Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова: “Кош бойлуу кезимде бешикти тепкенимди арман кылам”

Кыргыздын дөө-шаалары элестерин калтырып кеткен керемет кинолорубузда ажайып образдарды жаратып, ар бир кыргыз кулунунун жүрөгүнө сиңген, ошол эле өтүп кеткен дөө-шааларыбыздын бириндей болгон, соңку кездери көбүнчө кыргыз эненин образын көп жаратып аткан актрисабыз – Жамал Сейдакматова. Жамал эже бүгүн дагы жөн жатпай шакирттерин таптап, кыргыз искусствосуна өз салымын кошуп жаткан учуру.

– Жамал эже, аптаптуу жай күндөрүн кандай өткөрүүдөсүз?
– Көлдүн жээги көздөн учуп, аптапка карабай катуу иштеп жаткан учурубуз. Жай күндөрү мынчалык иштечү эмес элем. Жай айлары кандай өтүп кеткенин дагы билбей калдым. Басма сөзгө биринчи жолу сырымды ачып олтурам. Колумдагы студенттерим менен Воронцовкадан жогору тоо этегине барып бир ай, бир жума дегенде “Чоң-эне менен небере” туурасында толук метраждуу фильмди тартып аягына чыгардык. Бир айдан бери монтажы жасалып бүтүп калды. Эми үнүн жаздырабыз. Колумдагы 13 студентим менен 8-августта Кытайга эл аралык фестивалга аттанганы турабыз. Жакында эле президентибиз Роза Отунбаева өзү келип, биздин сахнадагы оюнубузга күбө болуп кетти. Өзүмдүн чыгармачылык кечемди өткөрөйүн деп ошого даярдык көрүүдөбүз.

– Кыргыздын керемет фильмдеринде, спектаклдерде түрдүү аялзаттарынын образдарын жараттыңыз. Ошол образдардын ичинен жүрөгүңүзгө жакыны, сиздин тагдырыңызга окшошу кайсы образ?
– Дүйнөлүк классиктердин чыгармаларынан тартып, “Манаста” Манастын жары Каныкейдин, “Ханышанын көз жашында” Курманжан датканын, деги койчу, актрисалык өмүрүмдө сансыз образдар жаралды. Бирок ролдорумда эле конфликттин үстүндө жүрүп, образдарда жашабасам, жеке жашоомдо баарына эле макулмун. Мүнөзүм чатак эмес. Жүрөгүмө жакканы жакынкы убакта кыз режиссерлордун кыска метраждуу көп фильмдерине роль жараттым. Ошолордун ичинен “Жаандагы ыр” деген кыска метраждуу фильмдеги ролум. Түгөлбай Казаковдун жамгыр ыры сыздап турат. Бул фильмде айтканынан кайтпаган көк бет аялдын айынан бир адам мерт болот. Бул мен үчүн башкалардан айырмаланган өзгөчө роль болду.

– Азыркы учурда Шекспирдин чыгармаларындагы, сиздер жараткан “Махабат баяны” мюзиклиндеги сюжеттерди турмуштан жолуктуруп жатасызбы?
– Бул чыгармалардагы сюжеттер эч качан эскирбейт. Андагы окуялар, түркүн мүнөздүү каармандар улам жаңы муундан кезигише берет. Сүйүү үчүн өзүн-өзү өлтүрүү, байлык жана бийлик үчүн жакын адамдарын сатуу, ыйманын сатуу, ушунчалык пастыкка, көрпендечиликке баруу, сүйүүсүн байлыкка алмаштыруу – мунун баары турмушубузда күнүгө кайталанып жатпайбы. Кээ бир ата-энелерди көрүп ушунчалык жүрөгүм муздайт. Кызым ушундай бир бай жерге, бардар жерге барды деп мактанышат. Ал эми чүрпөсүнүн канчалык бактылуу экендиги аларды ойлондурбайт.

– Азыр рухий дүйнөбүз какырап-какшып турат. Рухий ачкачылыкты кубалап кантип тоюнабыз?
– Бул эки жерде экиң төрт дегендей эле нерсе. Жаным ачыйт. Ичимден кейийм. Азыркы муун китеп окубаса, театрга барбаса кайдан рухий азык алат. Айтматовду бул ким эле деп сураган жаштарды жолуктуруп чочудум. Көргөндөрү интригага толгон сериалдар, мушташтар, ужастар. Бул муундар жан дүйнөңдү ыйлаткан, ырдаткан канча деген ырахаттан куру калып жатышат. Көп китеп окуган адамдын, Чайковскийдин, Бетховендин классикалык симфонияларын угуп, эмне деген керемет пейзаждарга суктанган адамдын жүрөгү жумшак болот. Ал эч качан жаман ишке барбайт.

– Ушундай улуу актрисанын башынан улуу сүйүү өткөндүр?
– Менин улуу сүйүүм азыр менин неберелерим. Бир уул, бир кызыбыздан беш неберебиз бар. Ушуларды көргөндө эле ичим элжиреп, бир башкача сезимге дуушар болом. Аларды эстеп сагынганда көзүмө жаш тегеренип кетет. Анан улуу сүйүүм – үй-бүлөм. Жаш курактагы жалындаган сүйүүм тууралуу элге жарыялап, купуя сырларымды ачкым келбейт. Бул куракка келгенче дагы ачкан эмесмин. Балким, көзүм өткөндөн кийин балдарым жазып чыгараар.

– Анда азыр улуу сүйүүңүз неберелериңиз менен жолдошуңуз Садыр байке турбайбы?
– Жаш өткөн сайын сүйүү сезими боорукердикке өтөт экен. Биз бири-бирибизди аяп, алыска кеткенде ачка калгансып кейиште күн кечирмей. Садыр экөөбүз бирге түтүн булатканга 27 жылдай болуп калыптыр. Канчалык узакка бирге өмүр сүрсөң, ошончолук жакын адамыңа айланат экен.

– Сиздин дагы жүрөгүңүздө армандар барбы?
– Армансыз адам бар дейсиңби, кызым. Арманым ата-энемди көп эстейм. Бала болуп ошолорго көп пайдамды тийгизбей калдымбы деп кейийм. Ата-энең сени ойлосо, сен өз балдарыңды ойлоп кетет экенсиң. Бирок атамдын атына жаман сөз тийгизген жокмун. Бекин деген абдан таланттуу иним бар эле, ошонун таланты ачылбай эрте өтүп кетти. Ошого арман кылам. Жаш кезимде “Ак боз ат” спектаклинде эрке аял Эркайымдын образын жаратып жатып, бешикти тээп жибердим. Өзүм ошондо кош бойлуу элем. Айым күнүм жакындап калган. Бешикти тээп алып, кечирээк ойлонуп калганыма абдан өкүнгөм. Эртеси күнү эле ичимден суу кетип, баламды жоготуп алдым. Ошого арман кылам.

– Канча суулар акты. Канча аялзаты болуп кубулдуңуз. Бакыттын ачкычын таптыңызбы? Аялзатынын бактысы эмнеде?
– Аял деген жакшы түгөйгө жолукса оңой менен картайбайт. Узак жана бактылуу өмүр сүрөт. Ачкычы ошол балам. Анан дагы коомго аралашып, эмнеге шыктуу болсо ошону элге арнаш керек. Кудай үн берген ырчы болсо созолонуп ырдаш керек. Жүрөгүндө муза толкуп-ташып турса аны жазыш керек. Ал бир, балким, сахнанын чебер актрисасыдыр. Талантты кулпулабаш керек.

– Сахнада кайталангыс актрисасыз. Ашканада кандай аялсыз?
– Ашканада андан ашам. Ха-ха (күлүп), мен тамакты жасап баштап коюп тексттеримди жаттап, образга кирип кетем. Бир жолу тамакка туз салам деп кумшекер салып коюпмун. Анан даамын оңдойм деп туз салдым. Ошону менен андан аркысын ойлой бер кандай тамак болгонун.

– Маегиңизге рахмат.

Маектешкен Жамиля Таштанбекова, «Де Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 04.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.