Акын Алик АКИМАЛИЕВ: “Акынды ый бузбайт, сый бузат”

Рамис  экөөңөрдүн чыгармачылыктан гана тапкан ырыскыга каниет кылып жашап жатканыңар башкы чыгармачыл адамдар үчүн үлгү болчу. Эч жерде иштебей  Алик деле жашап жатпайбы, демек чыгармачылыкка баш отуң менен киришиш керек, оокат эптеп өтөт деген тыянак чыгарчу элек да. Анан бир күн карасам эле ошол Алик мен чоң болчумун деп жазуучулар ко-шуунунун курултайында өз талапкерлигин коюп жатат. Сенин мындай жоругуңду көбүбүз  түшүнбөй калдык.
– Мен ал жерде сыноо үчүн гана койдум. Жазуучулардын өтө бечара, кембагал турмушта жашап жатканын карап туруп боорум ооруп, ошолорго жардам берейинчи, иштеген кандай болоорун көрсөтүп коеюнчу деген ой менен бардым ошого. Себеби, менин көзүм жетип турду,  жаңы жетекчилик шайлангандан кийин деле жазуучулар баягы эле таз кейпин кийип кала  берет. Жок нерседен үмүт этип, Кубат аке айткандай, пок нерсени талашып жатышат да.

Жаңы жетекчилер чү дегенде эле ээрге кыйшык отуруп алышты.  Миңдеген мүчөсү бар композиторлор, сүрөтчүлөр кошуунунда деле башкармалык мүчөлөрү 12-15 эле кишиден турат. Ал эми 350 жазуучусу бар биздин союзга 85 адам башкармалык мүчөсү болуп атат. 85 кишини эч качан пленумга чогулта албайсың, кворум болбойт. Бул беш жылга төраганын кол тийбестиги камсыз кылынды деген сөз. Президиумду да башкача түзүш керек болчу. Кеңеш кылып эле укукту берип салыш керек эле. Эми көрбөйсүңбү, көчө адабиятынын өкүлү келип профессионал адабияттын башына отуруп калды.

– Сен кошуунга мүчө болгонуңа жыйырма жылдан ашыптыр. Ушул мезгилдин ичинде ал сага эмне  берди?
Эчтеке берген жок.

– Анда андай кошуундун эмне кереги бар?
– Чыгармачыл кишилер топтолуп сүйлөшө турган бир жер болуш керек. Ал көпүрөнүн милдетин аткарышы керек болчу. Андай  милдетти аткарбай эле Салижан Жигитов айткандай, жем акыр болуп калды. Төрт –беш киши келип эле жеп кетип жатса. Же анын суроо-жообу болбосо, эч ким жоопко тартылбаса. Коркпой жүрөктөрү тоо экен деп койдум. Айрыкча Омор Султановдун жүрөгү тоо экен. Бирөөдөн 100-200 сом карыз болуп калсаң бергенче жаның чыгып кете жаздайт. Булар болсо акын башы менен өкмөттүн миллионун жеп камырабай басып жүргөнү таң ка-лаарлык.

Эми өзүңө келели. – Акыркы жолу качан чоң акча кармап көрдүң эле?
– Мен дайым эле чоң акча кармайм. Акча табуунун сырлары, булактары көп. Менин таяталарым чоң көпөс, соодагерлер болушкан. Ошондонбу, мен барган жердин баарында соода болот, акчага магнит бар го менде. Өткөндө бир жерге китебимди алып бардым. Эки бизнесмен экен. Бирөөсү тырышып  бербей жатат. Экинчиси чөнтөгүнөн долларларын сууруп чыгып, буларга бериш керек деп берип салды. Мен мурун эле күлөк-күлөк акча көтөрүп жүрчүмүн. ”Кыргыз рухунун” беш жылдык мааракеси болгондо бир күлөк акчаны ресторанга чачып ийгем.

– Аракты таштадыңбы?
– Ооба

– Канча болду?
– Көп эле…Чалынып кетип жаткан кездер болду, бирок тизгин тартканыма бир топ болуп калды.

Бирок чыгармачыл чөй­рөдө акынга  арак болбосо, аял болбосо кайдагы илхам деген түшүнүк бар эмеспи?
– Илхам келгени менен тез күйүп кетет турбайбы. Есенин күйүп кеткен, Алыкул күйүп кеткен. Табылды Муканов, Тургунбай Эргешов… Акынды ый бузбайт, сый бузат. Ый,  кайгы-муң кайра чыйралтат. Сый болсо түз жолдон чыгарат. Бир ичсе эле болду, ушинтсе боло берет турбайбы деп баары өзүнөн өзү калат. Мени деле бир топ азгырышты. Өзүмдү убагында токтотуп калдым. Кой дедим. Поэ­зия бир таарынса келбей да коёт.

– Есенинди идеал тутуп,  кел пивону ичеличи бочкалап деген  ырларды  жаздың эле…
– Ошондон кайттым да. Ошол кезде жазган ырларымдын көбүнө азыр  канааттанбайм. Жөн гана жазып койгон ырлар да. Бирок эл акыны деген наамы барлар да мен ошол жөн эле шилтеп койгондой ырларды жаза албай жатышпайбы. Китептерим кандайдыр бир керемет болуп эле чыгып кетип жатат. Алты китебим чыкты, интернет сайттарда, мисалы, www. Literature.kg. сайтында турат. Жөнөкөй адамдардын окуганы мага канат –бутак. Баланча ырыңды окудум десе жазгың, иштегиң келип калат.

Мисалы, борбордо Сагын Акматбекова, Туңгуч кичи районунда Шербет Келдибекова, Царское село тарапта Фатима Абдалова, Москва көчөсүндө Жолдошбек Зарлыкбеков бар. Башка облус,  райондордун да уучу кур эмес. Токтогулда Эркин Алымбеков деген акын бар. Ошол жердин апендиси,  мугалими,  акылманы да ошол.  Мен дал ошондой кишилерди  мүчө кылып, бир Пен-клуб түзөйүн деп жатам. Азыркы жазуучулар союзуна альтернатива кылып, тандалган акын-жазуучуларыбыздын кошуунун түзөт окшойм. Билет жазып берем, китептерин чыгарам. Менин долбоорум ошондой. Наам алып алган, сыйлык алып алган халтурщиктерди тааныбайм. Мен 54 жашымда араң Жоомарт Бөкөнбаев атындагы сыйлыкты алдым. Буга чейин мындай сыйлыктардын канчасынан баш тарттым. Эки жолу эмгек сиңирген ишмер наамынан, Алыкул Осмонов, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктан баш тарткам.

– Нааразылык иретиндеби?
– Алтымыш жашка чейин эч кандай сыйлык албайм деп чечкем. Себеби, сыйлык алгандан кийин көбү көөп, жазбай калышат. Мен дагы жазбай каламбы деп коркчумун.

– Өткөндө кайсыл бир гезиттен окуп калдым.Орто Азия республикаларынын ортосунда маданий иш-чаралар уюштурулбай, акын-жазуучулар бири-бири менен катташпай калгандыгынын кесепетинен түштүктөгү  кандуу окуялар чыкты деген ойду айтыптыр. Сен бул пикирге кошуласыңбы?
– Албетте, мунун чындыгы бар. Достук фестивалдары өткөрүлүп, акын-жазуучулар ыр окушса, чыгармалар бири-биринин тилине  которулса,  бир тууган, тили, дини бир элдердин ортосундагы ынтымак чыңдалмак. Саясатчылардын жыйырма жолугушуусунан  акын-жазуучулардын бир жолку сапары үч эсе таасирдүү болот.

– Өзүң азыр ода жазбай калдыңбы? Майрам эжеңдин жакшы эле үзүрүн көрдүң окшойт?
– Үзүрүн деле көргөн жокмун. Редакциялар тапшырма  бергенинен аткарып, көңүл үчүн  жазып  койгом. Бир тыйын алган жокмун.  Начар адамдар экен да. Болбосо чыккандан кийин чакыртып, үй берип, машина берип, ырларыбызды башка тилдерге котортуп койсо болмок.

Мамат САБЫРОВ, “Кыргыз туусу”, 08.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.