Найза ыргытмай

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн талаада өткөрүлөт,

Оюнда жыгачтан жасалган найзалар колдонулат.

Оюнга даярдануу: Узундугу 15—20 м., ээни2—3 м. келген өткөөл (коридор) жана өткөөлдүн акырына сызык сызылат. Андан кийин оюнчулар оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны: Оюнчулар  кезектери келгенде, бирден колдоруна найзаларын алышып, өткөөлдө бир аз күүлөнүп жүгүрүшкөндөн кийин, туурасынан сызылган сызыкты тепсебей туруп «найзаларын» алыстыкка ыргытышат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. «Найзаны алыстыкка ыргыткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрү. Бакан ыргытмай, уук ыргыт* май, күрөк ыргытмай, илип ыргытмай.

Оюндун эрежеси. Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, талаада турууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктикке тарбияланат, ыргытуунун ыкмаларын үйрөтөт.

«Кыргыз эл оюндары: /Анаркулов X. Н, Сурөтчүсү К. Молдоказиев», http://www.bizdin.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.