Театрлар таймашынын алгачкы беттешүүсүнүн мыктысы аныкталды

Театрлар арасындагы сынак сахнага коюлуп жаткан чыгармалардын сапатын жакшыртууга багытталган. Мелдештин бардык айлампасын жеңип чыккан театрга бир миллион сом байге берилет.

Кыргызстанда биринчи ирет өткөрүлгөн театрлар таймашында “Учур” театры менен ат салышкан Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театры жеңишке жетишкенин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Демилге театрлардын маанисин жана коюлуп жаткан чыгармалардын сапатын жакшыртуу максатында сунушталган.

“Кийинки таймаш 11-мартка белгиленип, анда Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театры менен Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры беттешет”, – деп билдиришти министрликтен.

Таймаштын бардык айлампасынан жеңип чыккан театрга бир миллион сом байге каралган.

Мелдешке Кыргызстандагы театрлардын баарынын катышууга укугу бар. Катышуучулар драма, трагедия жана комедия жанрында 10 мүнөттүк үч чыгарма даярдашы зарыл.

Sputnik, 28.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.