соц тармактар:

7 thoughts on “«Аптап» сынагы: Темирлик

  • 01.08.2011 at 22:40
    Permalink

    Темирлик, сиздин ыр менимче башка ырлардан айырмаланып турат. Турмушта такшалган, ак-караны ажыратып калган акыл-эси курч адамдын ыры. Озгочо салыштыруунуз: “Ношор жаандай коноктоп жааган кун нуру” жана “Толкундарда жол издешкен кербендей-терлериниз” -кутуусуз табылга. Негедир япондордун торт сап ырларын эске салат ырыныз. Ойчулдук менен терендик бар. Дагы жаны ырларынызды жарыялап турушунуз керек экен. Ийгилик сизге.

    Reply
  • 02.08.2011 at 07:38
    Permalink

    Темирлик, кечиресиз. Омар Хаямды окуп атып, япондордун уч сап ыры дегенди , торт сап деп жазып алган турбаймынбы. Чекилик менден кетти. Дагы бир жолу кечирим сурайм.

    Reply
  • 09.08.2011 at 17:50
    Permalink

    Mobu temirlik degen neme Temir aiylynan chykkan Jyrgalbek Kasabolotov baikenin ele ozu go haha.Juri bolup anan kaira synakka katyshkany emnesi botom.Men bul samuraidyn yr jazuu stilin bilem da…Myndai kylgan bolboit Jyke je meili oso berchi zamandashym!

    Reply
    • 09.08.2011 at 18:01
      Permalink

      Бир аз жаңылышасыз. Жюринин ырлары сынакка катышса да, сыйлыкка жетишпейт 🙂

      Reply
    • 10.08.2011 at 14:41
      Permalink

      Мен бул конкурска ыр берген эмесмин жана бербейм. Бул ыр меники эмес. Бирок авторун жакшы тааныйм. Кимдики экенин таап алгылачы? Жыргалбек Касаболотов

      Reply
    • 10.08.2011 at 14:44
      Permalink

      Бул ыр меники эмес. Мен бул конкурска ыр берген эмесмин жана бербейм. Бирок бул ырдын авторун жакшы тааныйм. Кана, ким деп ойлойсунар, тапкылачы авторун?

      Reply
  • 11.08.2011 at 20:46
    Permalink

    Менимче, Марат Токоевдин ыры?

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.