«Аптап» сынагы: Бакыт Жунусалиев

Теректен кар жаап

Короодо түндү качырып,
Корозго таңды чакырып.
Башкача келди ушул жай,
Басыгы чаңды сапырып.

Кыналып өскөн жаздагы,
Кызгалдак гүлүн таштады
Кыздардын чыгып чырайы,
Кыскарды көйнөк, чач дагы.

Таманда баскан чаң ысып,
Тамырда соккон кан ысып.
Талыкшып жатат шаар ичи,
Табына күндүн баары ысып.

Тердетип турса ысык жай,
Теректен кар жаайт кызыктай.
Күн сүйгөн бети кызарып,
Күбүлөт жемиш бышып жай

Көңүлдүн дартын белгилеп,
Көл жактан муздак жел жүрөт.
Толкундан чыккан көбүктөй,
Толтуруп жээкти эл жүрөт.

Суусуна бурган ал муздап,
Суугатчы жүрөт жалгыздап.
Табынан Күндүн качалбай,
Талаада турат жалгыз бак.

Үн катпай куштар бактагы,
Үлп эткен жел жок чакта бу.
Кепшеген уйдай керилип,
Кебелбейт жайдын аптабы.

Бакыт Жунусалиев,
«Аптап» сынагына

Соц тармактар:

4 thoughts on “«Аптап» сынагы: Бакыт Жунусалиев

  • 23.08.2011 at 11:41
    Permalink

    Укмуш ыр! Башкалардыкынан озгочолонгон салыштыруулар… Ары жонокой, бирок ошол эле учурда окурманга абдан жеткиликтуу жазыган экен. Озгочо:

    Тердетип турса ысык жай,
    Теректен кар жаайт кызыктай.

    дегени сонун экен.
    Чындап эле, жаз бутуп жай келгенде теректин улбуроктору жерди каптап кар жаагандай корунушту берет эмеспи?

    Кыналып өскөн жаздагы,
    Кызгалдак гүлүн таштады
    Кыздардын чыгып чырайы,
    Кыскарды көйнөк, чач дагы…

    Бахх! Чиркин! Ыр эмес бекен?

    Reply
  • 23.08.2011 at 15:35
    Permalink

    Super!

    Кыздардын чыгып чырайы,
    Кыскарды көйнөк, чач дагы.
    hehe
    Jaydin butposhun tilep kettikk go :))
    Daana jazyp koiupsun. Azamat!
    Dobush koidum saga.

    Reply
  • 26.08.2011 at 00:26
    Permalink

    Бакы дале болсо басыгындан жазбайсын дос.Тимеле тизмелеп, кынаптап жазыпсын баа бердим.Ийгилик дос алга алга жана алга!

    Reply
  • 27.08.2011 at 18:42
    Permalink

    Jakschy jazypsyn. Salyschtyruun kuchtuu eken. Murda-kiyin atyndy dele ukpaptyrbyz. Emi chygaryp tur yrlaryndan. Birok synaka az adam katyschkany okunuchtuu. Kop katyschsa kyzyktuu bolmok.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.