Бишкекте чоң айтыш фестивалы болуп өттү

27-28-август күндөрү Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына, Курманжан Датканын 200 жылдыгына арналган Республикалык төкмө акындар айтышы болуп өттү. Айтышка тандоо айлампасынан өткөн 16 акын катышты. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын 20 жылдыгын жана Курманжан Датка жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция, Республикалык “Айтыш” коомдук фонду уюштурду.

Айтыштын жыйынтыгында төкмө акындардын арасында баш байгени Аалы Туткучев алып, Жеңишбек Жумакадыр биринчи орунга, Азамат Болгонбаев экинчи орунга, жаш төкмө Бейшенов Кадырбек үчүнчү орунга ээ болушту. Айтыштын финалына катышкан бардык төкмөлөргө кызыктыруучу сыйлыктар берилди.

Калыстар тобунун мүчөлөрү бир ооздон айтыш өнөрүнүн деңгээли мурдагыдан кыйла өсүп калганын белгилешүүдө.

Жолдош Жусупов, «Кабар» МА, 29.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.